ЖОГОРКУ СОТ ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВГО ЧЫККАН ӨКҮМДҮ КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ

Жогорку Сот 21-ноябрда «Ата Мекендин» камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Соттолуучулардын жактоочуларынын бири Канат Хасановдун айтымында, алар эми эл аралык сотторго кайрылышат. «Буга чейинки чечимдер, өкүм да далилсиз экендигин жүйө келтирдик, бирок Жогорку Сот өкүмдү күчүндө калтырды. Биз адилеттүү өкүм чыгарат деп күткөнбүз. Саясий буйрук экени дагы далилденди. Эми жаңы жагдайларды карап чыгып, эл аралык сотторго кайрылабыз»,- деди Хасанов. Бирок, жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдардын чечимдерине баш ийбейт.
Эске салсак, Текебаев менен Чотонов «Мегакомду» сатып алууга көмөктөшөм деп орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган» деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан экөөсү тең 8 жылга эркинен ажыратылган. Кийин мунапыска ылайык жаза мөөнөтү 4,5 жылга кыскартылган.
Учурда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Чүй облусундагы №27 абакта жаза мөөнөттөрүн өтөшүүдө. Жогорку Сот бул ишти Текебаев менен Чотоновдун катышуусусуз карады. Жактоочулардын аларды отурумга алып келип катыштыруу өтүнүчү канааттандырылбады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан