Кыргыз эстрадасында өз ордун тапкыча 8 жылдай бэк-вокалда ырдап жүрүп, анан жеке ырчы катары чыккан Айганыш Абдиева уулдуу болду. «Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 3 жылдан ашуун убакыт болду. Ошондон бери күтүп келаткан наристебиз 24-ноябрь күнү 4 килограммга жакын салмакта төрөлдү. Уулубузга атасы көптөн бери кыялданып жүргөн Эмирхан деген ысымды ыйгарды. Эне болгон сезим башкача экен, бир нерсе болсо эле көз жашымды токтото албай ыйлап жатам. Мен төрөттү жеңил эле болот деп ойлоптурмун. Төрөтканадан чыкканда сулууланып чыгам деп элестетип толтура косметикамды, чачты тармалдатам деп үтүгүмдү алып алган элем. Кайдан, чоң апа болуп чыктым»,- деп күлөт Айганыш. Эне-балага бекем ден соолук каалайбыз!