КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Аа-а!- Болуш кыйкырганын токтото албай турду.
– Токтот болду!- Арсен өктөм сүйлөдү.
– Аа-а!..
– Токтот! Ушунча суу жүрөк неме белең, ээ? Күпүлдөп турсаң коркпогон неме го деп ойлоп жүрдүм эле сени.
– Сен кимсиң?- Болуш калтыраган үн менен сурады.
– А сен таанып көрчү,- Арсен жарыкты жандырып керебеттин маңдайындагы отургучка отурду.
– Жок, тааныбайм,- Болуш көздөрүн чакчайтып туруп берди.
– Арсен. Айдоочуң Дуулаттын уулу. Токолуң Бегимайдын жигити. Сен түрмөгө тыгып койгон бала. Эми эстедиңби?
– Мунун баарын сен кылдың! Бул орус кызды, демек, сен өлтүрүпсүң да!
– Эй-эй, токто. Кылган кылмышыңа мени аралаштырба! Бул кездешүү капыстан болду. Тагдырдын тамашасын кара.
– Анда сен кайдан пайда болдуң? Токто, мен азыр милицияны... Жо-ок, ички иштер министрин чакырам бул жерге.
– Эй, бери кара,- Санжар сөзгө аралашты.
– Бул кызды сен өлтүрдүң! Тигине, тиги бурчтагы камера баарын түшүрүп калыптыр. А муну кошумча далил үчүн тастыктап тартып койдук. Экөөңөр героин сайынгансыңар го, өзүңөрдү билбей калыпсыңар. Бул кызды мен издеп жүргөм. Арсен экөөңөрдүн кездешүүңөр капыстан болду. Акыркы жолу кыз ушул мейманканада экенин угуп келип, үстүңөрдөн чыктык. Мени тааныйсыңбы?
– Жок.
– Санжар. Оштук Санжар. Жакшылап эсте, мен жөнүндө уккансың. Керек болсо тааныйсың. Бул орус кыз мага карыз болчу. Сен азыр милицияны чакырасыңбы, башканыбы мага маанилүү эмес. Мага бул орус кыздын карызын жаап бересиң. Анткени сен аны өлтүрүп салдың. Жаап бербейсиңби, экөөбүздүн сөз башкача болуп калат.
– Мен сени түрмөнүн түбүндө чиритем! Сени дагы!- Болуш Арсенге тик карады. Жигит да аны карап туруптур. Көзүн албай тиктеше түштү. Биринчи болуп Болуш көзүн ала качты. «Жеңдим» деди Арсен ичинен. Толкунданып кетти.
– Түрмөдө болобу, башка жактабы мен сенин, балдарыңдын, башкасынын дагы көзүн тазалап коё алам. Өлтүргөн сен. Күнөөңдү моюнуңа ал! Карызын да ал!
– Санжар аке, бул видеолорду интернетке жүктөп жиберсек эле иши бүткөнү жатпайбы. Бизнестеги атаандаштары жеп салышат муну. Анын үстүнө бул саясатка аттанган, саясаттагы каршылаштары жөн коёт деп жатасызбы?
– Кеттик!
– Милиция чакырып коёлубу?
– Токтогула, жигиттер!- Болуш чочуп кетти.
– Бир жолун тапсак кантет?
– Кандай жол?
– Жигиттер, каалаганыңарды берем. Бир жолун айткыла. Алдагы тасманы сатып алайын, бергиле мага. «Балким, чын эле мен өлтүргөн болсомчу, анда баары бүтөт» деп ойлонду, коркуу сезими Болушту жеңди.
– Жинди ойлоп жатасыңбы?
– Бир айласын табалы.
– Тасма бизде болот.
– Түшүндүм. Балким, баарын жашырып койсокчу, ыя, жигиттер? Унчукпаганыңар үчүн ыраазы кылмакмын.
– Сен бул кыздын карызын жабышың керектигин түшүндүң беле?
– Карызы канча?
– 150 миң доллар.
– Жабам. Жаап берем.
– Унчукпаганыбыз үчүн экөөбүзгө 50 миңден бересиң. Жалпы 250 миң ошондо,- Санжардын бул сөзүн угуп Болуш оор дем алды.
– Эми жүр, кызды чогуу көмүп келебиз,- деди Арсен андан жооп күтпөй.
– Камераңды өчүр, сураныч.
– Мына,- камера өчкөн жок. Жарык бергичи гана өчтү. Билинбей иштеп жатты.
Таңкы саат 5 жарымдардан өтүп 6-номердеги кан болгон керебеттин матрасын, шейшептерин мейманкананын таштанды таштоочу жайына алып барып өрттөп жиберишти. Лизаны болсо кытайдын чоң баштыгына салып Гелендвагенге жүктөп кетишти.


ххх

Бишкектин чет жакасындагы капчыгай. Үчөө заматта тереңдиги бир метрден ашыгыраак жайды каза салышты. Санжар кызды ошол баштыкта салынган боюнча көтөрүп салмакчы болду.
– Коё туруңузчу, боюн түздөп эле жаткыралычы,- Арсен аны токтотту.
Баштыкты ачып, ичинде жылаңач жаткан Лизаны чыгарды Арсен. Акырын көтөрүп барып жайына жаткырды. Анан үстүндөгү күрмөсүн чечип, кыздын жүзүнө жаап койду. Кыз дале сулуу бойдон болчу. Аны акыркы жолу бир карап алды. Жүрөгү сайгылашып кетти. «Кош, Лиза. Сенден кечирим сурабайм, анткени сен мени кечирбейсиң. Кечирим суроо акмакчылык. Мен өз жазамды алам. Муну сезип жатам. Жакшы кал» деди ичинен.
Кызды жаткырып чуңкурдан чыгары менен Болуш топуракты шилеп баштады. Кылмышын жашырууга жан далбастап жатат. «Болду бүттү, эми булар мени коё бербейт. Каалаган күнү каалаган нерсесин сурай беришет. Бирок башка жол жок болчу. Убакыт өткөндөн кийин бул кырдаалдан да чыкса болот. Чечилет баары» бирде санааркап, бирде кайра өзүн жооткотуп жатты Болуш. Өзүн жоготуп койгондой көрүнгөнү менен, Болуштун башына түркүн ойлор келип жатты. Алдыдагы шайлоону, балдарын, бизнесин, баарын ойлонду. Чечим өзүнөн-өзү келип чыкты.


ххх

– Айтчы, Лизаны атайын жибердиң беле?- Болуш Бишкекке кирип келгенде Арсенден сурады.
– Жок. Кокустан гана биз издеген кыз сенин коюнуңдан өлүү табылды. Атайын тор жайган эмесмин.
– Бул жерде Бегимайдын да катыштыгы бар.
– Ал сенин оюң. Бирок Бегимайды көрө элегиме 4 жылдай болду.
– Жок, бул жерде Бегимайдын да колу көрүнүп жатат.
– Болуш, каалагандай ойлой бер. Эгер Бегимайга бир нерсе айтчу болсоң, сен анда дагы бир кишиге кылмышыңды ачкан болосуң. Ошонун кереги барбы сага? Бизге кереги барбы? Сунушум ага билгизбей эле кой. Анын тиешеси жок. Жөн гана кокустук болду. Сен мени түрмөгө тыгып койгондон кийин мен башка жолго түшүп кеттим. Мындай алып караганда сен өзүң бир жырткычтын жаралышына шарт түздүң. Кийин ал жырткыч менен кез келип калдың. Көрдүңбү, Кудай бар.
Болуш үндөбөй терезени тиктеп калды. Ушул учурда телефонуна чалуу келди.
– Алло, мен мейманканада эмесмин. Офиске келгиле,- жардамчылары чалып жатыптыр.


ххх

– Жүргүлө, офиске киргиле. Сейфтен алып берем.
– Жок, жардамчың алып чыксын.
Болуш унаадан түштү. Жардамчысы күтүп туруптур. Купкуу болуп өң-алеттен кеткен, багалеги, бут кийими топурак болгон жетекчисин көрүп ал таң кала түштү.
– Даярдап койдуңарбы?- деди Болуш анын таң калганына көңүл бурбай.
– Ооба.
Түз эле иш бөлмөсүнө жөнөдү.
– Мага көйнөк, костюм-шым алдыртчы!- деп буйруду басып бара жатып. Иш бөлмөсүнө кирери менен кийимдерин чечип жардамчысына берди. «Өрттөп жибер, азыр» деди өктөм.
Анан ошол ич кийимчен бойдон барып, иш бөлмөсүндөгү сейфти ачты. Жашыл акчаларды столдун үстүнө төктү. Боо-боо болуп байланган 120 миң доллар.
– Кошкула тиги алып келгениңерди.
– 130дун баарынбы?
Болуш жооптун ордуна жекире карап алды жардамчысын. Тайсалдай түштү тигиниси. Баарын чогултуп кара пакетке салышты.
– Тиги Гелендвагенге алып барып бер!
– Жалгызбы? Алар ким?
– Эй, суу жүрөк, эч ким эмес, өнөктөштөр эле. Бар, алып бар! «Чын эле эми булар мага өнөктөш болот» деди ичинен.


ххх

– Алып келе жатат.
– Тапанчаңды камда. Түшө бер.
Арсен жардамчысын утурлай чыкты. Баягы Болушка кошулуп атасы экөөнү тепкилеген жардамчы экен. Жардамчы да тааныды окшойт, өңү бузула түштү. Арсен муну байкап калды, колун артына кылып тапанчасын жардамчы менен бет келгенде алып чыкты.
– Кандай?
– Жа-акшы...- араң сүйлөдү жардамчы.
– Тааныдыңбы? Ооба, мен. Шашпай кезигебиз, ээ. Эми бер!- тигинин колунан кара пакетти жулуп алды да, шарт бурулуп барып унаага отурду. Күр-р. Гелендваген заматта көздөн кайым болду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Shaa-82
2017-11-28 12:04:33
Лиза олбосо керек деп аттым эле акыркы минуттарга чейин озумчо ар шылтоону таап аткам балким машинада башка да кап бар башка кыз салынган же Лиза алмаша койду артта деп. Каап жаман болдуда.
+3
Kaiyr1112
2017-11-28 12:22:33
Бул сериал да Аруукеге окшоп Лиза тируу болуп калса экен акырында Арсен экоооо бактылууу болуп мен ишенгим келбей жатат.
+1
ZANIA-92
2017-11-28 12:58:01
Арсен эми сени да кудай жазаласын
0
Guli.89
2017-11-28 14:30:10
Бул чыгарма го жон гана ...же болгон окуябы..автор
0
Afgan312
2017-11-28 15:39:02
Болушка жаман эле болду да
0
jamakeev2015
2017-11-28 17:27:24
Лиза тируу бекеринен курмосун бетине жапкан жок болсо керек дем алгандай бирдеме жазаса керек тигилер кетээр замат казып алышкан чыгаар чынгыздар
0
Djka
2017-11-28 21:55:38
jamakeev2015,Ee kudai owondoi ele bolso eken
0
love.me.again
2017-11-28 18:18:27
Ой тобо берилип жаткан элем. Бодуштун суйлогону арсендин журу Эми комуп келели деп),ээн талаага барып болуш шыпылдап комуп жатканын элестетип алып кой ай Аман эле болгула башка аптоускаа тушуп алыпмын)).
0
originalkgz96
2017-11-28 19:13:24
Тиги шордуу да колго тушот кенда)))
0
Albinoc.piratium
2017-11-28 19:32:31
Пфф аз болгону аз келгенсип Лизканы да олтуруп жаны тынды!
0
kasiko
2017-11-28 20:35:41
Арсен айбан экенсин.
0
ali97
2017-11-28 22:03:08
Аиии баарынар берилип окуп алгансынарго
0
Gul26081997
2017-11-28 23:39:59
Арсен молодец! Болуштан очуну 10 эсе кылып ал, жок даже 100эсе кылып чыгарып ал. Эми Арсен, Болушту эшектей иштетип акчасын, байлыгын, баарын ал дагы, акырында Болушту турмого омур бою отургуз!!!
0
Kaken08
2017-11-29 05:18:28
Башында Арсенди жакшы коруп жатпадынар беле? Эмне болду силерге? Эми Болуш жага баштадыбы я?
+1
MIRBOLOT
2017-11-30 09:46:47
Лизанын өлүмү-табышмак болуп калды го, балким тирүү! Алмаштырып коюшту, азыркы заманда баарын кылса болот эмеспи... Арсен чет өлкөгө качырып жиберди болуш керек...Эми Санжар аны билип калып, Арсен Болушту "колдонуп",Чынгыз экөө биригип Санжарга каршы "согуш" ачат, Лиза чет өлкөгө 150 миң $ менен чыгып кеткен болуш керек, аты-жөнүн, келбетин өзгөртүп деп ойлоп жатам.
0
Jyrgalbek_93
2017-11-30 12:40:33
эх
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан