Калы Сулайманов, балбан: «МЕН ҮЧҮН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛУУ ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ БОЛУУДАН ЖЕҢИЛ»

«Каршылашымды жыккан соң эле тура калып, машыктыруучумду издеп, өлкөбүздүн туусун сурайм. Желегибизди желбиретип, килемди айланып чуркоо – бул жеңиштин ырахаты!» Ушул жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медалды жеңип алган жаш балбаныбыз Калы Сулайманов жеңиштин даамын ушинтип сүрөттөйт. Олимпиада чемпиону болууну максат кылган спортчубуз тууралуу кеңири маекти сунуштайбыз.

КАЛЫ ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 20-февраль
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жерге-Тал айылы
Салмагы – 66 килограмм
Бою – 168 сантиметр
Жеке машыктыруучусу – Алтынбек Салаев
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жетишкендиктери – Жаштар арасында Дүйнө чемпиону (2016-жыл). «Vehbi Emre & Hamit Kaplan-2017» эл аралык мелдештин жеңүүчүсү. Жабык имараттагы V Азия оюндарынын чемпиону (2017-жыл)


– Калы, салам. Маекти спорт чөйрөсүнө кантип аралашып калганың жөнүндө баштасак...
– Салам. Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулгам. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз. 5 уул, 2 кыз. Алгач 2009-жылы 7-классымда айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыгууларга катыша баштагам. Бизди Сейитбек Жуманазаров деген агайыбыз машыктырат эле. Ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт-мектебине тапшырып, ошондон бери ушул жерде машыгып келем. Бул жерде мени Алтынбек Салаев деген устатым машыктырып, мелдештерге алып чыгууда.

– Алгачкы ийгиликтериң күрөшкө болгон кызыгууну арттырса керек?
– Мен грек-рим күрөшү боюнча 59 килограммга чейинкилер арасында килемге чыгам. Алгачкы чоң ийгилигимди 2015-жылы жаратып, Азербайжандагы мелдеште 2-орунга татыгам. Бул менин чоң спорттогу алгачкы жеңишим эле. 2016-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетип, Дүйнө чемпиону аталдым. 2017-жыл мен үчүн спорт чөйрөсүндө ийгиликтүү болду десем болот. Бир топ ири мелдештерге катышып, чоң тажрыйба жыйнадым. Жыл башында Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунда 2-орунду багынттым. Ушул жылдын жазында Түркияда өткөн «Vehbi Emre & Hamit Kaplan-2017» аттуу турнирде биринчиликти жеңип, алтын медаль тагындым. Бирок кайра эле май айында Индияда өткөн Азия чемпиондугунда ийгилик жарата албай, 5-орунду ээлеп калдым. Машыктыруучум менен каталарымдын үстүндө иштеп, кийинки мелдештерге кызуу даярданып жүрдүк. Көп өтпөй сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарына өлкөбүздүн атынан жолдомо алдым. Анда Кудай буюруп, алтын медаль тагындым.

– Жабык имараттагы Азия оюндары кыргыз спортчулары үчүн ийгиликтүү болду. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?
– Ооба, мен сыяктуу бир топ спортчуларыбыз жеңишке жетишти. Мамлекетибиздин капчыгына мурунку оюндарга салыштырмалуу көп медаль түштү. Менимче, бул ирет өлкөбүздүн атынан спортчулардын көп барганы медалдарды көп утуубузга себеп болду. Ошого жараша спортчуларыбыздын даярдыгы да күчтүү болду.

– Дүйнө чемпиону болгонуңда үй берилет деп жатышты эле. Ал берилдиби?
– Чемпиондукту жеңип алгандан кийин Күрөш федерациясы Бишкектен үй беребиз дешкен, бирок азыркыга чейин бериле элек. Менден мурда мен сыяктуу Дүйнө чемпиону болгон 5 спортчуга үй берилген эле. «Эми беребиз» деп эле созуп келе жатышат. Учурда Дүйнө чемпиону болгонум үчүн мамлекеттен берилчү стипендиям 25 миң сомго көтөрүлдү. Ашхабаддагы жеңишим үчүн 2018-жылдан тарта стипендияма дагы кошулат экен. Азыркы стипендияма да шүгүр. Андан үй-бүлөмө жардам берип турам.

– Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү негизги атаандаштарың кимдер? Күчтүү каршылаштарыңды белгилеп өтсөң…
– Мен үчүн Дүйнө чемпиону болуу Өлкө чемпиону болуудан жеңилирээк. Себеби республикабыздагы каршылаштарым бири-бирибиздин күрөшүү стилибизди билип калганбыз. Жеңип чыгуу кыйын. Бири-биринен өткөн балбандарыбыз көп. Ал эми Дүйнө чемпиондугу же эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн атынан чыгып, мамлекеттин намысын коргогондуктан башкача дем, башкача аракет менен күрөшөм. Негедир мага чет жакта күрөшкөн жеңил сезилет. Дүйнөдөгү негизги каршылаштарым япониялык жана ирандык балбандар. Бирок грек-рим күрөшү олимпиадалык спорт түрүнө киргендиктен дүйнө жүзүндө атаандаштарым жүздөп саналат. Ким күчтүү даярдыкка ээ болсо, ошол утуп кете берет. Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыккан спортчулар эл аралык таймаштарда катуу аракет менен күч сынашып, жеңүүгө катуу аракет жасайт. Себеби чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү бир гана жолу берилет.

– Ар бир спортчунун кыялы Олимпиаданы багынтуу болсо керек…
– Албетте. Олимпиадага катышууну, жеңүүчү болууну максат кылып келем. Мен жакында гана грек-рим күрөшүнүн чоңдор арасындагы категориясына кирдим. Олимпиадага жол ачылды. Азыртадан Олимпиадага катышуу үчүн даярдыкты баштаганбыз. «Токио-2020» Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия берүүчү мелдештер 2019-жылы башталат. Ошондо тагдыр чечилет. Кудай буюрса, Олимпиадада Кыргыз өлкөсүнүн гимнин ойнотуп, алтын медаль алып келем.

– Кыргыз жеринде спортчуларга жетиштүү көңүл бурулуп жатабы? Спортчу катары сенин пикириң кандай?
– Биздин мамлекетте башка өлкөлөргө салыштырмалуу спортко аз көңүл бурулуп, жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Муну моюнга алуубуз зарыл. Бирок акыркы убактарда спортко болгон мамиле өзгөрүп, өсүү байкалууда. Жеңишке жеткен спортчуларыбызга сыйлыктарды ыйгарып турганы бардыгыбызга алдыга умтулууга шык берет.

– Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова «Олимпиадада медалга ээ болгондон кийин гана үй-бүлө маселесин ойлоном» деген эле. Сенде да ушундай ой жокпу?
– Менин да пландарым ушул сыяктуу. Азыр атайын режим менен жашап жаткандыктан андай маселелерди ойлонууга убакыт жок. Мен да Олимпиададан кийин үйлөнсөм деп жатам (күлүп). Ата-энем, бир туугандарым мени ар дайым колдоп келет. «Бир үй-бүлөдөн бир спортчу чыкса болот. Аягына чейин бар» деп бир туугандарым дем берип турат.

– Ийгилик! Олимпиада чемпиону болуу насип этсин!

"Кыргыз туусун желбиретүү-бакыт".
"2016-жылы Францияда "Дүйнө чемпиону" наамын жеңгем. Бул мага ырахат тартуулаган".
"Ашхабадда өткөн Азия оюндарына Кыргыздын курама командасын жетектеп бардым".


Бектур Токтоноев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
eldar96
2017-12-05 09:30:20
Оо жердеш турбайбызбы. Азамат, ийгилик каалайм досум.
+5
Shekeev969798
2017-12-06 10:50:36
eldar96,Биздин айылдан Жерге-тал алгааааааааа
+1
Han1111
2017-12-05 10:40:40
Ийгилик
+1
hochuradosti
2017-12-05 14:44:05
Молодец. Ийгилик! Алга! Тилектерин орундалсын! Алла Таалам колдоп, желегибизди дуйного желбиретип дуро бер!!! Биз сени менен сыймыктабыз жана 2020- алтын медальды кутуп калабыз)

+4
mr.osmon
2017-12-05 15:37:39
азамат брат ийгилик
+2
jergetal
2017-12-05 19:57:09
Оо акамго айылда баарын жыкчу . ийгилик байке.
+2
Nargiza1987k
2017-12-06 09:36:13
Ийгилик кооп кооооп ийгилик
0
Mavlyuda
2017-12-08 17:55:10
Азамат. Тилегиң орундалсын
0
Dilbaranurdinova
2017-12-13 12:50:19
Айий жердештерим копко ?форумда.Калы сага ийгилик!
0
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан