СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ. БАЛБАНДАР КАТЫШКАН КОНЦЕРТ

БАЛБАНДАР КАТЫШКАН КОНЦЕРТ
8-декабрда айтылуу Кожомкул балбандын урматына арналган этно концерт өтөт. Анда манасчы, ырчы, актёрлор тарабынан Кожомкул балбан тууралуу театралдаштырылган номерлер жана балбандардын өнөрлөрү көрсөтүлөт. Андан тышкары таш булчуңдуу бодибилдерлер жана цирк өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлөт. Концерт спорттук таймаштар менен коштолуп, жеңүүчүлөргө байгелер берилет.


ФУТБОЛЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ КАТЫШАТ
Кыргыздын жаш футболчулары 29-ноябрдан 8-декабрга чейин Индонезияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул мелдешке катышуучу курамда 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш. Тажрыйбалуу футболчулардан курамга Азамат Байматов, Антон Землянухин жана Павел Матяш чакырылды. Аталган беттештер олимпиадалык курама команда үчүн 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары болот.


ЭСЕН АСАНОВ КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ
Польшанын Быдгощ шаарында 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчусу Эсен Асанов коло медаль жеңди. Ал 75 килограмм салмакка чейинки категорияда килемге чыкты. Ал Латвия, Беларусь, Венгрия мамлекеттеринин балбандарын жеңип, жарым финалга чыга алган. Анда жеңилүү ызасын тартканы менен, коло медаль үчүн күрөштө ал азербайжандык Насер Гасанов менен кез келип 1:0 эсебинде утуп коло медалдын ээси аталды.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан