«АТАМДЫН УКРАИНАЛЫК АЯЛЫН КУБАЛАП ЖИБЕРИШКЕН»– Балалыгыма кайрылардан мурун кимдин баласы экениме бир аз токтолоюн. Атам Улуу Ата Мекендик согушка катышкан киши, эки жолу немистердин колуна түшүп, аман калган. Концлагерден кутулуп чыккандан кийин бутунан жарадар болуп бир айылда калып калса, ал айылды да немистер басып алыптыр. Кинодогудай бүт айыл элин чогултуп сарайга камап, эшик, терезелерин жыгач менен кагып бекитип, өрттөп жиберишкен экен. Сарайдын бир жагы жакшы күйбөй түтөй баштаганда атам дагы бирөө менен ошол жакты бузуп качып чыккан экен. Ажалы жок экен да. Согуш бүткөндө атам Кыргызстанда деле согуш болуп немистер басып алса керек деп, Украинада үйлөнүп, ошол жакта калып калат. Үйдөгүлөргө кат жазып, бул жакта согуш болбогонун, тууган-урук аман-эсен экенин билет. Аялы менен Нарынга келсе, «бул каапыр болуп кетиптир» деп туугандар баласы Курманбек байкебизди алып калып, энесин кетирип жиберишет. Ал киши ошол учурда каякка кетерин деле билбесе керек, Жумгалдын борборунда жашап жүрүп каза болду. Турмушка да чыккан жок.
Кийин туугандар атабызга биздин апабызды алып беришкен. Апам атамдан 20 жашка кичүү. Апам биринчи аялын билет да, кээде тамашалап «майрамдарда куттуктап койсоң боло, барып келбейсиңби» деп атама тийишип калчу. Ал ансайын атам «жөн турчу, ай» деп калчу. Атам трактор айдап, чабан болуп жүрдү. Мен ата-энемдин чабан кезиндеги төрөлгөн ортончу баласымын.
«ЖЕТИГЕ ЧЫККАНДА КАТУУ СЫНДЫМ»
– Төрөлгөнүмө 2 ай болгондо «тоодон кыйналабыз» деп мени атамдын көзү өтүп кеткен агасынын байбичесине берип коюшуптур. Ал кемпир суранса «бага албайт болуш керек, кайра берет» деп тоодон бешикке бөлөп, бешиги менен берип жиберишет. Бир күн күтүшөт жок, үч күн күтүшөт жок. Ырысбүбү апамдын мени бала кылып алганын түшүнүп, өзүмдүн апам Асый ыйлаптыр. Мен чоң апамды апам деп билчүмүн. Азыр ойлосом, мени бирөөнүн баласы дебей, өзү жебегенди жедирип, кийбегенди кийгизип эрке өстүрүптүр. Баланын шагы сынып калат дебей айрымдар «муну эмне мынча чоёктотосуң, бер өзүнүн ата-энесине. Бул чоңойгуча сен өлүп каласың. Сени бакпагандан кийин муну эмне багасың?» дей беришчү. Апам алар менен урушат. Өз балдарынан мени артык көргөн окшойт, алар да мени жаман көрүшчү. Апамдын улуу баласы мен эс тартып калганда аял алды. Жеңем мени жакшы көрүп эркелетейин десе керек, көтөргөндө ыйлап буттарын тепкилеп салыптырмын. Анан ал келин ыйлап, «мен кетем же бул баланы бергиле ата-энесине» деп шарт коёт. Байкуш апам жаңы алган келинин кетирип жибермек беле, мени кетирет да.
Мен чоңойгон үй менен өз ата-энемдин үйүн бир эле кошунабыз бөлүп турчу. Менин тозок жашоом өз ата-энеме кайрылып келгенде башталды. Бир туугандарымды бир тууган дей албайм, алар дагы мени чоочундай кабыл алышты. Уруша кеткенде «өзүңдүн балдарың биринчи тийишти, өзүңдүн балдарыңды кой дебейсиңби» деп айтам. Эрке өскөн бала элем, ошентип жетиге чыкканда катуу сындым. Ырысбүбү апам экөөбүз ортодогу кошунабыздын эшигинин алдынан жолукчубуз. Бир туугандарым «тур, сени чакырып жатат» дешет, апам келгенин дароо түшүнүп көчөгө чыгам. Чөнтөгүнө момпосуйларын салып келет, «мени минтишти, тигинтишти, алып кет» деп ыйлайм. Ал да ыйлайт. Бул көрүнүш күнүгө кайталанчу. Ошентип жүрүп жүрөгү ооруду окшойт, жарым жылдан кийин каза болуп калды. Баягы таянар тоом, даттанар адамым жок калды. Ким ыза кылса эле жашынып алып ыйлайм. Ошол күндөн тарта башкача чоңойдум. Куудул болуп калганымдын да бир себеби ушул болсо керек. Башымдан кайгылуу күндөрдү көп өткөргөндүктөн, элдин жылмайып жүрүшүн каалап калдым.
«АПАМДЫН ТИЗЕСИНЕ БАШЫМДЫ КОЮП ЖАТКЫМ КЕЛЧҮ»
– Бир туугандарым, ата-энем да мени өздөрүнөн алыс кармашты. Балким, өздөрүнө билинбейт. Момпосуй, кийим алып келсе көнгөнүндөй эле байкеме, иниме берет. Мага ашса берет, ашпаса бербейт. Апам бир жактан келе жатканда бир туугандарым «апам келе жатат» деп алдынан тосуп чуркашса, мен чуркай албайм. Жүгүрүп барган күндө деле «ушул деле балам» деп мээримин төгүп, башымдан сылабайт эле. Башкалар «апам мага муну алып берди, атам минтип айтты» деп мактанышса мен жетим баладай болуп четте турам. Кадимкидей апамдын тизесине башымды коюп жаткым келчү. Апам да ачык эле «мен тиги баламды жакшы көрөм. Бетиңе эле айтайын, Борончу, сени жакшы көрбөйм» деп калчу.
«КОЛХОЗГО ЖАРДАМ БЕРИП, ГЕРМАНИЯГА ДА БАРМАЙ БОЛГОНБУЗ»
– Апам жакшы көрсө экен деп үйдөгү жумуштардын баарын, тамактын түрүн жасачумун. Классташтарым көрбөсүн деп кой короого кирип алып, үйүлгөн шейшептерди жууйм. Камыр жууруп, нан жасайм. Бир күнү камыр жууруп коюп сабакка бардым. Экинчи агамдын келинчеги мугалим болчу. Класска кирип келгенде баарыбыз «саламатсызбы?» деп ордубуздан турганда эле «саламатчылык, отургула. Борончу, сен үйгө бар, камыр ачып калды, нан сал» деди. Классташтардын баары күлүп ийишти, мен кызарган боюнча үйгө кеттим.
7-8-класста окуп калганымда колхозго жардам берип, кыркынга, чөп чабыкка барып иштеп жүрдүк. 18 баланын бригадири элем. Биз жакшы иштегендиктен Германияга жолдомо бермей болушту. Суусамырда "Данияр менен Жамиля" деген бизге окшогон балдар, кыздардын эмгекчил тобу чыгып, алар да колхозго жардам кылышыптыр. Алар бизге караганда акылдуулук кылып тобунун атын Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандардын атынан коюшуптур. Кыскасы, саясат болуп кетти окшойт, Германияга биз эмес, алар кетишти. Бирок биздин эмгек акыбызды колго карматып, автобус менен Ысык-Көлдү айланып эс алып келгиле деп,
3 кой да салып беришкен.
«БИР ТОПКО ЧЕЙИН АРТИСТ ЭКЕНИМДИ КАБЫЛ АЛБАЙ ЖҮРҮШТҮ»
– Азыр жамандык, жакшылык болсо деле башка бир туугандарым чогула калып кеңешишет. Менин бар-жогумду бир туугандарым капарга деле алышпайт. Апам ыраматылык айылдан шаарга келгенде башка балдарына баштык көтөрүп келет да, мага алып келбейт эле. Мени туугандарыбызга 2 айлык кезимде берген өздөрү, кайра мени күнөөлүү кылып коюшкандарына эч түшүнчү эмесмин. Шаардан айылга барганымда апам жадырап-жайнап тосуп алчу эмес. Үйлөнгөндөн кийин деле чоочун бирөөнүн үйүнө баргандай болуп жүрчүмүн. Жакшы тосуп алса экен, көңүлү көтөрүлсүн деп адегенде баламды киргизип «чоң апа, мен келдим» дедиртчүмүн. Мени өтө капа кылганы, экинчи баламдын атын куудул, олуя атабыздын атынан Куйручук деп койбодум беле. Куудулга куран окутуп, айыл аксакалдарынан бата алайын деп айыл элин үйгө чакыргам. Анда ата-энемдин көзү өтүп кеткен, агам «сен өз ата-энеңе куран окутпай бирөөнүн атасына куран окутасың» деп казанда бышып жаткан эт менен кошо баккан апамдын үйүнө кубалаганы жүрөгүмдө. Мен намаз окуйм, аны милдет кылбайм, намаз окуган сайын ата-энеме куран окуйм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg