«Не кааласаң ошолоруң болоюн, Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың...» деп кыздарга сүйүүсүн ырдап келген Эрмек Маматов мындай саптарды эми жубайына гана арнаса керек. Анткени чыгармачылык тыныгууда жүргөн ырчы мырза 25-ноябрда 3-ирет уулдуу болду. «2010-жылы жеке жашоомо көңүл бөлүүнү чечип, сүйүктүүмө үйлөнгөм. Ошондон бери жеке иштерим менен алек болуп, 3 уулдун атасы болгонго жетиштим. Уулубуз 4 килограмм салмакта төрөлдү, эне-баланын абалы жакшы. Эркек кишиге биринчи кезекте үй-бүлө эмеспи. Ошондуктан өзүмдүн чебимди туруктуу бир калыпка салып алдым. Эми акырындан жаңы репертуардын үстүндө иштеп жатам. 7-8 жыл тыныгууда болуп, эстрададагы талаптар да өзгөрүп калыптыр. Андыктан азыр изденүүдөмүн»,- дейт Эрмек мырза. Наристеңиздин өмүрү узун болсун!