HI-TECH NEWS

КЫТАЙ SKYPE’СЫЗ КАЛДЫ

Аталган тиркеме App Store жана Google Play системдеринен өчүрүлдү. “Apple” компаниясынын Кытайдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери бул боюнча “The New York Times” басылмасына “Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги жарандардын интернет аркылуу бири-бирине үн билдирүүлөрдү жөнөтүүсү мыйзамга каршы келет деп өчүрдү” деп билдирген. Бул мыйзамдын негизинде App Store’дун артынан Android системинде да аталган кызмат өчүрүлдү. Эске салсак, буга чейин Кытай Эл Республикасы Facebook, Twitter өңдүү бир нече социалдык тармактардын өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салган.


“VOLVO” МЕНЕН “UBER” АЙДООЧУСУ ЖОК УНАА ЧЫГАРАТ

"Volvo Cars” жана “Uber” компаниялары робот таксилерди чыгаруу боюнча келишим түзүштү. Аталган эки компания 2019-2021-жылдар аралыгында автоматташтырылган унааларды чыгарууну пландап жатканын коомчулукка билдирди. “Volvо” бул ири долбоорго өзүнүн XC90 деп аталган кроссоверин даярдайт. Анын башкы директору Хокан Самуэльссон “Биздин негизги максат – дүйнөдөгү алгачкы автоматташтырылган унааларды чыгаруу. “Uber” менен биргеликте иштешүү боюнча макулдашканыбыз келечекке туура багыт алып жатканыбыздан кабар берет”,- дейт. XC90 кроссовери жалпысынан өзгөрүүсүз эле калат. Болгону руль менен тормозду башкаруу системдери алмашып, адамдар ар дайым компьютерден көзөмөл жүргүзүп тура ала турган жабдыктар орнотулуп, кузовдун айрым бөлүктөрү өзгөртүлөт. Айдоочусуз жүрө турган бул унаалар алгач АКШнын тиешелүү аймактарындагы даректер боюнча иш жүргүзө баштайт.


ӨЗҮ ЖЫЛЫТА ТУРГАН ЖУУРКАН ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

Radishine жуурканын кыш сезонуна карата мыкты табылга дешет өндүрүүчүлөр. Аны колдонуучу иштеткен соң акырындан температурасын алмаштырып, белгиленген мөөнөттө жылуу болуп калат. Ал эми анын режими смартфон аркылуу жөнгө салынат. Ушундан улам Radishine’ды акылдуу жууркан деп аташат. Жылытуу үчүн атайын SFIM деп аталган толкундуу инфракызыл нур колдонулган. Жуурканды чыгаргандар товарын ток уруудан жана күйүп кетүүдөн корголгонун айтышууда.
Эки кишиге ылайыкталган жууркан 257 доллар (болжол менен 17 800 сом) турса, жаш балага арналгандары 100 долларды (6950 сомдой) түзөт. Жууркан 2018-жылдын июнь айында сатыкка чыгат.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан