(Башталышы өткөн сандарда)
Анткени Ахмед оорукчан, кем акыл төрөлдү. Ал баарына муктаж болчу. А мен соо элем. Бирок ошол эле учурда мен да мээримге муктаж бир бала болчумун. Билесиңби, эне, ошол кичине Керемдин созулган колу азыр да созулуп турат. Бирок сен көрбөйсүң. Адатыңча көрбөйсүң.
– Уулум, кечир бизди.
– Мээримге суусаган жүрөк катып, таш боорлукка өтүп кетти.
Энесинин башы шылкыйды.
– Бирок азыр мага анын өмүрү керек. Эне, буга чейин сен Ахмеддин өмүрү үчүн кандай күрөшүп келген болсоң, мындан ары да улантасың. Уктуңбу, эне? Анткени мен уулумдан айрыла албайм.
ххх
ххх
– Мен... Мени кечирип кой. Сенин мага болгон сезимиңди билем. Бирок мен сага ошондой сезим менен жооп бере албайм.
– Билем,- деди Диана көңүлсүз.
– Унут мени. Алаксы, башкаларды байкап көр.
Диана чекесин тырыштырып алды. Аялдын намысына тийген жаман. Ызасы кекиртегине кептелсе да эрдин кесе тиштеди.
– Сен алаксый алдыңбы? Сен унута алдыңбы ал кызды?
– Менин жөнүм башка.
– Эмнеге? Сүйүү баарына бирдей келет. Ачуусу да, таттуусу да окшош болот.
– Ал сүйүү эле эмес, Жамиля мен үчүн андан да башкачараак, чоңураак нерсе. Мен аны кичине кезимден баштап сүйдүм. Ал менин каныма кирип, кан тамырларым менен жүгүрүп калган. Андан кийин деле кыздар болду, бирок Жамиляга окшош сезимди эч кимден туя албадым. Ал таптакыр башкача нерсе. Айтып түшүндүрө албайм. Ошол үчүн сени да кыйнагым келбейт.
– Мен макулмун!
– Эмнеге?
– Сени эч качан андан кызганбаганга, сенин жашооңдо анын орду бар жерге көз артпаганга. Эгерде жолуңар биригип кала турган болсо, мен үн катпай жолдон чыгып орун бошотуп бергенге. Мен баарына даярмын, Алибек.
– Жинди болбо.
Кыздын көздөрү күйүп-жанып туруптур. Коркуп кетти жигит. Өлүмдөн да коркпойм деп жүргөн жаны ушу кыздын баатырлыгынан, күчтүүлүгүнөн, сүйүүсүнөн коркуп кетти. Бир чети кызыкты. Аттиң, кайсы бир учурда өзү сүйүүсү үчүн ушундай күчтүү боло албаганына өкүндү.
– Сага оор болот мени менен жашоо,- деди сөз таба албай.
– Мейли, оор болсун, азап болсун. Мен көтөрө алам! Күчтүүмүн, спортчу эмесминби,- деди ал жаш аралаш күлүмсүрөп.
Жок деп баш чайкай албады. Кайсы бир учурда чайкагысы да келбей турду. Анткени бул күчтүү кыз эми эле анын жүрөгүнө бийлигин жүргүзө баштаган эле.
ххх
Алибек үйлөндү! Ушул эки ооз сөз Жамилянын үшүн алды. Данияр байкеси жазган экен. Мына, сүрөтүн да жибериптир. Татынакай, бойлуу кыз Алибекти кучактап турат. Анын Алибегин! Жүрөгү тез-тез кагып, дем жетпей бара жатты. Ишенгиси келбеди. Көзүн ирмеп сүрөттү тиктеп турат. Колуктунун көйнөгүн кийген кыз жана Алибек. Кызганыч өрттөп бара жатты. Жөн эле барып боюн жардан таштап же деңизге чөгүп өлгүсү келди. Мындан башка нерсе бул оордукту, бул азапты токтото албачудай. Бакчада уулун ойнотуп жатканын да унутуп койду. Теңселип туруп дарбазага жөнөдү. Энелеп аркасынан чуркаган баласына да көңүл бурбады. Керемдин машинасына бет алып кетип бара жаткан. Бул көрүнүшкө таң кала тиктеп турду. Чуркап жетип аны колдон алды.
– Сен кайда?- деди ал Жамилянын нес болгон абалынан коркуп. Ал үн каткан жок. Эч кимди, эч нерсени көрбөгөндөй абалда.
– Деңизге барам,- деди ал эрдин араң кыбыратып.
– Азырбы?
– Азыр.
– Эмне болду сага?
– Бул...- деди ал колундагы чөнтөк телефонун көрсөтүп. Сүрөттө үлпөт кийимчен Алибек менен бейтааныш кызды көрдү.
– Жүрү бул жакка,- деди Керем бакчанын эч ким көрбөгөн жагына бет ала. Отургучка отургузуп, суу ичирди.
– Ыйла,- деди ал буйрук бере.
– Жеңилдей түшөсүң.
Жамиля ыйлай албады. Тиктешип отура беришти.
– Мен эми эмне кылам?- деди Жамиля айласы куруган үн менен.
– Кантип жашайм? Ал менден үмүтүн үздү, а мен андан үзө албайм.
– Жамиля...
– Кызык, адам канча жолу өлө алат?- деди ал Керемге тиктеп.
– Мен канчанчы жолу өлдүм? Сен мени канчанчы жолу өлтүрдүң? Эми чындап өмүрүмдү алып тынчы. Мени өлтүрүп салчы. Түшүнөсүңбү, мен өлүп баратам. Ичим чок болуп жанып-күйүп баратам. Ал үйлөндү! Бүттү баары! Менин акыркы үмүтүм бүттү. Мен...- энтигип ыйлаган Жамиля отургучтан жерге кулап түштү. Өксүп, өзүнүн чачын жулуп, жерге оонап, башын койгулап ыйлап жатты. Керем эч токтото албады. Колун тийгизсе эле мындан жаман болорун билет. Андыктан эч нерсе кыла албады. Тиктеп туруп чыдай албай кетти. Машинасына отуруп өзү айдап жөнөдү. Ээн жерге келгенде гана токтотуп рулга өбөктөй калып ал дагы ыйлап жиберди. Дал эле Жамилядай өксүп, боздоп ыйлады. Жараткан баары бир адилет эмеспи. Кимдин көз жашына ким себепкер болсо, ал ар дайым жазасын алар.
ххх
Аял узак сапарга чыккандай. Азыр деле бир кездеги сулуулуктан кабар берип турган жүзү санаа баскандай.
– Бир жериңиз ооруйбу?- деди жанында отурган адам.
– Жок, оорубай эле. Кызыма кетип бара жатам.
– Кызыңыз кайда?
– Орусияда.
– Азыр балдар баары эле бөлөк жерге кетип жатышпайбы. Ошентпесе да болбос. Кызыңыз канча жыл болду кеткенине?
– 4 жыл.
Аялдын сүйлөгүсү келбегендей түрүн көрүп жайына койду сапарлашы. Арзуу кызы Нуриляны издеп чыккан. 1 жылдан бери кабары таптакыр чыкпай кетти. Жалгыздык жанына батты. Кызынан санаасы чыдабай машинасын сатып, чарбасын коңшуга табыштап Орусияга кызын издеп бет алгандагысы...
(Уландысы кийинки санда)