«Балык терең жерди, адам ыңгайлуу жерди издейт». Бул накыл кеп эмгек рыногундагы азыркы абалды таасын чагылдырат. Көпчүлүк кыргызстандыктар мамлекеттеги алдыңкы телекоммуникациялык компания болгон MegaCom’до иштегиси келет. Эмне кылыш керек, компанияны кандай кадрлар кызыктырат жана эмнеге мырзалар кичинекей наристелерге кам көрүү үчүн эмгек өргүүсүн алышпайт? Бул суроолорго MegaCom’дун Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Субанбекова жооп берет.
АЛТЫНГА ТЕТЕ КЫЗМАТКЕРЛЕР
– Биздин коомчулукта MegaCom сыяктуу ири, ийгиликтүү компанияларга ишке орношуш үчүн сөзсүз таанышың болуш керек деген ой калыптанып калган. Бул түшүнүк компанияда канчалык деңгээлде колдонулат?
– Компаниядагы бош орундар тууралуу расмий сайтыбызга жарыялайбыз. Андан соң башка сайттарга, социалдык тармактарга жана башка жактарга маалымат таратабыз. Башкача айтканда, дайыма жана ачык түрдө ишке талапкерлердин резюмелерин чогултуу иши жүрөт. Ар бир ишке кызыккан жаран өзүнүн документтерин бизге жөнөтө алат. Кээде айрымдар документтерин биздин кызматкерлер аркылуу берип жиберген учурлар болот. Бирок бул ошол адам автоматтык түрдө жумушка алынат дегенди билдирбейт. Анын документтери кадрлар бөлүмүнүн маалымат базасына өткөрүлүп, жалпы эреженин негизинде каралат.
Өз ишинин мыктысы делген адистерди өзүбүзгө тартуунун бардык жолдорун карап чыкканга аракет кылабыз. Биз адистерибиздин сунушуна ишенебиз, анткени бул дүйнөлүк практикада далилденген. Мыкты адистер бири-бирин жакшы билишет.
Айта кетүү керек, компанияга көп сандагы резюмелер келет. Аларды биздин Бишкектеги жана башка аймактардагы кеңселерибизге күнүгө алып келишет. Кээде MegaCom’дун кардарларды тейлөө борборлоруна да калтырышат. Студенттерден баштап жогорку квалификациялуу адистер да кайрылышат, башкача айтканда, MegaCom жумушка орношууну каалагандарды өзүнө тарткан компания болуп саналат.
– MegaCom’до иштегиси келген адам кандай сапаттарга ээ болушу зарыл? Алдыңкы уюлдук оператор дайыма жаңы таланттарды издеп турабы?
– Алгач эле биз компанияга керектүү кесиптик билимине жана жөндөмдөрүнө көңүл бурабыз. Талапкерлердин иш тажрыйбасы жана жеке сапаттары да абдан маанилүү болуп саналат. Сүйлөшүү учурунда ишке талапкерлерден кийин текшерүүгө мүмкүн болгон так маалыматтарды берүүсүн талап кылабыз. Кээде айрым иш издегендер убактысын кооз кеңседе, интернет карап, кофе ичип өткөрүп, жумуш күнүнүн аягында жылуу-жумшак үйүнө кете бергиси келген адамдай ой калтырат. Бирок биздин компанияда бул ой ишке ашпайт.
Биздин кызматкерлер баш көтөрбөй иштеп, ошого жараша айлык акы алышат. Компанияда негизинен кууш тармактын адистери иштешет. Мындай кызматкерлер алтынга тете жана аларды алмаштыруу оңойго турбайт. Андыктан биз адистерди өзүбүзгө тартуу үчүн, башкача айтканда, мыктыларга аңчылыкка чыгабыз.
Ошондой эле биз дайыма жаш адистерди издеп, техникалык жогорку окуу жайлардын таланттуу бүтүрүүчүлөрүнө көз салып турабыз. Компания тез өнүгүп жаткан учурда бизде атайын окутуу программасы бар болчу. Студенттер бизде практикадан өтүп, арасынан жөндөмдүүлөрүн компанияга алып калчубуз. Азыркы күндө адистердин негизги өзөгү түзүлүп, бекемделип калган, ошентсе да биз бүтүрүүчүлөр менен иштешүүнү улантып келебиз. Көптөгөн студенттер диплом алдындагы практикасын MegaCom’до өтөп кетишет. Эгер теориялык билимин жакшы көргөзө алышса, биз аларды «келечек тизмесине» кошуп коёбуз.
ЭМНЕНИ ОКУСАҢ, ОШОНУН ПАЙДАСЫН АЛАСЫҢ
– MegaCom’до тууганчылыкка, жердешчиликке, тааныш-билиштикке салуу сыяктуу жагымсыз учурларга жол берген система барбы?
– Компанияда өзгөрүлбөс эреже бар: бир бөлүмдө тууган адамдар иштебеши керек. Мамлекетибиз «кичинекей» экенин, көпчүлүк бири-бири менен тааныш, тууган чыгып каларын түшүнөбүз. Бирок эреже деген эреже. Туугандар бири-бирине түздөн-түз баш ийген кызматта болбошун көзөмөлдөп турабыз.
Жердешчилик боюнча. Компания адамды жумушка алып жатканда анын кайсы жерде төрөлгөнүнө эмес, кесипкөйлүк сапаттарына көңүл бурат. Ал эми жердешчилик жолу менен жумушка кирип калгандарга көрө албастык кылуунун кереги жок. Анткени MegaCom’до өтө жогорку талаптар коюлат, андыктан «жердешчил адистин» бат эле үмүтү өчөт. Аны жумушка алган таанышы да кубанарлык абалда болбойт.
– Компанияда «жаңы келгендердин мектеби» иштейт экен. Бул эмне долбоор?
– Бул долбоор жаңы келген кызматкердин компанияга тез көнүп кетүүсүнө багытталган. Долбоор 10 жыл мурун ишке кирип, жакшы жыйынтык берип келет. «Жаңы келгендердин мектебинин» аркасы менен биздин кеңсенин босогосун жаңы аттагандар ички ашкананы тез өздөштүрүп, ишмердүүлүк принциптерин түшүнөт. 3 ай аралыгында жаңы кызматкерге байкоо салынат, эгер ал өз потенциалын көрсөтсө, анда штатка алынат.
MegaCom’до корпоративдик маданият өнүгүүдө. Башкача айтканда, бизнес этикетинин эрежелери жайылууда: кесиптештериңе жана жумушуңа сый мамиле кылуу керек. Ушул эреженин негизинде көпчүлүгү студент болгон чалуу борборлорунун, тейлөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери таалим алышат. Кийин бул алардын карьерасын курууда чоң жардам болот. Көпчүлүк учурда бизде мурда иштеп кеткен кызматкерлерди жумушка алгандар биздин компанияга кызматкерлердин тартиптүүлүгү жана сылыктыгы үчүн ыраазычылык айтышат.
– MegaCom компаниясында эң ири бөлүм кайсы жана эмне үчүн? Департаменттердин кайсынысы баарынан маанилүү?
– Бул же тигил бөлүм маанилүү деп бөлгөнгө болбойт, анткени баары маанилүү, баары абоненттерге сапаттуу байланыш түзүп берүү процессине катышат. Бирден-бир чоң бөлүм болуп кардарларды тейлөө кызматын жана коммерциялык дирекцияны айта алам. Булар түздөн-түз кардарлар менен иштешет, башкача айтканда, алдыңкы катардагы адамдар.
– MegaCom’до ким басымдуулук кылат: гуманитардык кызматкерлерби же техникалыкпы?
– Телекоммуникация чөйрөсү технология менен кармалат да. Албетте, бизге инженерлер маанилүү. Бирок гуманитардык кызматкерлерди да таарынтпайбыз.
– Жамаатта компания негизделгенден баштап келе жаткан кызматкерлер барбы? Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон кызматкерлер көппү?
– Компания 10 жылдан ашуун убакыттан бери өмүр сүрүп келет. Биздин катарыбызда компаниянын башатында турган кызматкерлер да бар. Мисалы, чалуу борборунун директору алгач оператордук кызматтан баштап, кызматтык тепкичтерди четинен багынтып келип, эми маанилүү бөлүмдү жетектеп калды. Көпчүлүк кызматкерлерибиз жыл сайын мекемелик жана мамлекеттик сыйлыктарды алышат. Бул компания мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошууда дегенди түшүндүрөт. Андан сырткары корпоративдик колдоо деген бар. Мыктылардын мыктысы төш белгилерин алышат: алтын, күмүш жана хрусталь момдорун.
РОБОТТОР ЖЕ HR-АДИСТЕР?
– Бүгүнкү күндө бизнестин ачыктыгы тууралуу коомчулукта көп пикирлер айтылат. Бул жаатта компанияда кандай иш-чаралар өтүп турат?
– Биз ар дайым коомдук долбоорлорду колдоп келебиз. MegaCom Республикалык кан борбору менен тыгыз иштешет. Жылына 2 жолу биздин кызматкерлер бекер кан тапшырып турушат. Андан сырткары компания дайыма балдар үйүн да колдоп, кабар алып турат. Ушундай кайрымдуулук акцияларына биздин кызматкерлер өз каалоосу менен катышып, көпчүлүк иш-чараларды өздөрү уюштурушат. Мегакомчулар спорттук иш-чараларга жана коомдогу маанилүү окуяларга дайыма катышып турушат.
Бизге адистештирилген байланыш лицейлеринен жана жогорку окуу жайлардан кайрылып, экскурсия кылуу боюнча сунуштарын айтышат. Мындай иштерди дайыма колдоого алабыз. Биздин адистер келечек муундарга кубануу менен өз жумушу тууралуу айтып беришет. Ким билсин, балким, ошол жаштардын арасында биздин келечектеги кесиптештер бардыр?
– Кызматкерлерге кандай социалдык пакеттер каралган? Айымдар үчүн кандай эс алуучу жагдайлар түзүлгөн? Мырзалар кичинекей наристелерге кам көрөм деп эмгек өргүүсүн алган учурлар болгонбу?
– Эгер мырзалардан кимдир бирөө жогорудагыдай сураныч менен кайрылса, эч кандай маселе жаралбайт. Бирок бизде бир аз башкача менталитет да. Эркек – үй-бүлөнү багуучу адам. Айымдар үчүн эмгек кодексинде жазылган эрежелерге ылайык жеңилдиктер каралган: баланы эмизүү үчүн убакыт, кош бойлуу мезгилиндеги медициналык өргүү жана башка. Башкача айтканда, социалдык пакет кызматкерлерибизге багытталган.
– Компанияда кадр тандоодо кандай инновациялык ыкмалар колдонулат? Келечекте кызматкерлерди роботтор тандап калат дешет? Анда адамдарга гана тиешелүү жагдайлар эмне болот?
– Балким, келечекте да кызматкерлерди тандоодогу адамдык факторлорду толугу менен жоюу ишке ашпаса керек. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан кийин акыркы чечимди чыгаруу – бул баары бир адамдын артыкчылыгы. Бирок техникалык процесстерди машиналарга тапшырууга болот. Бүгүнкү күндө рынокто документтерди иштеп чыгууда чоң кызматты аркалаган атайын компьютердик программалар пайда болду. MegaCom дагы кадрларды тандоо процессин автоматташтырат. Убакыттын өтүшү менен бардык уюмдар ушул жолду тандашса керек деп ойлойм.
КӨЧҮРҮП АЛ ДА, САКТАП КОЙ
MegaCom’го документ тапшырардан мурун компаниянын сайтына кирип, кызмат орундары тууралуу маалыматты жакшылап окуп чыгуу керек. Алдыңкы уюлдук компанияга жумушка орношкусу келген адам резюменин так, катасы жок жазылышына маани бериши зарыл. Башкача айтканда, өзүнүн кесиптик билимин, жөндөмүн так, кызыктуу кылып сүрөттөп бериши керек. Эгер резюмеңиз HR-адисти кызыктыра алса, анда сизди кеңсеге чакырышат. Бирок баары сиз ойлогондой жеңил эмес.
Талапкер дагы көптөгөн текшерүүлөрдөн өтүшү керек. Алгач билимди жана жөндөмдү текшерүү үчүн жазуу түрүндө тапшырмалар берилет. Андан өткөн мыктылары сүйлөшүүгө чакырылат. Бул этапта жаранга тажрыйба жана чыдамкайлык керектелет.
Андан кийин жумушка талапкер менен 3 айлык эмгек келишими түзүлөт. Бул сыноо убакытында ал адам өзүн жакшы жактан көрсөткөнгө умтулушу зарыл. Ушундан кийин гана сиз компаниянын штаттагы кызматкери боло аласыз!
Башкысы, резюме тапшыргандан коркпоңуз! Бардык документтер кылдат изилденет. Эгер талапкер бош кызмат ордуна туура келбесе, анда башка тармактардагы кызматка карап көрүшөт. Эгер адам чындап MegaCom’до иштегиси келип жатса, демек, ал көздөгөнүнө жетет!
Айбек Болотбеков