Айтылуу куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу, тамада, алпаруучу Манас Алыкулов бир башын эки кылганы турат. Тапан жигит алыска кетпей коңшу жашаган кызга эле үйлөнүүнү чечиптир. «Болочоктогу жубайымдын аты Алина, Токтогулдун сулуусу болот. Экөөбүз бир мектепте окуп, жадакалса коңшу жашачубуз. Кичинесинде көрүп калгангабы көзүмө кичинекей кыздай эле сезиле берчү. Бир күнү карасам эле таптатынакай болуп чоңоюп кетиптир. Жакшы кызды колдон чыгарбай торума илейин дедим. Экөөбүз 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Алина визажист болуп иштейт. Үй жумушуна да абдан тың. Буюрса, үлпөт тоюбуз 5-декабрда өтөт»,- деп кубанычы менен бөлүштү.