БИР БҮРКҮМ. ПУТИН I ДАРАЖАДАГЫ «МАНАС» ОРДЕНИНЕ ТАТЫДЫ...
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө психиатр, неонатолог, анестезиолог-реаниматолог адистигиндеги дарыгерлер жетишсиз.
Өлкө боюнча аба ырайы 26-27-ноябрда өзгөрүп, жамгыр артынан кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.
Өлкө боюнча 223 автомектеп бар. Анын 99у атайын текшерүү учурунда эскертүү алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик салык кызматына 10 айдын ичинде 415 жаран аймактардагы салык жыйноо процессине байланыштуу нааразы болуп кайрылышкан.
АКШ жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан Кыргыз өлкөсүнө сасык тумоого каршы 105 миң дозадагы бекер вакцина келди.
2017-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 7803 экени белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунан таратышты.
Экс-муфтий Чубак Жалиловдун сабактарын, баяндарын YouTube сайтына жүктөп келген «Насаат-Медиа» порталы YouTube компаниясынын күмүш баскычына ээ болду. Бул баскыч 100 миңден ашуун адам жазылган каналга ыйгарылат.
Жогоку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов президент Алмазбек Атамбаевге жасаган эмгектери үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүүнү сунуштады.
22-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарында көчөгө ташталган ымыркай кыз табылды. Кыздын ата-энеси изделүүдө.
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп КСДПнын өкүлү, буга чейин шаарды башкарып келген Салайдин Авазов шайланды. Шаардык кеңештеги фракциялардын пикир келишпестигинен улам 1 жылга чукул шаар мэри шайланбай, бюджет бекилбей келген.
Президент өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кызматтан бошотту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.