Инстаграмдагы сулуулардын тиреши. АНЖЕЛИКА VS АЙЖАН

АНЖЕЛИКА БАРАКЧАСЫНА АЙЖАНДЫН БОЁНБОГОН СҮРӨТҮН ЖҮКТӨП...

18-ноябрь күнү косметика каражаттарын чыгарган компаниялардын бири Бишкекте жаңы дүкөнүн ачты. Дүкөндүн ачылышына орусиялык популярдуу визажист Гоар Аветисян келип, 4 миңдей көрүүчүнүн алдында бишкектик жаш визажисттерге профессионалдык макияж жасоону үйрөтүп мастер-класс өтүп кеткен. Бул өңдүү окуяларды көз жаздымда калтырбаган ырчы айым Анжелика да жогорудагы кечеге барды. Ырчы айым Инстаграмдагы баракчасына Гоар боёп жаткан модель Айжан Асемованын боёнгонго чейинки сүрөтүн жана видеосун жүктөп көпчүлүктүн талкуусун жаратты. Эске салсак, Айжан Асемова Кыргызстан боюнча Инстаграмда эң көп окурманы бар колдонуучу. Анын баракчасына учурда 700 миңден ашуун адам жазылган. Андан кийинки орунда эле 690 миңден ашуун окурманы менен Анжелика келе жатат. Мындай карасаң эки сулуу кыздын бөлүшө албай турган деле эч нерсеси жоктой, бирок «подписчиктер» үчүн күрөш, Инстаграмдагы лидерликти талашуу боюнча ортолорунда тымызын тирешүү бардай.
Айжандын күйөрмандары «моделдин боёнбогон сүрөтүн Анжелика атайын чыгарды, кадимки аялдар арасында болчу көрө албастык» деп айыпташса, айрымдар «Анжелика сулуу», «жок, Айжан сулуу» деп бири-бири менен талашып, уруша башташты. Анжелика Асемованын макияжы жок сүрөтүн атайын чыгардыбы же өзү айткандай, билбестиктенби ким билсин, бирок эки сулуунун күйөрмандарынын ортосуна от жагылып, алардын ортосундагы чыр аптанын окуясына айланып кеткени бышык.

ГОАР АВЕТИСЯН АЙЖАН АСЕМОВАНЫ КОЛДОДУ
Айжан Асемованын Гоар сулуулаганга чейинки сүрөттөрү Инстаграмда хит болуп, анын дарегине түрдүү күлкүлүү мемдер, шылдыңдар менен коштолгон какшык тамашалар жаады. Гоар Аветисян колдонуучулардын таландысында калган сулуу кызды колдоп өзүнүн баракчасына: «Бүгүн мен боёнткон модель кыз Айжанды колдогум келип турат. Анын боёксуз түшкөн сүрөтү үчүн кемсинтип, жараатын ириңдетип жаткан айрымдар мастер-класстагы эң начар сүрөтүн алып интернетке таратышыптыр. Айжан, сен бүт ракурстан алганда сулуусуң. Жөн гана адамдардын сен аркылуу өзүнүн кемчиликтерин жабууга аракеттенип жатканын түшүнүп кой",- деп пост жазды.

Талкууга алынган окуя боюнча Айжандын оюн билдик:
– Ар бир адамдын өзүнүн ою, көз карашы болот. Мен баарына жакканга кызыкдар эмесмин. Ким эмнени ойлосо ойлой берсин. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө милдеттүү эмесмин,- деп, туура эмес ракурстан тымызын тартылып алынган сүрөттөрү анын өзүнө болгон ишенимдүүлүгүнө доо келтире албастыгын айтты.

