САЛЯНОВА: «КЫРГЫЗСТАН САЯСИЙ БАНДИТИЗМДИН ӨЛКӨСҮНӨ АЙЛАНБАШЫ КЕРЕК»

22-ноябрда Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу Ички иштер министрлигинин маалыматы угузулду. Анын артынан Салянова эл өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Анда иниси өлтүрүлгөн күндөн тарта 17 күн өтсө да кылмышкерлер кармалбаганын айтып, ИИМден күнөөлүүлөрдү табууну талап кылды. Ошондой эле бул кылмыш иши саясий буюртма болушу мүмкүндүгүн баса белгиледи. «Инимдин жеке душмандары, бизнеси болгон эмес. Бул анын башка маселенин курмандыгы болгонун айтып турат. Кылмышкерлердин табылышын жана бул иште саясий себеп жок болушун каалайт элем. Кыргыз мамлекети саясий бандитизмдин өлкөсүнө айланбашы керек»,- деди Салянова. Андан сырткары бул кылмыш ишин көзөмөлдөөчү депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул сунушту парламенттин тармактык комитети карап чыкмакчы.
Эскерте кетсек, 6-ноябрда Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен.

 

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан