Мырзалардын көзүн кызарткан узун буттуу сулуу кыздар, көз жоосун алган шоу, бий, музыка менен коштолгон «Victoria's Secret'тин» шоулорун көрүп калсаңыз керек. Айымдардын ич кийимин чыгарган бренд көптөгөн сулуу кыздарды миллионер кылып, атактууга айланткан.
АЯЛЫНА ИЧ КИЙИМ ИЗДЕГЕН РОЙ РЕЙМОНД«Victoria’s Secret» (кыргызча «Викториянын сырлары») – айымдардын ич кийимин чыгарчу ири дүйнөлүк компания. Аталган бренддин негиздөөчүсү Рой Реймонд аялына сюрприз жасоо максатында ага ич кийим сатып алуу үчүн дүкөнгө кирет. Ич кийим сатылчу дүкөндө эркек кишинин жүргөнүн көргөн сатуучулар Рой мырзаны чочуган көздөрү менен карап, уялгандай түр көрсөтүшөт. Келгенине бушайман болгон Рой мырза дүкөндөн куру кол чыгат. Бирок ошондо Рой Реймонд өзү менен революциялык идеялар чогуу чыкканын баамдабаса керек эле.
1977-жылы Сан-Франциско шаарында Рой Реймонд «Victoria’s Secret`тин» алгачкы дүкөнүн ачкан. Мырзалардын бейиш бурчу делген дүкөндөрдө түрдүү фасондогу, кымбат кездемелерден тигилген ич кийимдер сатылчу. 1982-жылы Рой дүкөндөрдү кеңейтүү максатында кошумча 6 дүкөн ачат. Бирок максаты ишке ашпай, банкротко учурайт да,»The Limited» деген аталыш менен кийимдер линиясын чыгарган ишкер Лесли Векснерге 4 миллион долларга сатып жиберет. Лесли Векснер «Victoria’s Secret`тин» брендге айланышына салымын кошкон ишкер. Лесли Векснер компанияны сатып алгандан кийин ич кийимдер өзгөчө табит менен тигилип калган. Айымдардын келбетин сексуалдуу, назик, кооз, романтикалуу көрсөткөн ич кийимдер ар бир айымга эле эмес, анын мырзасына да мыкты маанай тартуулай алчу.
КАНАТЫН ЖАЙГАН ПЕРИШТЕЛЕР ПАЙДА БОЛДУ
1995-жылы компания алгачкы жолу мода көргөзмөсүн уюштурган. 1998-жылы көргөзмөлөр шоу менен коштолуп, супер моделдердин катышуусунда өтө баштайт. Ушул эле жылы жылына бир жолу өтчү шоу интернеттен түз алып көрсөтүлүп, моделдер периштелердей канатын жайган форма кийип чыгышып, «Victoria’s Secret`тин» периштелери» атка конушкан. «Victoria’s Secret`тин» периштеси болуу ар бир модель үчүн сыймык. Алсак, «Victoria’s Secret`тин» «аксакал» моделдери Адриана Лима менен Алессандро Амброссио 20 жылга жакын аталган брендди жарнамалап, тыгыз иштешип келишет. Компаниянын алгачкы «периштелери» Наоми Кэмпбелл, Хайди Клум, Тайра Бэнкс учурда планетанын эң атактуу моделдеринин бири. Ал эми Жизель Бундхен, Миранда Керр, Адриана Лима, Кэндис Свейнпол «Forbes» журналы жүргүзгөн рейтингде эң бай жана таасирдүү айымдардын тизмесинен түшпөй келишет.
ЭҢ КЫМБАТ ИЧ КИЙИМ 15 МИЛЛИОН ДОЛЛАР
– Компаниянын тарыхында эң кымбат ич кийим – 2000-жылы мода көрсөтмөсүндө Жизел Бундхен кийип чыккан ич кийим 15 миллион долларга бааланган. Ал кызыл түстөгү ич кийим топтому 1300гө жакын кымбат баалуу таштардан жасалып, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген.
– 2007-жылы 13-ноябрда «Victoria’s Secret`тин» моделдери Голливуддагы «Атактуулар аллеясынан» орун алышкан.
– Компаниянын негиздөөчүсү Рой Реймонд «Victoria’s Secret`ти» саткандан кийин балдар кийимдерин чыгарып, ал ишинен да банкрот болуп, 1993-жылы өз өмүрүнө кол салып каза болгон.
– Ирина Шейк «Victoria’s Secret`тин» шоулоруна катышуу үчүн 3 жолу кастингге келип, өтпөй калган. Модель бала кездеги кыялын орундатып биринчи жолу 2016-жылы аталган бренддин шоусуна кош бойлуу кезинде катышкан.
– Моделдерди тандоодо жашы каралбайт, башкысы, ачык-айрым, харизмасы бар, спорт менен машыккан моделдерди катарына кошот.
ШОУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
– Орточо эсеп менен компания бир шоу өткөрүү үчүн 12 миллион доллар сарптайт.
– Моделдердин гонорары сыр сакталып келгени менен, бир эле шоу үчүн белгилүү моделдер 100 миң доллар алары айтылат.
– «Victoria's Secret`тин» шоусу теледен берилип жатканда берүүнүн ортосуна жарнама берем дегендер 200 миң доллар төлөшөт.
– 2013-жылга чейин компаниянын көргөзмөлөрү АКШнын аймагында гана болсо, кийинчерээк Европага өткөн. Париж, Лондон шаарларында аталган бренддин шоулору өткөрүлгөн. «Victoria's Secret`тин» кезектеги көргөзмөсү 2017-жылы Кытайдын Шанхай шаарында өттү. Бул бренддин тарыхында эң кымбат шоу катары эсептелди.
– Көргөзмөлөргө билет сатылбайт. Жалаң чакыруу кагазы менен гана көрүүчүлөр катыша алышат.
– Шоуну көргөнү келген конокторго кол телефонго сүрөт, видео тартып, аларды социалдык тармактарга чыгарууга тыюу салынган.
Лунара Бекиева
star@super.kg