АНЖЕЛИКА АТАЙЫН КЫЛДЫБЫ?
Дарегине жааган сындардан ырчы Анжелика да кур калган жок. Колдонуучулар аны «Инстаграмдагы башкы атаандашын шылдыңдоо үчүн атайын кылды», «өзүн Айжандан сулуу көрсөткүсү келди», «Анжеликанын Инстаграмдагы баракчасын жаптырабыз» деп да жазып чыгышты. Мындай сындарга ырчы жооп кылды:
– Биз жашоодо ар кандайбыз. Кимдир бирөөбүз сүрөттөгүдөй сулуу эмес, анча арык эмес, боюбуз кыскараак болушубуз мүмкүн. Мен атайын чакырылган конок катары барып баары сыяктуу эле сүрөткө, видеого тартып баракчама жүктөдүм. Гоар боёнткон модель тууралуу ойлонгон да жокмун. Алдын ала моделдин боёнтконго чейинки сүрөттөрүн чыгарганга болбойт деп айтып коюшса болмок. Мен сыяктуу эле моделдин боёнбогон жүзүн ал жакта жүргөн 3 миңдей адам көрдү. Менде суроо: эмне үчүн моделге катардагы кызды эмес, белгилүү адамды коюп коюшту? Эртеден бери дарегиме таш жаадырып жаткандарды түшүнбөй турам. Визажисттин моделди боёнтуп жаткандагы сүрөтүн чыгарганым үчүн күнөөлүүмүнбү? Баарыңар мени калп эле "көрө албастык кылып жатат» дебей, мени өз ордуңарга коюп көргүлө дейт элем.
Көп өтпөй ырчы жогорудагы билдирүүсүн Инстаграм баракчасынан өчүрүп салган.

Анжелика интернетке тараткан Айжандын боёнбогон сүрөтү.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (74)
gulperi.kg
2017-11-29 02:08:04
Айжан чычалаптыр да без макияж куник экенин мойнуна алгандай.Пуст эл сени таразаласын сулуусун или куниксин.Анжеликага капа болуп чыр чыгарсан эле пайда таптынбы.А Анжеликаны эл билет кандай катын экенин каерде болбосун башы чырдан чыкпайт.Озунун энесиндей болгон Айчурок эжеге каяша суйлоп айтышкандан кийин сен чымындай эле корунсон керек.
-6
meni_kut
2017-11-29 11:21:01
gulperi.kg,туура
-5
ALMAAAN
2017-11-29 03:10:00
Чын журоктон баары бир
+6
alina2604
2017-11-29 11:20:04
Анжелика ХХХХХХ озун ото кыйын баалаган катын экен.
+3
Meerman
2017-11-29 07:57:57
aijan asemova ushunchalykpy takyr oksjoboit go boiongon surotuno
-2
Jigit86
2017-11-29 12:15:32
Ушу Анжелика жон журбойт экенсин да
+9
Jigit86
2017-11-29 12:19:34
Кыздар сырткы келбетти сулуулагандын опдуна,ички дунуйобузду сулуулайлычы биринчи
+6
Ajdarkyzy
2017-11-29 14:26:53
Кыз жакшына эле экен. Сурот сапатсыз тартылган.
+8
nurhan2702
2017-11-29 14:51:31
Анжелика куулук кылып дагы эмнени баштадын.Эл алдында жакшы корунуунун ордуна терс пиар издеп эле басып журот турбайсынбы.Айчурок эже сага тенелбей кутулду,эми башкасына оттунбу.Без макияж сен деле коздорун шишип чыктын го откондо."мен ыйлаган жокмун,кирпигими алып койгон болчум"-деп
+8
ksb
2017-11-29 15:00:05
Кай жерде Анжелика,ХХХХХХХ ушунчалык ирээнжийм ушул катындан.Эми баары бүтүп ХХХХХХ менен тең ушу кыз калдыбы???
+4
Koshaly
2017-11-29 18:46:23
Анжелика калп эле мен эч кимге жагайын деген жокмун деп актанганы жакпайт жагайын дебесе актанбай эле койсун
+4
Uzakova.Z.A
2017-11-30 02:21:54
Анжелика чындынында сулуу.
-5
nurla
2017-11-30 09:22:35
Чын эле боенбосо башкача болуп калат экен, ужаас беттерине аябай эле шыванып алышат экенда ээ
0
Aikavikram
2017-11-30 11:31:28
Анжелика уят да...озундо дагы бир эмес уч кыз бар..ойлон..
+3
Gulnur1980
2017-11-30 16:10:55
Анжелика орустун Ольга Бузовасынан айырмасы жок! Нервим кайнайт ушуну кормок тургай уксам!
+2
Nazaraliva9595
2017-12-02 18:30:02
Уят!
+2
surgeon777
2017-12-03 01:56:34
Эх,макияждын кудуретин айтсан...)))
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан