ЗОРДУКТОО, БАҢГИЗАТ, ЭКСТРЕМИЗМ. Жалал-Абадда имам 21 жылга эркинен ажыратылды


Жакында Сузак райондук соту "10 жашар балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган" деп шектелген жаранды 21 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, динге байланыштуу белгилүү бир кызматтарды ээлөө, иш жүргүзүү укугунан ажыратылган.

«КОРКУП АЙТПАЙ ЖҮРҮПТҮР»

Эске салсак, 2016-жылдын 18-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ат-Чабар (Октябрь) айылынын К.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ошол эле айылдын Г.П. аттуу имамы 2006-жылы туулган уулун бир нече жолу зордуктагандыгын билдирген. Бул факт боюнча Сузак РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам аракеттердин натыйжасында ошол эле айылдын 1958-жылы туулган Г.П. аттуу тургуну кылмышка шектелип кармалган. Кармалган адамдын 6 баласы бар, ал ошол эле айылдагы Гапиржан ходжа мечитинин имамы болуп иштеп жүргөн. Соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыгында баланын зордукталганы аныкталган.
Кылмышка шектүү кармалган учурда, биз баланын апасы менен байланышканбыз. Ошондо ал «Кошунам Пайзулла уулумду көптөн бери эле үйүнө алдап алып кирип зордуктап жүрүптүр. Уулум болсо анын "бирөө-жарымга айтсаң өлтүрөм" дегенинен коркуп айтпай жүргөн экен. Бычак да такап коркуткан дейт. Кээде алдап 50 сомдон акча да берип койчу экен. Мүнөзү да өзгөрүп, чүнчүп кеткен. Жакында гана бул тууралуу бизге айтып берди. Тергөө учурунда уулум кошунабызга качан, кайсы жерлерде зордуктаганын бетине коюп бергенде ал кылмышын моюнуна алды»,- деп айткан эле.

ЖАЛПЫСЫ 21 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Бул ишти Сузак райондук соту 28-сентябрда карап, өкүм чыгарган. Өкүмгө ылайык, 59 жаштагы П.Г. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылып 20 жылга, 246-беренеси (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып 3 жылга, 299-беренеси (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен күнөөлүү деп табылып 3 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (кайталанган кылмыштар жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде айыпкер жалпысы 21 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле айыпкер жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, динге байланыштуу белгилүү бир кызматтарды ээлөө, иш жүргүзүү укугунан ажыратылган. Аталган райондук соттун өкүмү апелляциялык тартипте даттанылган эмес жана бул өкүм 2017-жылдын 9-октябрында күчүнө кирип, аткарууга берилген.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aliakg90
2017-11-28 09:18:44
Адилеттуу чечим. Акмак десе рас балот. Омур бою берсе деле суйунмокмун
+9
Krai
2017-11-28 09:50:51
Мечиттин имамы
+1
nurhan2702
2017-11-28 10:47:24
ана сага имам.Педофилдерге олум жазасы берилиш керек.Болбосо 1-2 жылдан кийин акча берип чыгып кетишет.Жыргалын соттор корот.Ал эми жабырлануучу тарап ыйлактаган боюнча калып жатышат.
+6
OMURBEK.
2017-11-28 11:05:58
Педофилге кандай жаза берууго Мыктыбек Арстанбек эн тура жооп айткан .Ал айткан педофилдерди ХХХХХХХХХХХХХХХ бирок педофилдерге сабак болчу Жана татыктуу жаза
+3
Arhideia
2017-11-28 21:48:57
Заман кайда баратат тообо? Деги адамзатка ишеним калбады. Имамдын атын жамынган шайтан
+1
Edelveis929317
2017-11-29 08:54:35
Педофилдерди бычып салууну законго киргизиш керек ошондо калгандары да ойлонот.
0
zainaika
2017-11-29 14:39:54
Ой Кудай сактасын ар бирибиз балдарыбызга сак бололу
0
Shahrizaada
2017-11-30 14:30:09
Ушундай акмактар кантип мечиттерге имам болуп кабыл алынып атат,тушунбойсун.
+1
Kroxa
2017-12-02 09:06:39
Молдонун айтканын ук,кылганын кылба..
0
mikmun2017
2017-12-04 21:23:00
баланын абалы кандай болду экен байкуш.аял болсода маайли эле эркек баланы укмуууш.ушунчалык каалайт экен уйундо аялы туратко ага алымсынбаса саунага барсын жеткен акмак десе
0
aizirek...
2017-12-07 15:12:07
Ой шумдугун куууууур. Эркек баланы, ужасссссс. Мындайларды ХХХХХХХХХХХ да аздык кылат
0
admin_media
2017-12-07 15:23:59
aizirek..., провокацияга жол жок, эскертүү!
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан