Учурда Казакстанда өтүп жаткан «Silk Way Star» музыкалык сынагына катышып жаткан ырчы Омар бойдокчулук менен коштошуп, Диана аттуу бийкечке үйлөнгөнү турат. Жагымдуу кабарын бөлүшкөн Омар: «25-ноябрь күнү кыз узатуу тою болот. Үлпөт тоюбуз 2-декабрга белгиленди. Сүйүктүүм 21 жашта, өзү Чүйдүн кызы болот. Бирок мени жубайы менен бир жыл мурун эле үйлөнүп алган деген ушак сөздөр чыгып кетиптир. Албетте, мындай сөздөрдүн баары жалган. Сүйлөшкөн кызым менен элдин батасын алып эми турмуш босогосун аттайбыз»,- деди. Эки жашка бакыт каалайбыз.