Президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 154 жаранга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алар "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн" сыйлыкка көрсөтүлгөн.
Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязовго II даражадагы «Манас» ордени, ушундай эле кеңешчиси болуп иштеп келген Икрамжан Илмияновго III даражадагы «Манас» ордени, БШКнын учурдагы башчысы Нуржан Шайлдабековага «Курманжан датка» орденинин ыйгарылышы катуу талкууга жем таштады.
Президент кеңешчилерине сыйлык берип жатып, «Мен бүгүн Фарид Ниязов менен Икрам Илмияновго орден тапшырам. Эми бул үчүн мени катуу сындашат. Икрам Илмиянов депутат болуудан да, башка кызматтардан да баш тарткан жалгыз кыргыз болсо керек. Бирок билишиңер керек, ал менин колумда 18 жашынан бери иштеп келе жатат. 25 жылдан бери мени менен иштейт. Бир жылы 5 жылга татыктуу болсо керек. Мени менен чогуу көп кыйынчылыктардан өттү. Мисалы, Акаевдик «силовиктер» аны кармап алып, башына пакет кийгизип кыйнаган учурлар болгон... Элибизде «хан жакшыбы, демек, вазир жакшы» деген кеп бар. Анан кантип мен өзүмдүн вазирлериме сыйлык бербей коё алам? Туура түшүнгүлө»,- деди. Бул күнү өлкө башчысы жубайы Раиса Атамбаевага да 30 жыл мүнөзүнө чыдаганы үчүн «Эрдик» орденин берүүнү каалаганын, бирок жубайы суранып жатып аны бул оюнан кайтарганын, «эл туура эмес түшүнөт» дегенин кошумчалады.
Бул Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилиндеги акыркы мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы. Ажо өзүнүн жакын адамдарын жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлаганы коомчулукта кызуу талкууланууда. Айрым депутаттар, саясатчылар «президент шайлоодо бийликтин талапкерине иштеген жарандарга ыраазычылык билдирди» деп сындап жатышат. Мындай сындардын жөнү бар. Президент өз командасына, шайлоо өнөктүгүндө бийликтин талапкерине иштеген жана ага боор тарткан, колдогон мамлекеттик кызматкерлерге, медиа өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарганы ачык байкалды. Буга чейин өзүнүн мурунку жансакчылары Болотбек Сүйүмбаев (учурда УКМКнын төрагасынын орун басары) менен Улан Исраиловго (ИИМдин башчысы) «генерал-майор» наамын ыйгарган эле. Мындан улам «президент жеке өзүнө жана КСДПга салым кошкон адамдарды мамлекеттин атынан сыйлады» деген сындар жаралды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg