КАРАПАНЫ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Тамак жасоонун алдында карапаны сөзсүз 1 сааттай муздак сууга чылап коюңуз. Бул ыкма аны электр мешине салганда жарылып кетүүдөн сактайт жана өзүнө сиңирип алган суу бууланып ичиндеги азыктар ширелүү болуп бышат.
Карапаны ысып турган электр мешине эмес, аны жаңыдан иштеткен кезде салуу туура. Мындай кадам карапанын жарылып кетүүсүнүн алдын алат.
Карапанын өзү да, капкагы да электр мешинин капталдарына, зымдарына тийип калбашы керек.
Чопо жылуулукту өзүндө көпкө кармагандыктан, электр мешин рецептте көрсөтүлгөн убакыттан 10 мүнөт эрте өчүрүп, карапаны анда калтырып койсоңуз да болот. Бул убакытта азыктар дагы да болсо бышууга жетишет.
Карапаны электр мешинен чыгарганда муздак жана нымдуу жерге коюуга болбойт. Ал жогорку температурада болгондуктан жарака кетиши мүмкүн.
Карапаны химиялык идиш жуучу каражаттар менен жууганга болбойт. Анткени чопо заттарды өзүнө сиңирип алуучу касиетке ээ. Ысык суу менен эле жууган оң. Болбой баратса ашкана содасын колдонууга болот.
Карапаларды жууган соң кургатып, оозун ачык сактасаңыз ичин көк баспайт.
КОЙ ЭТИ МЕНЕН
4 порция
Даярдоо убактысы – 2 саат 40 мүнөт
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Кой эти – 800-900 грамм
Картошка – 5-6 даана
Кара өрүк же анын кагы – 12 даана
Пияз – 2 баш
Сарымсак – 4 тишче
Кинза – 8 тал
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Койдун шорпосу (же суу) – 4 чөмүч
Татымына жараша туз, мурч
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Койдун сулп эти кесек-кесек, төрт бурчтук формасында тууралат.
2. Жашылчаларды аарчып, тазалап-жууйбуз. Пиязды жарым тегерек, картошка төрт бурчтук формасында тууралат. Ал эми сарымсакты жанчып алсак, кара өрүктү тең экиге бөлөбүз.
3. Табадагы ысып турган майга эттин баарын бир салып жибербей, бөлүп-бөлүп салып күчтүү отто кызарта кууруп алабыз. Эскертүү! Этке туз кошпой күчтүү отто куурусаңыз ширеси өзүндө сакталат.
4. Этти чыгарып алып, ошол эле майга пиязды соолуганча кууруп алабыз.
5. Эми даярдалган азыктар 4кө бөлүнүп, алар 4 карапага ирети менен салынат: эт, картошка, кара өрүк, куурулган пияз. Ар бир азык салынгандан кийин өлчөмүнө жараша туз, мурч себелөөнү унутпаңыз. Аягында койдун шорпосунан ар бир карапага 1 чөмүчтөн куюп, карапанын капкагын жаап, 180 градуста ысып турган электр мешине 2 саатка салып коёбуз. Бул аралыкта эт сиз ойлогондой жумшак, ширелүү болуп бышат. Дасторконго берерде үстүнө майда тууралган ашкөктөн себелеп коюңуз.
КОЗУ КАРЫН МЕНЕН
4 порция
Даярдоо убактысы – 2 саат 40 мүнөт
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти – 700 грамм
Картошка – 4-5 даана
Козу карын (каалаган түрү) – 300 грамм
Пияз – 2 баш
Сыр – 200 грамм
Каймак – 200 грамм
Ун – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Татымына жараша туз, мурч
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Тоок этин сууга кайнатып бышырып алабыз да, чоң-чоң кесимдерге бөлөбүз. Сууга татымына жараша туз салууну унутпаңыз.
2. Пияз менен козу карынды аарчып, тазалап, ичке туурап, татымына жараша туз, мурч салып майга кууруп алабыз.
3. Картошка төрт бурчтук формасында тууралып, сыр сүргүчтөн өткөрүлөт.
4. Соус даярдайбыз: табага бир аз өсүмдүк майын куюп, ага унду кызарта кууруйбуз да, каймакты куюп аралаштырып, борк эткизе кайнатып, оттон чыгарабыз.
5. Азыктарды 6га бөлүп, 6 карапага ирети менен салабыз: эң астына тоок эти, анан картошка, андан соң куурулган козу карын, үстүнө соус куюлуп, сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр себеленет. Карападагы азыктар электр мешине бышууга даяр! 180 градуста 40 мүнөт бышырып алабыз.
ТООК ЭТИ МЕНЕН
4 порция
Даярдоо убактысы – 2 саат
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти – 600 грамм
Сосиска – 300 грамм
Картошка – 5-6 даана
Пияз – 2 баш
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Петрушка – 8 тал
Томат ширеси – 0,5 литр
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Татымына жараша туз, мурч
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Тоок этин эт туурагычтан өткөрүп, ага майда тууралган пиязды, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Эми алаканыбызды майлап же суулап, аралашмадан аз-аздан алып тоголоктойбуз.
2. Жашылчаларды аарчып, тазалап, жууйбуз. Картошка төрт бурчтук, сабиз жука, жарым тегерек формасында, сарымсак майда тууралат.
3. Сосисканы чакан бөлүктөргө бөлөбүз.
4. Карапага даярдалган азыктар ирети менен салынат: картошка, сабиз, сосиска, тоок этинен жасалган шарчалар. Ар бир азык салынгандан кийин татымына жараша туз, мурч себелөөнү унутпаңыз. Эми ар бир карапага 2 аш кашыктан өсүмдүк майын, 1 чөмүчтөн томат ширесин куюп, карапанын капкагын жаап, 180 градуста ысып турган электр мешине 90 мүнөткө салып коёбуз. Тамагыбыз даяр! Дасторконго берерде үстүнө майда тууралган петрушкадан себелеп коюңуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg