КЫРГЫЗСТАНДА КАРДАРЛАРГА ЖАКЫН БОЛУУ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИСИ ЖОК КОМПАНИЯ ТҮЗҮЛӨТ


Сиз жетекчиңизге барып бүгүнтөн баштап жаңы ыкма менен иштээриңизди айта аласызбы? Же таптакыр эле жаңы багыт тандап, ал тууралуу жетекчиликке билдирбей коёсузбу? Көрсө, бул толук ишке ашчу нерсе. 5 кызматкери бар чакан кеңседе эле эмес, мамлекеттеги ири жана кирешелүү компаниялардын биринде бул ыкманы колдонууга болот. Кантип? Бул тууралуу Kaktus.media’нын материалынан окуй аласыздар.

ЖАҢЫ ИДЕОЛОГИЯ

Жогоруда жазылган нерселер анархия же саботаж эмес, жөн гана жумуш иштөөнүн жаңы ыкмасы, бул ыкма дүйнөдөгү белгилүү: Google, Facebook, Apple жана Microsoft компанияларында бир канча жылдан бери ийгиликтүү колдонулуп келет.
Ири IT-компаниялардын жетекчилери мындай жыйынтыкка келишкен: актуалдуу, ийгиликтүү продукт чыгарууда ойлоп табуучулардын жамааты ар бир кадамын жетекчилик менен макулдашып туруунун кереги жок. Мунун ордуна жаңы продукт чыгарууну чакан топко тапшырып, алардын ишине жолтоо болбосоң эффективдүү жыйынтык чыгат.
Жогорудагы ыкма программа иштеп чыгуучулар (софт) арасында көп убакыттан бери колдонулат жана ал Scrum деп аталып, Agile философиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

AGILE ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кыскача айтканда, Agile философиясы – бул программаларды иштеп чыгуунун (софт) ыкмалары. Agile’дин базалык принциптерин санап өтөлү:

• Продуктту иштеп чыгуу (программалар, тиркемелер жана башка) кыска аралыкта – 1 жумадан 1 айга чейинки убакытта жүргүзүлөт.
• Белгиленген убакыттын аягында ойлоп табуучулар колдонууга мүмкүн болгон жаңы продуктту сунушташы керек.
• Цикл убагында ойлоп табуучулар долбоордун буюртмачылары менен тыгыз иштешишет.
Scrum – бул иш процессин уюштуруунун ыкмасы. Негизи кайсы бир долбоордун же анын бир бөлүгүнүн үстүндө иштөөдө ар кайсы адистиктеги 5-10 адамдан турган топ чогулат. Алар биргеликте иш процессинин ар бир кадамын талкуулап, долбоордун буюртмачылары менен иштешип, бир чечимге келип, акыр аягында жаңы продукт чыгарышат.

ТҮШҮНДҮРМӨ ҮЧҮН МИСАЛ

Буюртмачылар командадан Android үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууну суранышат. Ал үчүн программист, дизайнер жана башка керектүү адистерди табуу керек. Аларга долбоорду түшүндүрүп, ар бирине тапшырма берген соң кайсы убакытта даяр продуктту алып кетсе болорун такташ керек.
Буюртмачы белгиленген убакытта келип, даяр тиркемени алат. Бирок бир ай же эки ай өткөн соң ал тиркеме актуалдуу болбой калганын байкайт: Гугл-маркетте ал тиркемеге окшош, бирок андан да жакшыртылган кызматтары менен башка тиркемелер пайда болгон. Буюртмачы ойлоп табуучуларга кайрылып, тиркемени кайрадан иштеп чыгууну сурангандан башка аргасы жок.
Scum ыкмасы менен иштеп чыгуу процесси аз убакыт алат, анткени тиркеменин ойлоп табуучуларынын баары бир жерде чогуу иш алып барышат. Алар дайыма буюртмачы менен иштешип, рынокко мониторинг жүргүзүп, эң кыска аралыкта даяр продукт чыгарышат.
Буюртмачы гугл-маркетке даяр актуалдуу тиркемени жүктөгөндөн кийин эгер керек болсо жумушчу топ бир аз өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Жыйынтыгында аз убакытта чоң иш бүттү. Буюртмачыга тиркемеге кескин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө зарылчылык болбойт, ал эми колдонуучулар актуалдуу продуктту дароо колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.

AGILE КЫРГЫЗСТАНДА

Вeeline компаниясы Кыргызстанда алгачкылардан болуп Agile жана Scrum ыкмасы бир гана IT-компаниялар үчүн эмес, уюлдук операторлор үчүн да туура келерин айтып чыкты. Компаниянын карамагында бир нече Scrum-топтору бар жана алар кыргызстандыктар үчүн жаңы продуктыларды ойлоп табуунун үстүнөн активдүү иш алып барышууда.
«Ири компаниялар тууралуу сөз кылганда дароо иерархия тууралуу ой келет: эң жогоруда генералдык директор, андан кийин топ-менеджерлер, ортоңку топтогу менеджерлер. Айсбергдин эң төмөнкү бөлүгүндө жөнөкөй кызматкерлер жайгашкан. Бирок бул түзүлүштүн баары механикалык тапшырмалардын негизинде пайда болгон. Мисалы, бул кайсы бир продуктту чыгарып жаткан фабрикалар үчүн эффективдүү. Биз көрүп жаткандай, азыр компаниялар чыгарган продуктыларынын саны боюнча атаандашпайт. Азыр ким керектүү, өтүмдүү идея сунуштаса жана аны рынокко жеткире алса, ошол утат»,- дейт өз сөзүндө Скай Мобайл (ТМ Beeline) ЖЧКсынын Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нуртай Абилгалиев.

БАРДЫГЫ КАРДАР ҮЧҮН

Нуртай Абилгалиев белгилеп өткөндөй, азыркы учурда бардыгы керектөөчүлөрдөн көз каранды. Бизнес баштаардан мурун керектөөчүлөрдүн жүрөгүнөн орун ала билиш керек. Бирок учурдагы атаандаштыкка ылайык, элдин талабына жооп берип, алардын сен чыгарган продуктту тандоосуна ээ болуу оор жумуш.
Рынокто калыш үчүн компаниялар кардарларын терең түшүнө билип, алардын каалоосун, талабын жогорку деңгээлде аткарып, керекпи учурда талаптардын тизмесинде жок продуктту чыгара билиши зарыл.
«Кардардын ишенимине кириш үчүн механикалык иштерди гана аткара бербестен, жаңы идеяларды өнүктүрө билген адамдык потенциал керек. Экинчиден, жаралган идея менен аны ишке ашыруунун аралыгы өтө кыска болушу кажет. Үчүнчүдөн, кардарды түшүнүп, ага жакын болуңуз. Мунун бардыгы азыр Agile-уюмдары жетишүүнү көздөгөн эрежелердин негизи болуп саналат».

ЖАҢЫ МАКСАТТАР

Бир канча багыттуу башкаруудагы компаниялар үчүн мындай ыкмалар туура келбейт, анткени аларда чечимди кабыл алуу көп убакыт алат. Мындай компанияларда креативдүү идеяларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү аз.
Азыркы учурда Beeline көп тармактуу башкаруунун санын азайтып, уюмду башкаруунун баскычтарын азайтуу, жеңилдетүү үчүн болгон аракетин жумшап келет.
«Эгер мурда биздин уюмда башкаруунун 5 баскычы болсо, азыр уюмубуздун көпчүлүк бөлүгүндө 3 баскычтагы башкаруу иш алып барат»,- дейт Beeline’дын топ-менеджери.
Ошону менен бирге командалар кызматтар боюнча эмес – юридикалык, техникалык, коммерциялык департамент жана башка кылып бөлбөй, кросс-функционалдык топторго бөлүнөт – кайсы бир продукттун же кардардын айланасында.
«Азыр биз өзүбүздө толук кандуу Agile-уюмун түзүүнүн алдында турабыз: жеткиликтүү, тез, кросс-функционалдык, толугу менен кардарларга басым жасаган. Бул процесс акырындык менен ишке ашары түшүнүктүү. Бир эле күндө мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү оор болот. Бирок биз бул максатка баратабыз»,- деп сөзүн жыйынтыктады Нуртай Абилгалиев.
Айта кетчү нерсе, 10-ноябрда Beeline Кыргызстанда биринчи жолу Agile жана Kaizen философиясын колдоочуларды, ошондой эле салттык менеджменттин эрасы өтүп тарыхка айланарын жана анын ордуна башкаруунун кыйла прогрессивдүү, натыйжалуу ыкмалары келгенине: Scrum, Kanban, XP, Lean, Nexus, SAF, LeSS ишенген адамдардын тобун чогултуп Agile Community Meetup аянтчасын уюштурду.
Beeline’дын алдыда тажрыйбасы менен бөлүшүп, аны менен бирге өзү да кошумча билим алгысы келген Scrum топторунун жана Agile компанияларынын онлайн жана оффлайн катышуучуларын чогултуу планы бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан