БИР ТОРПОККО МИҢ УЛАКЧЫ. Чыныгы элдик улак тартыш кандай өтөт?

Көпчүлүккө улак тартыш дегенде ат майданда боло турган, оюнчулар команда болуп бөлүнүп ойноп жаткандар гана элеске тартылат. Ал эми чыныгы элдик улак тартыш кандай өтөт? Мындай оюнду өз көзүң менен көргөндө карапайым эл кантип чер жазарын байкаса болот. Ушундай оюндардын бири 15-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда болуп өттү.


Сырттан келгендер үчүн алыстан караганда атчан жоолор келе жаткандай туюлат. Жакыныраак келгенде гана миңдеп саналган атчандар бир жерге чогулуп жатканы байкалат. Оюнга катышуучулардын саны көп болгондуктан оюнчулар улакты талашып жаткандыгын бир нече убакыттан кийин гана түшүнүүгө мүмкүн. Өзүнө ишенген бардык каалоочулар оюнга катыша беришет. Улакка катышуу үчүн жакынкы айылдардан гана эмес, башка район, облустардан жол арытып келишет. Атүгүл мындай оюндарга атайын чакыруу менен Тажикстан, Өзбекстандан келген күчтүү улакчылар катышышат.
Торпок тартыш ар бир катышуучуга болуп көрбөгөндөй адреналин тартуулайт. Муну алардын көздөрүнөн от жанып, берилүү менен ойноп жаткандыгынан байкаса болот. Опурталдуу оюн болгону менен, мелдеште бирин-бири сүзө качыра кирип, жаракат алдырган учурлар дээрлик кездешпейт.
Баса белгилей кетчү нерсе, бул оюнда улак эмес, торпок тартышат. Анын салмагы 50 килограммдан 90 килограммга чейин жетет. Буга карабай мындай оюнга жашы-кары дебей катышып келишет. Мен-мен деген улакчылар оңойлук менен торпокту алдырып жиберишпейт. Муну эңиш үчүн карылуу күч гана эмес, күчтүү аргымак да керектелет. Көрүүчүлөр үчүн торпокту ким эңип жатканы дагы анча көрүнө бербейт. Аттардын дүбүртү, чаңга сапырылган талаа оюнга ого бетер көрк берип турат.
Оюнда жеңүүчү бир эле адам болбойт. Анда атайын марага жеткен улакчылар уюштуруучулар тарабынан байгелер менен сыйланат.
Мындай оюнда жеңилип калганы болбойт. Анткени "мен ойнойм" деген ар бир катышуучу торпок үчүн күрөш жүргүзүп, чер жаза алат. Ошон үчүн элдик деп да аталып жүрбөйбү. Чаң жутуп, баткак кечип, чаалыгып калгандарына карабай оюн соңунда өздөрүнө канааттануу менен үйлөрүнө тарашат.
Мындай оюндар тойлордо же майрамдык иш-чараларда байма-бай уюштурулуп турат. Аталган торпок тартышка беш автоунаа, беш төө, 30дан топоз, тай, кой байге катары өз ээлерин тапты. Байгени ошол жерден эле жеңүүчү деп табылган улакчылар алып кетип жатышты.


Жандар Тороев,
улакчы:
“АТ ДАГЫ, АТ МИНГЕН АДАМ ДАГЫ БАЛБАН БОЛУШУ КЕРЕК”
– Бул салтка айланган, ата-бабадан калган оюн. Илгери чоң той бергенде 7 уруудан бата алып, той беришкен. Элден бата алуу үчүн мына ушундай кызыктуу торпок тартыш уюштурулат. Тойдун ээси атайын торпок союп, эл алдына коюп берет. Азыркы оюнга 50 килограммдык торпок союлду. Улакчылар кыйналбай эңип кете алышы керек. Оюнда күчтүү аттар болбосо чаалыгып калышат. Аттар эле эмес, атты минген адам дагы балбан болуусу керек. Торпокту аттар тебелей бергендиктен, анын эти жумшак болуп калат.


Оюнда автоунаалардын бирин жеңип алган байге ээси Таштемир Майлыбашев болду:
– Улак тартышка кичинекей кезимден эле кызыгып, ойноп келем. Байгелерди утканымдын бул биринчиси жана акыркысы эмес. Байге менен байлык эмес, абийир топтодум. Көбүнчө эле улактан уткан байге, кайра эле башка тойго кетет да. Торпок тартыштын айырмасы бул жерде өзүң үчүн ойнойсуң, ал эми көк бөрү бул командалык оюн. Торпок улакта билегиң күчтүү болуп, атың чыдамкай болсо жеңиш сен тарапта болот.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Торпок тартышка коюлган унаа, ат, тай, төө жана топоз ээлерин тапты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
yrysbek
2017-11-28 10:40:57
Мына Кыргыз футболу ушул болот
+13
Leti
2017-11-28 11:41:21
Азаматсыз Жандар ака эн соонун оюн уюштуруп берген Каракулжа 1 май алгааааа
+3
dinamo7
2017-11-28 13:25:05
сонун болуптур.
+1
Defans2017
2017-11-28 13:29:24
Жээнбеков президент болуп,тойдо улак бердиби ошондо
-4
Leti
2017-11-28 23:48:57
Defans2017,Жеенбеков берген жок и Жеенбековго эч кандай тиешесида жок бул улак берген адамдын)))
+4
ady-88
2017-11-28 13:30:18
Жок легенде 10миллион кетти болуш керек ущул оюнду уюштурганга.
+2
altyw95jan
2017-11-28 20:04:20
Кээ бири ачкалыктан олбой жашап калыштын айласын кылып атса Булар кантип чер жазсак деп убара.ушу оюнга кеткен байгелер 20 дай нанга зар уй булонун жашоосун омурунун аягына чейин жыргалга айлантмак.кыргыздар качан чын ниет менен жардам кылганды уйронмойунчо башыбыздан балээ кетпейт
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-28 23:38:32
Жеенбеков берген жок андан башка байлар толтура.
+6
ALMAAAN
2017-11-29 03:44:11
Таши эркек
+1
portugalia
2017-11-29 13:06:27
Салтындан кагылайын кыргыз калкым!
+6
Aikoo2014
2017-11-29 21:54:32
Менин таятамда рамаатылык, убагында улакчы болгон эле. Улак чапканга кызыккан эркек гана ойной алат.

А той берген адамда биир улакчыларга адреналин тартуулаптырда.
+1
Pamirlan
2017-11-29 22:40:26
Кабарчы кыз дагы жакшы суроттоп жазыптыр, рахмаат.
Карда ойносо жакшы,таза болот
+1
Uzakova.Z.A
2017-11-30 02:09:19
Менин куйоом да улак десе ичкен ашын жерге коет, улактан келгенде чарчап келет бирок настроениеси 5 болуп келет. Бул улакта байгеде бир карышкыр да болду деп уктум эле.
0
ernis_07
2017-12-03 01:11:04
Алга Кыргызстан.Алга Кара-Кулжа
0
Zidan1
2017-12-03 11:37:34
Улак тартканды эмес
Ат минип чаптырып корбогом
Аттын устундо торпок тартышса
Нагыз балбандар
0
tyrgon
2017-12-04 10:33:41
чар жайыт улак тартыш экен алдым жуттум экен
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан