Алмазбек Атамбаев: «МЕН ҮЧҮН АБДАН ООР 6 ЖЫЛ БОЛДУ»


Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда журналисттер үчүн кенен маалымат жыйын курду. Бул жыйын Атамбаевдин президент катары акыркы берген маалымат жыйыны болду. Жыйындын жүрүшүндөгү урунттуу учурларга токтолобуз.

«МЕНИН ЖООПТОРУМДУ САГЫНАСЫҢАР»

– Силер билесиңер, Алмазбек Атамбаев дайыма ачык жооп берет. Жаңы президент жана премьер-министр башка адамдар. Алар дипломатиянын өкүлдөрү. Бирөөсү абдан профессионалдуу дипломат. Силер дайым мени айткан жоопторум үчүн сындап келгенсиңер. Эми ушундай жоопторду сагынышыңар мүмкүн.

«СЫЛЫКТЫК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО КЫЙЫН БОЛДУ»

– Мен, албетте, Макиевелли өңдүү философторду кабыл албайм. Билем, көп саясатчылар анын сөздөрүн мисалдап айта беришет. «Тил адамга өз ойлорун жашыруу үчүн берилген» деген сөз бар. Мен дайыма тескерисинче кылам. Кандай болсо ошондой айтам. Менимче, адамдар менен болобу, өзүң менен болобу, бардыгы ачык-айкын, адилет болуш керек. Кууланбай жашаганда жашоо жеңилирээк болот. Бирок эми президент катары сылыктык эрежелерин сактоо керек. Бул мага абдан оор болду. Себеби мен эркин кишимин...
Албетте, элдик даанышмандык деген бар. Бирок аны айтсаң "Атамбаев адабий тил менен сүйлөбөй жатат" деши мүмкүн. Ошондуктан мен өзүм ала келдим. Мен Ярослав Гашекти жакшы көрөм. Анын «Тың жоокердин окуялары» ("Похождения бравого солдата") деген чыгармасы абдан жагат...
...Казакстандын урматтуу президенти мага жооп кайтарбай жатат. Анткени айта турган эч нерсеси жок. Бирок өзүнүн денщиктери аркылуу (ред.: офицерлер жеке иштерине жумшап турган жоокер. 1917-жылдан кийин андайлар жоюлуп кеткен) мага жооп кайтарып жатат.
Мен атайын китепти ала келдим. Антпесе "Атамбаев дагы адабий тил менен сүйлөбөй жатат" деп айтышат. Китепте мындай деген жери бар: «Швейк бир полкто өз офицерин өтө сыйлаган жана анын айткандарынын бардыгын аткарган денщик бар экенин айтып баштады. Ал денщиктен "офицеринин буйругу болсо, анын бир кашык заңын жейсиңби?" деп сурашат. Ал болсо "эгер лейтенант мырза буйрук берсе жейм. Болгону анда кыл-пыл болбошу керек. Анткени мен андайдан өтө жийиркенем" дейт»...
Казакстандын спикери, өкмөт башчысы... Эми булар денщиктер... Аларга башчысы буйрук берсе, эң башкысы «кыл-пыл» гана болбошу керек.

«ЖЭЭНБЕКОВ ТУУРА ЭМЕС ЖОЛГО ТҮШСӨ ӨЗҮНҮН ШОРУ»

– 15-октябрда ким президент болорун чынында билген эмесмин. Чынында, Кудай сактады. Бабанов келсе ал башкармак эмес да. Утемуратов-сутемуратов дегендер башкармак. Ошондуктан сактанганды Кудай сактайт деп былтыр референдум өткөргөм. Азыркы Баш мыйзам менен эч ким ажыдаарга айлана албайт.
Негизи мен Сооронбай Жээнбековго ишенем. Кимиси гана сатпады, ал болсо дайыма жанымда түз жүрдү. 22 жыл бою. Кыйын кырдаалда жанымда болду.
Ал бышып-жетилип калды. Сооронбай Жээнбеков туура эмес жолго барбайт деп ишенем. Эгер барса, анда өзүнүн эле шору. Азыр бизде эл да, Конституция да башка.

«БАБАНОВ ШАЙТАНДЫК КЫЛБАСА УТМАК»

Бабанов, Исаевдерге иш козголду. Эми Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүн уктуңар. Аны мен сүйлөткөн жокмун, башка бирөө сүйлөткөн жок. Кыргыздарга барганда ак калпагын кийип алып Манас жөнүндө сүйлөйт. Он-Адырга барганда уктум эмне деп сүйлөгөнүн.
А «бабаноиддерди» көрдүм мен. 300 «бабаноид» чыгып алып Манас атабыздын сөзүн окутпай коюшту. Мен чынында Бабановду аяп жатам. Келечеги чоң жигит болчу. Акчага сатылбай, өз мамлекетине каршы чыкпай, түз кете берсе башкача болмок...
Коңшу президентке барып чөгөлөбөй, шайтандык кылбай, сатылбай түптүз эле кете берсе утмак, ачык айтканда. Рейтинги башынан ашмак. Өз элине каршы чыкканда Кудай эле урду. Максимчик, Айдарчиктердин вирусу жуккан окшойт, тилекке каршы.

«ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ, МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ...»

– Албетте, парламентти сындайм. Анткени бул 6 жылда өнүгүүгө парламент көп тоскоол болду. Ошол эле темир жолду насыяга кура берүүгө болмок. Бирок Жамалдинов өңдүү депутаттар "эмнеге жол курганга насыя алып жатабыз?" деп жатат. Таптакыр алысты көрө албаган, сабатсыз адамдар чогулуп алышты. Баары эмес, албетте, бирок көпчүлүк бөлүгү. Же болбосо, мисалы, эң бай 3 тегирменчи отурат. Алардын айынан бюджетке миллиард сомго чукул каражат түшпөй калат. Болгондо да грант. Бул, албетте, кубандырбайт да.
Бирок мен парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүгө каршымын. Өз мөөнөтүндө эле шайлоо болгону жакшы. Биз башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу парламентти 4 жылга шайласак деп ойлойм. 5 жыл парламент үчүн көптүк кылат.

«МӨҢГҮЛӨР ТУУРАЛУУ»

– Мөңгүлөр боюнча мыйзам мага келип түштү. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөп жатып мен "мөңгүлөр "Кумтөрдүн" айынан эрип жатат" деп айткан эмесмин. Мөңгүлөр климаттын айынан эрип жатат.
Экинчиден, мен бүт кагаздарды карайм. Керек болсо эски маалыматтарды көтөрүп чыктым. Мисалы, «СССРдеги мөңгүлөрдүн каталогу» деген бар экен. Кыргызстанда 6771 мөңгү бар деп турат анда. Эми Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү. Ошол 6771дин экөөсү жөнүндө сөз болуп жатат. Эки мөңгү тең 23 жыл мурун жайланып баштаган. Ошол кезде эмнеге эч ким унчуккан эмес? Бирок, албетте, мен бардыгын карап чыгам, анан кол коём. Мени 6771 мөңгүнүн экөөсү коркуткан жок. "Кумтөргө" барып көрсөңөр уу-калдыктары сакталган кичи көл жатат, ошого тынчсызданып жатам. Ошондуктан "Центерраны" ошол жерге "тазалап кеткиле" деп байлап койбосок болбойт. Биз "Кумтөрдү" иштетип, экологиялык шарттардын аткарылышын талап кылышыбыз керек. «Центерра» азыр экологиялык чегерүүлөрдү он эсеге көбөйттү. Дагы көбөйтүү керек. Азыр айрымдар «Центерраны» кууп чыгыш керек» дешет, бирок кууп чыксак мөңгүнүн калганы калат, анан ага кошуп уу-калдыктар чогулган көл калганы жатпайбы. Андан көрө иштесин, экология үчүн да жооп берсин!
Мен, албетте, документти дагы карап чыгам, ойлонуп анан чечим кабыл алам.

«КАЗАКСТАН МЕНЕН МАМИЛЕ – КЕЛЕЧЕККЕ САБАК»

– Ачык айтканда, Казакстан бизди блокадага алды. "Бизди эмне өлтүрбөсө, ошол күчтүү кылат" деген сөз бар. Биз мындай тоскоолдуктардан күчтөнө беребиз. Жыйынтыгында бардык жүктөр өтүп жатат. Айдоочулар гана узун кезекке туруп калып жатышат. Аларга тамак-ашын, медициналык жардамды камсыздап жатабыз. Дагы бир миллион сом бөлсөмбү деп жатам.
Мен келечекке жакшы сабак бердим деп ойлойм. Алдыдагы шайлоолордо биздин коңшуларыбыз ички иштерибизге аралашардан мурун терең ойлонуп калышат. Азыркы абалда Казакстан көбүрөөк зыян тартып жатат деп эсептейм. Биз күчтүү гана болобуз мындан.
А Казакстанда бардыгы болуп кетиши мүмкүн. Мен Кудайга ишенген адаммын. Жол тосуу, көпүрө талкалоо – бул чоң күнөөлөрдүн бири.
Бирок мен ишенем, кырдаал жөнгө салынат.

«КҮЧТҮҮ БОЛСОК МАСЕЛЕЛЕР ЧЕЧИЛЕТ»

– Өзбекстан менен чек аранын 85 пайызы такталып бүттү. 15 пайызы калды. Алдыда дагы узак сүйлөшүүлөр орун алат. Казакстан боюнча бардыгы чечилген. Болгону айланып өтүүчү (обьездной) жолдогу 800 метр такталбаган жер бар. Негизинен 800 метр эмес, 8 миң гектар жерлер Казакстанда бош жатат болуш керек. Бирок казак башчысы ошол 800 метрсиз жашай албайт окшойт. Бирок биз ал жерге жол салуубуз керек. Ал жакты жаап коюу аракети болгон. Биз аны ачыктаган эмеспиз.
Тажикстан боюнча чек аранын жарымын тактап бүтүп кол коймокпуз. Экинчи жарымын да биз биринчиде колдонулган шарттар менен тактайбыз деп жатсак, тажик тарап башка шарттарды сунуштап баштады. Тажик президентинин жанындагы кишилер аны ошондой кылууга ишендирип алышыптыр. Жарымы башка шартта, кийинкиси башкача болгон келишим жарабайт да.
Демек, биз күчтөнүшүбүз керек. Күчтүү болсок мындай маселелер чечилет.

«6 ЖЫЛДАГЫ ООР ЧЕЧИМДЕР»

– Оор чечимдер абдан көп болду. Ошол эле Өзбекстандын мурунку башчысы шантаж кылып жаткан учурда мен деле Акаевдей, Бакиевдей барсам болмок. Элге рахмат, 9 ай чыдады, газы жок.
Эгемендүү Кыргызстан үчүн башыбызды курмандыкка чалганга даяр болуубуз керек. Анан эгер бир саясатчыбыз барып сатылып жатса, демек, ал Абыке, Көбөштүн урпактары. Бирөө бакылдап жатпайбы "баарыбыз Манастын тукумубуз" деп. Мен үчүн ошол Акаев, Бакиев, Бабанов эч качан Манастын урпагы боло албайт. Бул Абыке, Көбөштүн урпактары.
Ошол эле Данияр Нарымбаев боюнча чечим оор болду. Азыр чындыгында дос-тууган да азайды. Абдан оор 6 жыл болду.

«ТӨРАГА, ӨКМӨТ БАШЧЫ БОЛОЮН ДЕГЕН ОЮМ ЖОК»

– Эми кадрдык саясатка аралашпайм. Мен бул жумуштан ушундай чарчадым. Менин кеңешиме, байланыштарыма президент, премьер-министр муктаж болот болуш керек деп ойлоп жатам. Себеби көптөгөн ири өлкөлөрдүн президенттери менен менин жекече достук мамилелерим бар. А негизи мен инаугурациядан кийин 1-2 жумага эс алып келем деп үмүттөнүп жатам. Албетте, "кетпей, жаңы президентке кеп-кеңешиңизди айтып туруңуз" деп жатышат.
Кийин өзүм парламенттин төрагасы же өкмөттүн башчысы, депутат да болоюн деген оюм жок. Бирок №1 болушум мүмкүн. Анткени эл мага ишенет экен. Мен муну жер-жерлерди кыдырып жүрүп байкадым. Ошондой эле социал-демократтардын тизмесин карап чыгышым керек. Мен мурунку шайлоодо көп маани бербей койдум эле, бул үчүн көп учурда өкүнгөн учурлар болду.
Менимче, парламент башкача болуш керек жана социал-демократтар депутат кандай болуш керектигине үлгү болсо дейм.

«БААРЫҢАРГА РАХМАТ»

– Урматтуу журналисттер, мен кээде катуу айткан болсом, кечирип койгула. Ушул мүнөзүмдү оңдой албай койдум. Кийинки президенттер мага караганда дипломатиялуу болушат деп үмүттөнөм. Кээде эмоцияга алдырып коюп жатам. 6 жыл ичинде кимге катуу айткан болсом кечирим сурайм. Биринчи күндөрдөн тартып мамлекеттин байлыгы өз алдынча ойлоно алган адамдар экенин айтып келгем. Бизде чиновниктер коомдун пикири менен эсептешип жатканы негизги жетишкендигибиз деп эсептейм.
Аман болгула, көп жашагыла, бактылуу болгула! Баарыңарга рахмат!

«Дача-СУда кулаган учактагы алтындын ээси Раиса Атамбаева экен» деген ушактардан кийин жубайым жарым жыл тамчылатма дары алып жатты. Азыр менин президенттик мөөнөтүм бүткөнүнө аябай кубанып жатат".


Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан