Өткөн жумада Аксы районунун Авлетим айыл аймагында коркунучтуу кылмыш катталган эле. Бул кылмыштын бети ачылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
«ДАРЫЯДАН ШЕКТҮҮНҮН КАН БОЛГОН БУЮМДАРЫ ТАБЫЛГАН»
Аталган кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын кызматкери Самара Кыдырова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ушул жылдын 14-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылынын тургуну, убактылуу Бишкек шаарында иштеп жүргөн К.Т. аттуу жаран өзүнүн тууганы, аталган айылдын тургуну Гүлжамал деген аялга телефон аркылуу байланышкан. Ага үйүндөгүлөрү өзүнүн телефон чалуусуна жооп бербей жаткандыгына тынчсызданып жатканын айтып, үйүнө барып кабар алып коюусун суранган. Анын суранычы боюнча Гүлжамал үйүнө келип, К.Тнын энеси менен аялынын жансыз денелерине жана карындашынын бети-башы кан болуп жатканына күбө болгон. Ошондой эле үйдө маркум келиндин 2 жаштагы уулу жана 4 айлык кызы уктап жатканын көргөн. Ал ошол замат Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу кабарлаган.
Ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кылмыш болгон жерге барып, маркумдардын кимдер экендиги аныкталган. Каза болгондор: 1965-жылы туулган Карима Субанова жана 1991-жылы туулган Аида Каныбекова, ал эми оор жаракат алган 1991-жылы туулган Э.К. болгон. Кийин далил буюм катары дарыядан кылмышка тиешелүү делинген балта табылган. Бул факт боюнча Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ МЕНЕН ЖАБЫРЛАНУУЧУ ОДНОКЛАССНИКИ САЙТЫНАН ТААНЫШКАН»
– Бул оор кылмыштын бетин ачуу үчүн ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучунун уюлдук телефону текшерилген. Жыйынтыгында 15-ноябрда кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектелип Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Чыгыш-Жол айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, далил буюм катары жуулган кара түстөгү күрмө, свитер, кроссовка табылган. Аларда кандын тактары болгон. Шектүүгө тиешелүү Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаага кароо жүргүзүлүп, орундуктан кан болгон чачтар табылган.
Кылмышка шектүү тергөөдө төмөнкүлөрдү айтып берген: Жабырлануучу менен кылмышка шектүү 2017-жылдын жай айларында Одноклассники сайтынан таанышып, жолугуп жүргөн. Август айынан кийин экөө көрүшкөн эмес, бирок жабырлануучу кылмышка шектүүгө телефон аркылуу андан боюнда бар экендигин айткан. Ал эми кылмышка шектүү жабырлануучуга «боюңдан алдыр» деп Бишкек шаарынан банк аркылуу 20 миң сом салганын айтат. Анын айтымында, бала чоңоюп калгандыктан алдырууга кеч болуп калган. Ошондо кылмышка шектүү жабырлануучуну Бишкек шаарына чакырып, ошол жерде төрөөсүн, баланы өзүнүн атына жаздырып алуусун талап кылган.
«БААРЫН БАЛТА МЕНЕН БАШТАРЫНА УРГАН»
Маркум Аида Каныбекованын туугандары менен байланышканыбызда, буларды айтып берди:
– Биз үй-бүлөдө 2 гана кызбыз. Улуусу Аида эжем. Жездем эжемди ала качып үйлөнүшкөнү менен, абдан бактылуу жашашчу. Кырсык болгон күнү эжем үйгө келип кеткен эле. Атама операция жасалгандыктан, аны көрүүгө келген болчу. «Кайын сиңдим жумушуна кетсе, апам үйдө жалгыз калат» деп шашып, жума күнү кайра келерин айткан. Ушул кезге чейин ал эч качан кайненесин жалгыз таштачу эмес (ыйлап). Кайын сиңдисинин кош бойлуу экендигин билбейт болчу. Эртеси эртең менен мага жездем телефон чалып, үйүндөгүлөр менен сүйлөшө албай жаткандыгын айткан. Бизге болсо суук кабарды саат 2лерде айтты. Дагы деле ушундай окуя болгонуна ишенгибиз келбей жатат. Эжемдин 2 баласы ошол учурда уктап жаткан окшойт, болбосо алар ыйласа, аларды деле өлтүрүп салат беле?..
Азыр уулу жездемдин жанында жүрөт. Кызы эмчекте болгондуктан, кошуна айылдагы бөлөм өз баласына кошуп эмизип карап жатат. Кийин аларды өз колубузга алып, жездеме дагы каралашабыз деп ойлоп жатабыз.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg