Концерт өткөн күн – 17-ноябрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 18:30 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алпаруучу – Азамат Исмаилов
Билет баасы – 300-500 сом
Мыкты номер – “Кыргыз кыздары”, “Жаным” ырлары
Нурмат башкарган кемеге түшүп, мен дагы студенттик күндөргө саякат жасап, өткөн-кеткенди эске салайын деп концертке бардым. Бир нече күн мурунку Алмаз Шаадаевдин концерти 1 саат кечигип башталып, бул ирет деле ошондой болот го деп мен да жарым саатка кечигип бардым, мени эле күтүп тургандай концерт башталды. Бирок билетте көрсөтүлгөн ордума жеткиче отурган элдердин бутун тебелеп-тепсегеним үчүн жактырбаган көз караш, үшкүрүк-бышкырык мени коштоп барды. Бул кылыгыма өзүм уялып калдым, “кап, эрте эле чыкпай үйдөн” деп. Отурарым менен көзүм дароо сахна жасалгасына токтолуп, ырчы айткандай эле акча аябаган экен деп койдум. Чоң 3 экран коюлуп, көз уялткан жарыктар да сахнага өзгөчө көрк берип жатты.
Нурмат студенттердин урматына арналган концертин “Мугалим эжей” аттуу ыры менен ачты. Чоң экрандан ырлардын клиби көрсөтүлүп, сахнада бирде бийчилер бийлесе, бирде театралдаштырылган сценкалар коюлуп жатты. “Концертим жандуу үн, жандуу музыка менен өтөт деп убада бердим эле. Бирок тамагым ооруп калыптыр. Ошентсе да сиздерге жакшы маанай тартуулайм” деген ырчы кээ бир жеринен кырылдап, үнү жетпей калып жатса да концерттин аягына чейин жандуу ырдады, азамат.
Канча концертке барам, бирок дале биздин элдин концерт көрүү маданиятын өздөштүрбөгөнүнө кейип келем. Негизги максатын гүл берүү деп түшүнүшкөн айрым күйөрмандар ырчы ырдап жатабы же сүйлөп жатабы, ал барган учур гүл бергенге ыңгайлуу болобу, маани бербей, танк сыяктуу эле жөөлөй түртүп сахнага жулунушат. Мында да Нурматтын күйөрмандары гүл бермекке улам сахнага чыгып, ырдап жаткан жеринен алаксытып, гүл тапшырып эле койбостон, бетинен өпмөйүнчө кетпей туруп алганы ырчыны ыңгайсыз кылса, отурган көрүүчүлөрдү жүдөтүп жиберди. Ошентип алаксып жатып бирде ырдын башы же аягы ырдалбай үзүк-кесик болгон учурлар болду.
Нурматтын чыгармачыл досторунан “Ак-Өргө city” командасынын жигиттери кыска оюн көрсөтүштү. Андан кийин Маданият, маалымат, туризм министрлигинин өкүлдөрү сахнага чакырылып, Нурматка “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Алпаруучу Азамат “сенден мага Айфон-8, сага министрликтен төш белги” деп Нурматты тамашага салды. Наам тапшырылгандан кийин ырчынын сахналаш досу Нурлан Насип чыгып, Нурматтын репертуарындагы “Мен сүйгөн менен пайда жок” деген ырын дуэт аткармак экен, күйөрмандары Нурматты гүл тапшыруу үчүн, ачык айтканда, аркан тарткандай эле сүйрөп кетишти. Нурлан кыязы сөзүн жакшы жаттабаган окшойт, ырдын сөзү бирде угулуп, бирде такыр эле угулбай, эптеп соңуна жетти. Андан соң Нурлан өзүнүн репертуарындагы “Туулган күн” аттуу ырын созолонтту.
Байкаганым, алпаруучулук тизгинди алган Азамат Исмаиловдун даярдыгы жоктой сезилди. Же мен күлкү жаратуучудан көптү үмүттөнүп алган өңдөнөм, супсак, бир аз кызыксыз алып барды.
Нурмат “Жан апам” деген ырын аткарып, залда отурган апасына кучак толо гүл тапшырды. “Жаным” аттуу жаңы ырын аткарып баштаганда сахнага гүл оролгон арканы сүйрөп келишип, ары жактан үлпөт тойлордо колдонгон гүлдестелерди ташып чыгышты. Жалпы команда жапа тырмак жүгүрүп жатса “ырчы сүйүктүүсүнүн колун сурайт го” деп жанымдагылар шыбыраша түштү. Эмнеге болбосун деп, мен да күтүп алгам. Керектүү буюмдар орду-ордуна коюлгандан кийин костюм-шым кийген бийчи жигит, ак көйнөк кийип, фата жамынган бийчи кыз жетелешип сахнага чыгышты. Көрсө, бул да болсо ырга коюлган сценка экен. Ыр соңунда Нурмат “Бүгүнкү кечени ийгиликтүү өткөргөнгө салым кошкондорго терең ыраазычылык билдирем. Колдоо көрсөтүп келип бергениңиздерге рахмат” деп ыраазычылыгын билдирди. Концерт “Кыргызстаным” аттуу ыр менен жыйынтыкталды. Бирок Нурматтын күйөрмандары 2 сааттан ашуун болгон концертке тойбой калгандарын, ары жакта орус улутундагы айымдын “Торгоюм, торгоюм, ещё раз” деп суранганын, жаштардын кол чаап туруп алгандарын көрүп сүйүнүп койдум. Жалпылап айтканда, Нурмат иним үнүн таптаган жактан да, хит ырларынын саны жактан да, күйөрман топтогон жагынан да кыйла өсүптүр. “Ай, Сардал кыз, Сардал кыз...” деп кыңылдай мен да үйгө көңүлүм ток кайттым.
Толик сынчы