Биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеп жатканына 3 ай гана болгон учурда Толкунбек Абдыгулов бир тепкич төмөндөдү. Эми ал кызматтан алынган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордунда экономика багытын тескеген вице-премьер-министр катары ишин улантат. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп, президент буйрукка кол койду.
Учурда бош турган биринчи вице-премьер-министрлик кызматка келиши мүмкүн бир нече депутаттардын, алсак КСДПнын өкүлү Аалы Карашевдин, «Бир бол» фракциясынын өкүлү Аскарбек Шадиевдин ысымдары аталууда.
Жаңы кабыл алынган Конституциянын бир нече беренелери 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, премьер-министрдин укуктары күчөтүлөт. Биринчи вице-премьер-министр да таасирдүү саясий фигурага айланат. Бул кызматтарга парламент депутаттарынан бирөө барса, кызмат менен катар депутаттык мандатын да сактап калат. Биринчи вице-премьерлик бош турганына караганда, жаңы Конституциянын күчүнө кириши күтүлүп жатат.
Айта кетсек, премьер-министрдин 4 орун басары бар. Алар: Толкунбек Абдыгулов (экономика тармагы боюнча вице-премьер-министр), Даир Кенекеев (экономика тармагы боюнча вице-премьер-министр), Чолпон Султанбекова (социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр) жана бош турган биринчи вице-премьер-министрдин орду.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg