Эгер бош убактыңызда лаваш бышырып муздаткычка сактап койсоңуз, каалаган убакта андан даамдуу тамактарды даярдай аласыз. Кантип дейсизби? Ал үчүн алгач жумшак, жука лавашты жасоону үйрөнүшүбүз керек. Кеттик анда...
АРМЯН ЛАВАШЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 300 грамм
Суу – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз
1. Буудай унунан өтө катуу, өтө жумшак кылбай камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгын 1-2 миллиметрдей кылып жука жаябыз да, түбү калың, какшыган көмөч казанга эки бетин кактап бышырып алабыз. Күйгүзүп алуудан абайлаңыз!
3. Бышкан ысык лаваштын үстүн ным чүпүрөк менен жаап коюу керек. Муздаган кезде целлофан баштыкка салып муздаткычта 3 күнгө, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө 6 айга чейин сактоого болот.
ЛАВАШКА ОРОЛГОН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык – 250 грамм
Лаваш – 2 даана
Лимон – 1 даана
Пияз – 2 баш
Петрушка – 6-7 талча
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Каймак май – 100 грамм
Татымына жараша туз, мурч, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты кылканынан тазалап, ширеңкенин кутусундай көлөмдө кесимдерге бөлөбүз.
2. Пиязды, петрушканы жана лимондун кабыгын аарчып майда туурап же сүргүчтөн өткөрүп алып, өсүмдүк майын, татымына жараша туз, мурч, калемпир кошуп аралаштырабыз.
3. Даяр болгон аралашманы балыктын үстүнө салып аралаштырып, 30 мүнөткө муздаткычка салып тыныктырып коёбуз, башкача айтканда, маринаддайбыз.
4. Лавашты 6х18 сантиметр өлчөмүндө, тик бурчтук формасында кесип, бетине каймак майдан сүйкөйбүз. Эми буга маринаддалган балыкты салып оройбуз. Эскертүү! Маринад үчүн тууралган пияз, петрушка, лимон кабыгы балык менен кошо оролот.
5. Жумуртканын сарысын бөлүп алып, оролгон лаваштын бетине сүйкөйбүз да, электр мешинин табасына салып, 180 градуста 20-25 мүнөт бышырып алабыз. Рулетибиз даяр!
БУРИТТО
Керектелүүчү азыктар:
Капуста – 100 грамм
Бадыраң – 1 даана
Краб таякчалары – 100 грамм
Лаваш – 1 даана
Майонез – 2 аш кашык
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Капустаны ичке туурап алып, татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
2. Бадыраңды жука, тегерек формада туурайбыз.
3. Краб таякчаларын таңгагынан чыгарып, узатасынан 5-6 бөлүккө бөлөбүз.
4. Лавашты тең ортосунан экиге бөлүп, ортосуна майонезди сүйкөйбүз (чет жактарынан 2 сантиметрдей калтыруу керек). Эми лаваштын бетине капустаны, анын үстүнө краб таякчасын, бадыраңды салып, четтерин кайрып конвертке окшоштуруп оройбуз. Лаваштан жасалган нанүштөбүз даяр!
ЛАВАШ ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар:
Лаваш – 4 даана
Каймак – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Быштак – 300 грамм
Сыр – 150 грамм
Укроп же петрушка – 1 тутам
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Быштакка сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана майда тууралган укропту же петрушканы кошуп аралаштырабыз.
2. Лаваштарды жайып бетине аралашмадан тегиз себелейбиз да, оройбуз.
3. Электр мешинин табасынын ичин майлап же пергамент кагазын төшөп, лаваштарды үлүлдөй кылып ороп салабыз.
4. Эки чийки жумуртка менен каймакка татымына жараша туз кошуп аралаштырып, лаваштын үстүнө куябыз да, 180 градуста ысып турган электр мешине пирогду бети кызарганча бышырып алабыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg