ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 27-ноябрдан 3-декабрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Жашыруун иш-аракеттерди ийгиликтүү алып барасыз. Анын натыйжасында каржы жагы да жаман болбойт. Шаршембиден тарта жубайыңыз жана башка адамдар менен алака кылууда токтоо болуңуз. Тирешүүлөр болуп кол көтөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Башыңызды сактаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Адамдар жана айрым кичи ишканалар менен жакшы тил табышасыз. Келечектүү каржы темалары талкууга алынат. Жуманын экинчи жарымында жумушта сак болуңуз. Катуу айтышуулар же аргасыз жүгүрүп иштөөлөр күтүлүүдө. Ден соолукту унутпаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кесиптештердин сый-урматына ээ болосуз. Диагнозду тактатуу үчүн да эң жагымдуу мезгил. Сүйгөнүңүзгө жана балдарыңызга аяр мамиле жасаңыз. Алар менен бирге айрыкча достор чөйрөсүнө барбаңыз. Кызганычтан улам абал мушташка чейин жетиши мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй-бүлөдө, чыгармачылыкта, сүйүүдө да жолуңуз болот. Өзүңүздү бактылуу сезесиз. Бирок аптанын экинчи жарымында ойгонууга туура келет. Үйдөгү электр жабдууларын, от жакчу мештерди текшерүүдөн өткөрүңүз. Өрт чыгуу же кайсы бир кырсыктын болуу ыктымалдуулугу жогору.

АРСТАН (23.07-23.08)
Үй-бүлө, каржы көйгөйлөрү эң жакшы чечилет. Алыстагы туугандардын же сыйлуу коноктордун келиши күтүлүүдө. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда акырын жүрүңүз, сиз үчүн өтө кооптуу мезгил. Түнү жүрбөңүз, чоочун адамдардан оолак болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жолго чыгуу, унаа алуу маселесин шаршембиге чейин чечип үлгүрүңүз. Бир туугандар менен алака кылыңыз, жаман болбойт. Бейшембиден баштап акча жаатында талаш-тартыш жүрөт. Жолдо жүрүүдө, телефондо сүйлөшүүдө ачууга алдырбаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичинде колуңузга акча тиет. Бул акчалар сиздин элге берген карызыңыз же маянаңыз болушу мүмкүн. Бейшембиден тарта дипломаттуу мамилени колдонуңуз. Антпесеңиз ачууңузду катуу келтирген жагдайларда өзүңүздү кармоо кыйынга турат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ийгилик, оомат дагы да болсо сиз тарапта. Сүйгөнүңүздүн, балдарыңыздын ийгилиги, чыгармачыл талантыңыз эргүү алып келет. Жакынкы 7-8 күндө азыраак санда лотерея билетин алып көрүңүз. Шаршембиден баштап душмандардан сак болуп, ден соолукка көңүл бөлүңүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Негизги деп саналган жумуштарды жалгыз аткарсаңыз жыйынтыгы жаман болбойт. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү да оң жагына чечесиз. Достор, кесиптештер, балдарыңыз менен аяр мамиледе болуңуз. Бут тосуулар күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул күндөрү сиз күткөн үмүттөрүңүз орундалат. Ал үмүттөрдү орундатууда колдоону достор, айрым мекемелер тараптан издеңиз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен тирешпей, жетекчиликтин көзүнө илешпей турганыңыз оң.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сиз бул жумада кадырлуу адамдардын колдоосуна ээ болосуз. Каржы маселеси оң жагына чечилет. Бул таасирлер кийинки аптада да уланат. Алыскы жолго чыксаңыз абайлаңыз. Сиз үчүн өтө кооптуу учур. Таасирдүү адамдардын агрессиясынан сак болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бөтөн шаардык адамдар, дин, мыйзам өкүлдөрү менен алгылыктуу иш алып барасыз. Сый-урматка ээ болосуз. Каржы, аманат жаатында так болуңуз. Чыр чыгышы мүмкүн. Кумарга берилбеңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан