ИСАКОВ МАТРАИМОВДУ КЫЗМАТТАН АЛДЫ

Саясатчылар арасында «Раим миллион» каймана атына конгон Бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимов кызматтан бошотулду. Аталган жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков 23-ноябрда кол койду. Матраимов «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин негизинде бошотулган. Бул берене кызматкерге ишеним көрсөтүлбөгөн учурда пайдаланылат.
Райымбек Матраимов аталган кызматка 2015-жылдын август айында дайындалган. Анын бир тууган агасы Искендер Матраимов КСДП фракциясынан парламентте депутат. Райымбек Матраимовдун дарегине буга чейин бир топ сындар айтылып, «аткезчиликке тиешеси бар» деп келишкен. Буга чейин парламентте «Республика-Ата Журттун» лидери Өмүрбек Бабанов да Матраимовдун жоопкерчилигин кароону талап кылган. Бирок ал бул айыптоолорду четке каккан. Кыргыз-казак чек арасы боюнча маселеде казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев аткезчиликти негизги себеп катары көрсөткөн. Матраимовдун кызматтан алынышы кыргыз-казак конфликтин чечүүгө ташталган кадамдардын бири болушу мүмкүн.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан