Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку премьер-министр: «МАГА САЯСАТТАН КЕТҮҮГӨ АЛИ ЭРТЕ»

Кыргыз өкмөтүн 2012-2014-жылдар аралыгында башкарган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев акыркы 4 жылдан бери саясий аренада көрүнбөй кетти. Биздин кабарчы Жантөрө Жолдошевичке жолугуп, мамлекеттеги коомдук-саясий абалга карата анын пикирин угуп, кенен баарлашып кайтты.
 
– Жантөрө Жолдошевич, 2014-жылы премьер-министрлик кызматты тапшырганыңыздан кийин саясий чөйрөдө көрүнбөй кеттиңиз. Ушул кезге чейин эмне менен алек болдуңуз?
– Менин оюмча, саясатчы да дем алыш керек. Бир эле киши саясий аренада жүрө берсе, аны кимдир бирөө менен салыштырууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин тыныгып, басып өткөн жолумду анализдеп, кайсы жерден кемчилик кетирдим, кайсы жерде жакшы иш кылдым деген ой менен жүрдүм. Буга чейин чакан банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келдим. Бир ай мурун ал кызматтан бошоп, эми башка кызматка өтүп жатам. Андан сырткары саясий тобокелчиликке бара турган жаштан өттүм. Саясатта көрүнбөй калганым ушундан болсо керек. Бирок бул саясаттан кетип калды дегенге жатпайт. 24 жыл саясатта жүргөн адам катары али мага бул чөйрөдөн кетүүгө эрте.

– Мурунку маектериңизде "жакшы эле спортчумун, бирок жумуштун көптүгүнөн убакыт табылбай калат" деп айттыңыз эле, эми спортко убакыт табылып жатабы?
– Тыныгуусуз иштен чарчагандыктан 3 ирет Кытайга барып, алардын салттуу медицинасы боюнча дарыландым. Учурда жумасына 3 жолу тенниске барам. Кол бош болгондо 2-3 жолу бассейнге барып жүрөм. Жакында эми тоо лыжасынын маалы башталат, буюрса.

– Жантөрө агай, өкмөт башчылыктан кеткенден кийин кайсы бир кызматка баруу боюнча сунуштар болдубу? Болгон болсо эмнеге баш тарттыңыз?
– Кызматтын чоң-кичинеси болбойт. Көңүлгө жаккан-жакпаганы болот. Ошондой бир-эки сунуштар болгон. Бирок ошол учурда кызматка баруу туура эмес деп ойлодум.

– "Ош–Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекцияны башкарып кеткенден кийин Сатыбалдиев курулуш бизнесине өттү. Ири курулуш компаниясынын акционери болду" деген кептер айтылып жүрөт. Бул кептер канчалык чындыкка жакын?
– Чоң саясатта канчалык калп айтылса элге жагып, сенсация жаратат. Уинстон Черчилль «Саясатта дос-душман жок, кызыкчылыктар гана бар» деп айткан. Менин өкмөт башчылыктан кетишиме дирекцияга байланыштуу жүйөсүз айыптоолор себеп болуп калды. БУУнун жана мамлекеттин отчётунда «калыбына келтирүүгө 11 миллиард сом кетти» деген маалымат бар. Ал эми дирекция аркылуу 5 миллиард сомдой каражат жумшалган. Аны Эсептөө палатасы аныктап чыккан. Дирекция 3 айдын ичинде 1715 үйдү калыбына келтирип, 75 батирлүү көп кабаттуу үй куруп, жабыркагандарды киргиздик. Ал эми Дача-СУдагы жапа чеккен 35 үй-бүлө 8 айдан бери үй менен камсыз боло элек. Биз болсо командабыз менен жакшы иштеп, бийликке ишеним, аброй алып келе алганбыз. Бирок дирекцияга байланыштуу айыптоолордо Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсү калыс сөзүн айта албаганы өкүндүрөт. Ошол учурдагы командама, жергиликтүү бийликке жана шартыбызды туура түшүнгөн жабырлануучуларга терең ыраазычылык билдирем!

– Жакында эле жаңы президент Сооронбай Жээнбеков ишин баштады. Сиз жаңы президенттен эмнени күтүп жатасыз? Дегеле тажрыйбалуу саясатчы катары Жээнбековго кандай баа бересиз?
– Биринчиден, силердин гезит аркылуу Сооронбай Шариповичти эл тандаган президент болушу менен куттуктайм жана ишине ийгилик каалайм! Элдин, мамлекеттин жүгүн көтөрүү оор, кыйын. Өзү инаугурациясында айткандай, «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген принципти сактап кызмат кылып берет деген ишенимим бар. Басып өткөн жолунан тажрыйба топтоду деп ойлойм. Бирок маселелер оор. Эң биринчи кыргыз-казак кризисин чечиши керек.

– Кыргыз-казак мамилесин кантип калыбына келтирсек болот? Сиз маселени чечүүнүн кандай жолун көрүп турасыз?
– Сүйлөшүү жолу менен гана чечүү зарыл, башка жолу жок. Бул жоопкерчиликти жаңы президент гана өз моюнуна алышы зарыл.

– Кызматтан кеткен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердигине кандай баа бересиз?
Атамбаев өзү Жээнбековдун инаугурациясында «мен көп пландаган иштеримди аткара албай калдым» деп элден кечирим сурады. Менимче, анын бул кадамын туура эле кабыл алышыбыз керек. 6 жыл айтканга көп, бирок иштегенге аз убакыт. Шайлоо системинде өзгөрүүлөр бар. Бирок ал жетишсиз. Коркутуу, сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу кала берди. Урнадан кийинки мыйзам бузуулар жоюлду. Талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Ушуларды эске алып президент, парламент, өкмөт жана бейөкмөт уюмдар шайлоо мыйзамына тезинен өзгөртүү киргизүүсү керек.
Биз эки «супер» президентибизди көрүп парламенттик башкарууга өтсөк бардык көйгөйлөр жоюлат деп ойлодук эле. Көрсө, ага коом да, шайлоочулар да даяр эмес экенбиз.

– Сиз баштаган өкмөт «Кумтөрдөгү» Кыргыздын үлүшүн 50/50 болсун деп сунуштап чыккан, бирок парламент колдоого алган эмес. Негизи бул сунуш реалдуубу?
– Сиз менин жарама туз септиңиз. Мен парламентте «50/50 бүгүнкү күндө жакшы сунуш эмес, бирок мындан өткөн жакшы сунуш жок» деп айткам. Биздин орточо эсебибизде жылына республикалык бюджетке 100 миллион доллар түшөт болчу. Ал учурда «Ата Мекен» фракциясы 67 пайыз кылабыз деп сунушташты эле, менден кийин алардын өкүлү премьер-министр болду. Ошондо эмне үчүн 67 пайыз кылышкан жок? Арадан 4 жыл өттү. Биз 33 пайыздан 28 пайызга түштүк. Менин өкмөтүмөн башка эч ким саясий да, моралдык да жоопкерчилик тарткан жок. Бул жерде саясий оюн болгонун убакыт далилдеди. Ушул мен үчүн өтө өкүнүчтүү.

– Жакында Жогорку Кеңеш кабыл алган «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна президент кол койду. Эми «Центеррага» 2 мөңгүнүн астындагы алтынды казууга уруксат берилди. Ушул кадам бизге керек беле?
– Толук шарттарын билбейм, бирок мындай көйгөй мен премьер кезде эле бар болчу. Аны адистер так изилдеп чыгып, корутунду бериш керек.

– Премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнүн басымдуу бөлүгү жаштардан куралып, иш алып барууда. Ушул кызматта иштеп кеткен жетекчи катары айтсаңыз, азыркы өкмөттүн иши кандай жүрүп жатат?
Сапар Исаков өсө турган жигит. Менин кол алдымда дагы иштеген. Исаков жаш премьерлердин биринчиси эмес. Аскар Акаевдин учурунда да Кубанычбек Жумалиев өкмөт башына келгенде 40 жаштын тегерегинде болгон. Өкмөттө жалаң карыялар иштесе трагедия, жалаң жаштар иштесе комедия болот. Ошондуктан тажрыйба менен жаштык бир жүрүп, гармония байкалып туруусу зарыл. Сапар Исаковго ийгилик каалайм, бирок иштегенине 3 ай болсо да 3-4 чоң катачылык кетти. 3 айда 2 вице-премьер-министрдин иштен алынганы мунун далили. Өкмөт жок дегенде 5 жыл иштеши керек. Ошондо гана жыйынтык болот. 1-декабрдан тарта Исаковго чоң укуктар берилет. Пландуу иш алып барышына мен ишенем.

– Баса, өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейтилиши сиздин оюңузча канчалык туура?
– Бийликти башкарууда президенткеби же премьер-министргеби, кимисине чоң укуктар берилсе да жоопкерчиликтүү бийлик жүргүзбөсө пайдасы жок. Азыр президенттин укуктары кыскартылып, премьерге укуктар берилди деген менен, президент эл тарабынан шайланып жатпайбы. Эгер экономика талкаланып баратса эл жообун премьерден сурабайт, президенттен сурайт. А парламент депутаттары менен шайлоочулардын ортосунда байланыш жок.

– Жээнбековдун инаугурациясына экс-президент Роза Отунбаева чакырылбады. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өңдүү көрүнүктүү саясатчылар камакта отурушат. Билишимче, бул маселелер боюнча өз оюңузду билдире элексиз...
Отунбаеванын Апрель окуясында, албетте, орду бар. Ошол учурда жигиттер жоопкерчиликти бири-бирине бере албай, жалгыз аялга бүт оорчулукту жүктөгөн. Мен да Убактылуу өкмөттө мүчө болгом. Мындай жеке кайым айтышуулар эл алдында эмес, жабык эшик артында жүрүшү керек эле. Ал эми Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн кыргыз элинин алдында чоң моралдык жоопкерчилиги бар.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов да Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон. Текебаев жөнүндө пикир билдирүү мен үчүн ыңгайсыз. Экөөнүн тең тез арада эркиндикке чыгуусун каалайм. Эгер Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири-бирине нааразычылыктары болсо, жекече чечишсин. Мыйзамды бузган болсо, мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок башка өлкөнүн жаранынын «мен акча бергем» деген сөзүнүн негизинде эле соттолуп кетүү, менимче, туура эмес. Садыр Жапаровдун окуясы боюнча менде толук маалымат жок.

– Маегиңизге чоң рахмат, агай!

"Учурда жумасына 3 жолу теннис менен алектенем".


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жантөрө Сатыбалдиев: "Кумтөр" маселесин чечпесе үлүш дагы азаят"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан