МЕССИНИН ОРДУН БАСА ТУРГАН КЕВИН ДЕ БРӨЙНЕ

Учурда футбол жаатында Роналду же Мессинин аты анчейин угулбай жаткан чагы. Убакыт ордунда турбайт. Алардын ордун баса турган футболчулар четтен чыгууда. Анын бири “Манчестер Ситинин” оюнун башкарган бельгиялык “сары” – Кевин де Брөйне.

Толук аты-жөнү –
Кевин де Брөйне
Туулган жери – Бельгия, Гент шаары
Туулган жылы – 28-июнь, 1991-жыл
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм
Амплуасы – Жарым коргоочу
Учурда – “Манчестер Сити” жана Бельгия курама командасынын футболчусу


УЧУРДУН ТАЛАШСЫЗ МЫКТЫСЫ
Учурда ал ойногон “Манчестер Сити” клубу Англия Премьер-Лигасынын быйылкы сезонундагы 12 оюнда бир да жолу утулбай, 1-орунда келатат. “Шаардыктардын” мындай ийгилигинин сыры – де Брөйне. Кевиндин амплуасы жарым коргоочу болгону менен, ал талаада эркин куш. Тактап айтканда, ал командасын коргой да алат, каршылашына чабуул да жасай алат, алыстан сокку узатуу менен гол да киргизе алат. Гвардиола ага быйыл мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берди. Былтыр оң канатта гана ойногон де Брөйнеге караштуу Пептин бул тактикасы туура болду көрүнөт, алкактан чыккан футболчу эбегейсиз натыйжаларды көрсөтүп, аз убакытта мыкты экендигин футболдон алыс көрөрмандарга да далилдеп жаткан чагы. Кыскасы, кыйын машыктыруучу Гвардиола менен универсалдуу футболчу де Брөйненин тандеми “шаардыктарды” бул темп менен Англиянын чемпиону кылып коюшу толук мүмкүн.

ЖОЗЕ БААЛАБАГАНДЫ ПЕП ДАҢККА ЖЕТКИРИП...
6 жашынан алдыңкы клубдарда тарбияланган Кевин карьерасында бир нече клуб алмаштырган. 2012-жылы “Челсиге” келген де Брөйне канчалык таланттуу болбосун “пенсионерлердин” ошондогу курамындагы футболчулардын көлөкөсүндө калып калган. Балким, Моуриньо анын талантын ача албай койгондур, айтор, Кевин “Вердерге” ижарага кетип, кийин “Вольфсбургга” өткөн. Аталган клуб 2015-жылы Чемпиондор Лигасына чыгып, биз сөз кылып жаткан футболчунун голдору клубун жарым финалга чейин жеткирген. Ошол көрсөткүч де Брөйненин багын ачып, Жозе өгөйлөгөн жигитти “Манчестер Сити” 75,6 миллион долларга сатып алган. Аталган клуб ошондо эле де Брөйненин бул сумманы актаарын, келечекте “Ситинин” башкы кыймылдаткычы боло аларына ишенишкен көрүнөт.

БАРДЫК ЖАКТАН УНИВЕРСАЛ
Пастын чебери, чыдамкай, өжөр... Эң негизгиси, каалоосу күч. Оң же сол бутка карабай, топ кайсы тараптан келбесин, каалагандай калчай алганы, ылдамдыгы, оюн талаасында башты жерге салбай, командалаштары менен тыгыз байланышта иштеше алганы – анын артыкчылыгы. Кевиндин эң башкы өзгөчөлүгү – узак да, кыска да аралыкка түз жана таамай сокку узатып, гол киргизе алганында. “Алдыга бассаң көз тиет” дейт, де Брөйненин чабуулчулар менен тең ата натыйжа көрсөтүп жатканы бир нече футболдук селекционердин кызыгуусун арттырып жүрсө керек. Мисалы, Ла Лигада 10 упай менен “Барселонадан” артта калып келе жаткан “Реал” дал ушул де Брөйнедей футболчуга зар болуп турган чагы.

ГВАРДИОЛАНЫН ИШЕНИЧИ...
“Манчестер Ситинин” машыктыруучусу Пеп Гвардиола де Брөйненин тактикасын жакшы билет жана анын бул талантын кандай жол менен максималдуу түрдө колдонуп калуу керектигин түшүнөт. Ал Кевиндин талаада кырдаалды бат өздөштүргөнүн, ойлонуп иш жүргүзө аларын айтып, ал тургай “мен билген мыкты футболчулардын бири” деп баалайт. Кевин жаш болсо дагы көрсөткүчтөрү аркылуу “Ситиде” Агуэро, Компани өңдүү лидерлердин катарында.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА БЕЛЬГИЯНЫН КӨЗҮРҮ БОЛО АЛАБЫ?
Бельгиянын футбол боюнча курама командасында жалаң мыкты футболчулар чогулганы менен, курама катары эптүү ойной албай, биринчиликке жете албай келишет. Мыктылар чогулганы менен, талаада чачылып, ар бири өз көмөчүнө күл тарткан футбол көрсөтө берсе бул турган турпаты аларды жакында чемпиондукка деле жеткирбейт. Муну 2014-жылы болуп өткөн мундиаль көрсөткөн. Аталган өлкөнүн алтын мууну саналып жаткан футболчулардын сап башында дал ушул де Брөйне, Азар сыяктуу оюнчулар турушат. Де Брөйне 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунда өз өлкөсүн алга сүрөп, мундиалдын башкы жылдызына айлана турган футболчулардын бири саналат. Бир сөз менен айтканда, Кевин Бельгиянын башкы көзүрү.

2014-жылы футболчу өзүнүн өмүр таржымалы жазылган «Keep It Simple» (жөнөкөй бол) деп аталган китебин жарыкка чыгарган.
Де Брөйне 2016-жылы сүйлөшкөн кызы Мишель Лакруа экөө Мэйсон Милан аттуу уулдуу болушкан. Түгөйлөр быйыл июнь айында никелешти.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
kilim
2017-11-28 09:15:51
Жагат да ушул футболчу
+3
Dembele84
2017-11-28 11:08:08
Лучший полузащитник мира в данный момент.
+2
Kanybek121195
2017-11-28 13:41:08
Дибала Иско Хамес Асенсио Кейн Деле дегендерди да жазгылачы сураныч супер инфо
+3
murat17
2017-11-28 15:56:17
де брюне супер оюнчу баварияда коргум келет
+2
Neizvestno777
2017-11-28 21:00:48
Брөйне деп которгонунар укмуш го
+6
Barclays_CR7
2017-12-02 02:09:51
Эми ДеБрюне озунчо бир талант,бирок Месси,Роналдуларга тенеш бир аз кемчилик.
Месси мн Роналду булар озгочо дуйно бул футболчулар корсотуп жаткан оюнду булар койгон рекорторду бул футболчу кайталаса мен тан калат элем.
+2
Bakulya97
2017-12-03 14:07:47
Barclays_CR7,туура айтасын меси роналдог тенешке али ертегоо дейм
+1
ilgizk
2017-12-03 20:55:12
Месси Роналду алган нерселерди булар эч качан алалбайт .
0
FCBMESSI
2017-12-04 23:06:59
Мессиге эч жетпейт
-1
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан