КИШИ ӨЛТҮРҮҮ, КАРАКЧЫЛЫК МЕНЕН ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАН 4 АДАМ КАЧЫП КЕТТИ. ҮЧӨӨСҮ КАРМАЛСА, ДАГЫ БИРИ ИЗДӨӨДӨ

2017-жылдын 27-ноябрында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан 4 кылмышка шектүү качып кетти. Алар кантип, кандайча качып кеткени азырынча коомчулукка айтыла элек. 28-ноябрга карата качкандардын үчөөсү кармалса, дагы бирөө изделүүдө.

ТАҢГА МААЛ КАЧЫШКАН

27-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 6 жарымдарда Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан 4 кылмышка шектүү качып чыгып кетишкен. Алардын экөөсү киши өлтүрүүгө, экөөсү каракчылык менен шектелип кармалгандар болгон. 27-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан качып кеткендердин экөөсү – Рамил Базаркулов менен Бакыт Дилдешов кармалды. Сурак учурунда «Эмнеге качканыбызды түшүнбөй калдым. Качып чыгууну төртөөбүз тең эле баштаганбыз. Бара турган деле жерибиз жок болчу, Бишкек шаарына эле келгенбиз. Качканыбыз үчүн өкүнөбүз» деп айтып беришкен. 28-ноябрда качкандардын дагы бири, Багтият Ачылдурдиев Бишкек шаарынан кармалган. Ал эми дагы бир качкын азырынча колго түшүрүлө элек. Алардын эмне үчүн, кантип качканы, кимдер качырганы азырынча белгисиз.
Кылмышка шектүүлөр качкан түнү Сокулук РИИБинде электр жарыгы саат 2де 13 мүнөткө өчүп кайра күйгөн. Ал эми камактагылар качкан учурда электр жарыгы бар болгонун «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

СОКУЛУК РИИБинин ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖУМУШТАН БОШОТУЛДУ

ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анда бир катар эрежелер одоно бузулганы аныкталган. Мунун негизинде Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында нөөмөттө турган Ж.М. жана Б.Ш. ички иштер органдарынан чыгарылды. Ал эми Сокулук РИИБинин жетекчиси Б.Дүйшеев, коомдук тартипти коргоо боюнча орун басары М.Саидов, орун басардын милдетин убактылуу аткаруучу Н.Станов, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, нөөмөт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, нөөмөт бөлүмдүн улук инспектору, нөөмөтчүлөрдүн жардамчысы, убактылуу кармоочу жайдын улук инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду. Андан сырткары Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматынын башчысы менен анын орун басарына кызматка толук дал келбестиги эскертилсе, Чүй ОИИББинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы менен анын орун басарына катуу сөгүш берилди. 28-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Азамат Ногойбаев дайындалды.
Кызматтык иликтөөнүн бардык материалдары тергөө органдарына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн. Абактан качуу фактысы боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«КАЧКАНДАРДЫН ЭКӨӨСҮ ЗЫМ МЕНЕН АЯЛДЫ МУУНТУП ӨЛТҮРГӨНГӨ ШЕКТЕЛИП ЖАТЫШКАН»

Убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүүлөр кайсы кылмыштарга шектелип камакка алынганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери Нурбек Токтосунов айтып берди:
-Рамил Базаркулов менен Кайрат Жанботоев 2016-жылдын 17-мартында Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы эски автобазанын желимдөө боюнча кызмат көрсөтүүчү бөлмөсүнө кирип спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң алар ошол эле айылдын түндүк тарабындагы көлмөлөрдүн бирине 1986-жылы туулган Э.З. аттуу аялды алып барышып, электр зымы менен муунтуп өлтүрүшкөн. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 2 күндөн соң кылмышка шектүү катары Кайрат Жанботоев, Рамил Базаркулов кармалышкан. 20-март күнү кылмышка шектүүлөр соттун чечими менен Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго киргизилген.

«ҮЙҮНӨ КИРИП КОЛУ-БУТУН БАЙЛАП, АКЧА КАРАКТАШКАН»

-Ал эми Багтият Ачылдурдиев менен Бакыт Дилдешов 2015-жылдын 7-июль күнү Новопавловка айыл аймагына караштуу Алтын-Ордо жаңы конушунун Б.Д. аттуу тургунунун үйүнө киришкен. Алар жабырлануучунун колу-бутун байлап, зомбулук көрсөтүп, 425 миң 500 сомун карактап кетишкен. Бул факт боюнча 8-июль күнү Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. 2015-жылдын 18-август күнү бул кылмышка шектүү катары жогорудагы экөө кармалып, ошондон бери №1 СИЗОдо жатышкан.
Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качкан төртөө тең 2017-жылдын 20-ноябрь күнү №1 СИЗОдон тергөөгө Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына алынып келинип,
2 камерага жайгаштырылган.

2 ЖЫЛ МУРУНКУ ЧУУЛГАНДУУ КАЧУУ

Эсиңиздерде болсо, 2015-жылдын 11-октябрынан 12сине караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 СИЗОдон 4 кызматкерди өлтүрүп коркунучтуу 9 кылмышкер качып кетишкен эле. Алардын бешөө ошол түнү жол кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, алардын үчөө абакта ар кандай жагдайда каза болушкан. Дагы төртөөнү: Данияр Кыдыралиев, Азамат Мүсүралиев, Алтынбек Итибаев, Эдил Абдрахмановду кармоо баш-аягы 10 күнгө созулган. Булардын ичинен үчөө күч түзүм кызматкерлери тарабынан кармоо учурунда атылып өлтүрүлсө, Эдил Абдрахманов оң бутуна ок жеп тирүү колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер качкан №50
СИЗОнун башчысы Иманкул Телтаев коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн айыпталып №1 СИЗОго камакка алынып, 20-ноябрда асынган абалда табылган.

АБАКТАН КАЧКАНДАР:
Базаркулов Рамил Муктарбекович,
1979-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. 2016-жылы адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.
Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 1985-жылы Түркмөнстанда туулган. 2015-жылы каракчылык жана башка кылмыштарга шектелип кармалган.
Дилдешов Бакыт Чыныбекович, 1989-жылы туулган. Талас облусунун тургуну. 2015-жылы каракчылыкка шектелип камакка алынган.
Жанботоев Кайрат Байызбекович, 1989-жылы Чүй облусунда туулган. 2016-жылы адам өлтүрүүгө шектелип камакка алынган. Качып кеткендердин ичинен жалгыз ушул учурда кармала элек. Кийген кийимдери кара түстөгү жеңи жок сырт кийим.

Рамил Базаркулов менен Бакыт Дилдешов кармалганда сурак берип жатышат. «Ийгиликтин мырзалары» («Джентльмены удачи») тасмасында «Доцент» (Евгений Леонов) «Уурдадың, ичтиң – түрмөгө! Уурдадың, ичтиң – түрмөгө! Романтика!» дейт эмеспи. Абактан качкандар колго түшкөндө сурак учурунда ошол сыяктуу «эмнеге качканыбызды деле билбейбиз» деп айтышууда. Буларга да абактан жөн эле качуу романтика болгондой...


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
dasta
2017-12-05 23:30:31
Тооба кылдым силерге емне деп коментари жазганга колум деле барбайт еркекче
0
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан