«НОН-СТОП» КУРАМЫН ЖАҢЫЛАЙТ

Мындан 8 жыл мурун кыргыз эстрадасында «Нон-Стоп» деп аталган жаңы дуэт жаралган. Максат жана Чолпон аттуу таланттуу жаштардан куралган дуэттин келечегине ал кезде көпчүлүк ишенбесе деле керек. Бирок дуэт бир нече хит ырларды жаратып, теледолбоордо да жигердүү эмгектенип келди. Ыр, клиптин сапатына басым жасаган Максат менен Чолпондун «Нон-Стоп» дуэтиндеги сапары карыган сыягы. Анткени мындан ары алар топто ырдабай тургандарын билдиришти. «8 жылдан бери «Нон-Стоп» дуэти катары иштеп жаттык эле. Эми биздин келишим бүттү. Дуэтке жаңы дем керек болду. Андыктан кастинг жарыяладык, жаңы солисттерди тандайбыз. Өзүбүз болсо мындан ары иштей беребиз. Азырынча шоу-бизнестен кетпейбиз»,- деди Чолпон Талипбекова.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aiymzat93
2017-12-05 10:55:28
Игилик силерге Нон-Стоп
+3
Mavlyuda
2017-12-05 17:30:26
Үйлөнүп алгыла эми болду
+8
aman0296
2017-12-05 21:31:58
Кайра дует болуп чыккыла. Айсуулуну кошпой элн
0
Elitta
2017-12-06 04:27:09
Ушул 2нун ырлары такыр жакпайт мага негедир популяр деле боло алышпады арнерсе бп корушту 1эле твдан алыпбаруучу деле болду негедир анча жакпайт ушул 2бу голосу деле Жок,уйлонуп эле нары тынч эле отургулачы...
-1
Aisanur_89kg
2017-12-06 09:26:40
Суйушкондой журушот эле бул экоо,Максат башка кызды таап алып келише албай калышкан чыгар
+4
diar_1113
2017-12-09 16:44:28
мага жагат болчу экоонун ырдаганы.
+1
roland
2017-12-09 21:44:41
Мага Чолпон жагат
+2
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан