Кыргыздын жылдызы, 6 жаштагы бийчи кыз Нурпери Тургуналиева Кытайда өтчү «Х-Фактор» долбооруна аттанмак. Бирок айрым себептерден улам бул нерсе артка жылууда. Нурперинин апасы Наргиза Сулайманова:
– Быйыл Кыргызстанда «Х-Фактор» сынагы өтүп, биз баш байгени алганбыз. Башында «700 миң сом берилет» деп жарыя кылып жатышкан. Кийин аны айтпай эле «Кытайга жолдомо аласыңар» деп калышты. Биз деле сурагандан уялып койдук. «Паспортторуңар даяр болсун» дешкенинен даяр кылып күтүп отурабыз. Сынак октябрда өтмөк экен, барбай калбадыкпы. Уюштуруучулар «виза маселеси чечилбей жатат» деп коюшту. Өткөндө чалып «уят болдук, буюрса, мартта барабыз» деп кайра билдиришти,- дейт.
Долбоордун Кыргызстандагы өкүлү Мирлан Муратов:
– Нурпери эле эмес, дагы 3 баланы Кытай мамлекетине алып бармакпыз. Биздин, Өзбекстандын, Украинанын, Орусиянын катышуучуларына Кытай мамлекетине виза ачылбай калгандыктан, сынак октябрда өтпөй калды. Алар «март айында кабар беребиз» дешти. Сынакка баш байгеге 700 миң сом коюлган эмес. Кытайдагы «Х-Фактор» долбооруна катышууга жолдомо гана каралган.
Бул Нурпери тууралуу бир эле жаңылык эмес, жакында Орусиянын Биринчи каналынан бийчи кыз кайра жарк этип чыгат көрүнөт. Апасынын айтымында, Максим Галкиндин «Лучше всех» берүүсүнөн кийин катышуучулар кайрадан добуш берүүгө коюлуп, 45 баланын ичинен Нурпериге кызыккандар көп болгон. Жеңүүчү катары Нурпери тууралуу документалдык тасма тартылмак болуп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.