Аваз Акимов, ырчы: «АТА-ЭНЕМ ЖЫЛ САЙЫН ҮЙДҮ ОҢДОП, ҮЙЛӨН ДЕГЕНСИП «НАМЁК» КЫЛЫП ЖАТЫШАТ»

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында кыргыздын таланттуу ырчы жигити Аваз Акимов төрөлгөн. Көчөнү чаңдата ойногон кичинекей Аваз кандай үйдө чоңойгон, ырчынын үйүндө конокто болдук.

Орозбай Калиев, Аваз Акимовдун атасы: «БАЛДАР ҮЙГӨ КЕЛГЕНДЕ БИЗДЕ МАЙРАМ. СЫНАЛГЫДАН АВАЗДЫН ЫР, КЛИПТЕРИН КӨРҮП СҮЙҮНӨБҮЗ»
– Бул үйдү менин ата-энем алып берген. Өзүмдүн акчама кошуналардан да тыйын-тыпыр кошуп чогултуп, балдарымдын бирөөсү үйрөнүп алсын деп Өзгөндөн бир орус баладан аккордеон сатып алгам. Үйгө алып келсем, апасы «чай-нан жок болуп жатса, аккордеон сатып аласың» деп чуу салган. Анда улуу балам 7-класс, Аваз 1-класс болчу. Байкеси үйрөнөт экен десем, Аваз бир-эки айдын ичинде үйрөнүп алган. Азыр балдарыбыз ар бири өздөрүнүн жумуштары менен жүрүшөт. Үйгө келип калышканда биз үчүн кадимкидей майрам. Сыналгыдан Аваздын ыр, клиптерин көрүп сүйүнөбүз.

Кадича Зулушова, апасы: «АВАЗ ҮЙ ЖУМУШТАРЫНА КЫЗЫКПАЙ, МУЗЫКА ДЕП ЭЛЕ ЧОҢОЙДУ»
– Аваз 4 бир тууган. Эжеси, байкеси, анан иниси бар. Атасы Авазга 1-класста аккордеон алып келип берсе, ал аны бат эле өздөштүрүп алган. 4-класска чейин аккордеонун көтөрүп ар кайсы иш-чараларга катышып жүрдү. Анан Сыймык Бейшекеевдин колунда тарбияланды. Мүнөзү жумшак, мектепти жакшы окуду. Бирок үй жумуштарына жалкоо болчу. Үй жумуштары, мал кароо дегенге кызыкпай, музыка деп эле чоңойду. Азыр Авазга "биринчи орунда үй-бүлө, үйлөн" деп айтып жатабыз.

Бул менин айылым Кызыл-Тоо. Узунунан кеткен ушул жолдо балалыгым өттү. Жайында чаң сапырып ойносок, кышында чана менен муз тээп эле жүрчүбүз.
Кош келиңиздер. Мына ушул үйдө 1990-жылы төрөлүп, чоңойгом. Бул үйдү чоң атам атама сатып берген экен.
Досторум келгенде, жакындарыбыз, туугандар келгенде конок бөлмөгө тосуп алабыз. Ар дайым апамдын дасторкону түрдүү даамдарга толуп турат.
Ата-энемдин бөлмөсү. Бирок мен үйгө келип калганда менин бөлмөмө айланат. Гастролго ырчылар менен келип калганда ушул бөлмөгө түнөп калабыз. Быйыл эле бул бөлмөдө оңдоп-түзөө иштери жасалган. Ата-энем кайра-кайра жасалгалап эле, үйлөн дегенсип «намёк» кылып, тойго даярдык көрүп жатышат.
Короодогу малкана, кичинекей ашкана шаардан үйгө келген сайын көзгө жылуу учурайт. Анткени кичинекей кезимде ушул малкананы мен тазалачумун. Таң эрте тазалабай калсам, байкем урушчу. Үйдүн короосундагы арчалар ошол кезде менин боюм менен тең эле, азыр андан да бийик болуп өсүп калды.
Бул кичинекей бөлмөдө бала кезде Барчынбек деген иним экөөбүз чогуу жатчубуз. Бөлмөдө меш бар эле, иним ошол мештин жанында алаксып калганда мен эшикке досторум менен ойногону кетип калчумун. Барчынбек ээрчип, «Аваз аке» деген бойдон калчу. Азыр муздаткыч, жүк жыйылган бөлмө болуп калган.
Сыналгыны иним экөөбүз апама алып бергенбиз. Анда 2500 сом турса керек эле. Чоң жумуш аткарып койгонсуп, «сыналгыны көрүп жатасыңарбы?» деп сурай берчү элек. Ал кезде бул жалпак сыналгы көзүбүзгө башкача көрүнчү.
Тооккананы дайыма аңдып турчумун. Жумурткаларды издеп таап, эч кимге айтпай кууруп жеп алчу элем. Мына азыр дагы эки жумуртка таап алдым, эми апама алып барып берем.
Кичинекей кезимдеги аккордеон. Эскирди, оңдотуш керек эле. Буюрса, өзүм балалуу болсом ушул аккордеонду белек кылып берем деп ойлоп жүрөм. Бирок азыр деле иштейт. Интернеттеги мен кичинекей кезимде ырдап жаткан видеодо ушул аккордеон менен ырдагам.
Бир туугандар баарыбыз чоңоюп ар кайсы жакта жүрөбүз. Азыр айылдагы үйдө эжемдин баласы ата-энемдин колунда. Бул үйдүн эркеси ушул.


Адилет Керимбек уулу
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимовдун келин алып келчү үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
gulnur.narmatova
2017-12-06 10:46:06
Аябай жонокой жакшы кишилер экен ата энен кудайым ден соолук берсин тезирээк келиндуу кыл эми
+2
Taki95
2017-12-06 17:56:51
Menda korun suyundum,jalan gana jakshy sozdor! Jakwy adamdardy jakshy soz eerchiyt degen ushulda! Menda kop ugam jonokoi, adamgerchiliktuu bala dep, jasalmasy jok jakwy adamdar korunot ata-enesi, azamatsyn! Allahym ozuno okwow jakwy yimanduu jarga tush kylsyn!
+2
asia.16
2017-12-06 21:58:23
Азамат Аваз эн сонун. Эртерек уйлонуп апандын кооун узаартып озгондуктордун санын кобойт
+2
asia.16
2017-12-06 21:58:29
Патриот
+2
saltanat9696
2017-12-07 15:54:13
Эң соонун эч кандай жасалмалуулугу жок, жөп жөнөкөй экен бактылуу болуңуздар ылайым
+2
Aikoo2014
2017-12-07 18:25:27
Жонокой жана бактылуу уй було экен. ++
+3
Aznazalai
2017-12-07 18:58:13
Бактылуу сонун уй булоо экен.Дакани ала корбо.жогорудагы форумчулар туура айтат.Айылдын жонокой сулуусунан эле ал
+3
Adeli_Jasi
2017-12-08 00:25:08
Азаматсын Аваз!Кыргызымдын мыкты жигити!Апары эртерээк келиндуу кыл!
+2
anandi
2017-12-08 00:41:36
Аваз байке ийгилик азаматсыз"Жонокойлук адамдын-жылдызы"-дейт:ушундан жазбаныз
+2
nur72
2017-12-09 07:09:33
Абдан жонокой уй-булоо экен куда кааласа ыймандуу келин туш болсун эн сонун айыл жери
0
Gulnaz.GS
2017-12-09 09:28:02
ырын укпагам бирок интервьюсунан жагып калды
-1
Tash-Myltyk
2017-12-10 14:08:13
ким бул ?
-1
kksovet87
2017-12-10 17:04:27
Шабдан досумдун айылы го.
0
Eli.91
2017-12-10 20:14:25
Эн соонун интервью экен,жонокойлугунон жазба?ата -энене куйо турган сени сыйлайтурган,бит туугандарындын сыйын биринчи орунга койгон келинге туш бол?ар дайым ынтымакта болуп журо бергиле?сенин семянды урматто менен Элзира.
0
bekub1473kg
2017-12-11 15:21:17
Сонун экен
0
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан