САБИЗ ЖАНА КЫЗЫЛЧА САЛАТ МЕНЕН ӨТКӨН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЛОР

Учурдун үйлөнүү тойлорун көрүп, кыргыздар башка маселелерин жыйыштырып коюп, той бериш үчүн эле жан уруп иштейт деген ой келет. Толгон токой каада-салт, ырым-жырым, жалпылап келгенде, ысырапкорчулук. Илгери үйлөнүү тойлор кандай өтчү эле, атактуулардын өткөнүн эстеп көрөлү.

Абдылда Иманкулов, куудул: «МАС БОЛБОГОНДОРДУН БОЗОСУНА АРАК КОШУП ИЙЧҮБҮЗ»
– Илгери сүйлөшүп эле жүргөндөр ала качты кылып үйлөнүшчү. Мен да келинчегим Ырысты 1983-жылы ала качты кылып үйүмө алып келгем. Дароо эле 5-6 киши кууп келишти. Алар алып кетели деле дешпейт, каадасы ошондой эмеспи. Аларды коноктоп, калпак, көйнөк, жоолук берип кетирдик. Атамдын иниси баштаган 5-6 тууганым ачуу басарга 1 жылкы алып барган. Калыңга бир кулундуу бээ, бир музоолуу уй, 10 чакты майда жандык бергем. Кыскасы, бекер алган эмесмин. Ал кезде тойго уй, жылкы соймой жок болчу. Бир кой союп айыл-апаны чакырып бата алганбыз. Дасторконго сабиз, кызылча салат, боорсок, сары май коюлчу. Ал кезде азыркыдай спирт ичимдигинин түрү жок эле. Бозо анан бир аз арак берилчү. Бозого мас болбой жаткандарга арактан кошуп жиберчүбүз.


Таалайкан Абазова, актриса: «КАЗАРМАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ УКМУШТУУДАЙ ТОЙ ӨТТҮ ДЕП ЭЛ КЕП КЫЛЫШКАН»

– Алтынбек (ред.: Максүтов) экөөбүз 3-4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1995-жылы 18-сентябрда баш коштук. Алдын ала ата-энелерибиз жолугуп сүйлөштү. Алтынбек атайын ак костюм- шым, мен шөкүлөсү менен кыргыз көйнөк тиктирдим. Мен ал кезде кыргыз драма театрында иштеп, бир окуу жайдын жатаканасында жашачумун. Алтынбек «үйдөн алып кетебиз» дегенинен жатаканадагы кошуна эжем «бияктан алып кетишсе уят эмеспи, дасторкон даярдайлы» деп чуркап калды. Алтынбек достору менен келди, күйөө жолдош Болот Тентимишов болчу. Дасторкон даярдап койгонубуз жакшы болуптур, балдардын баары кычырап костюм-шым кийип, капкара машиналарга шарик, лента байлап, аккордеон менен келишиптир. Аңгыча үйгө сиңдим Нуриса келип калды, ал мага караганда кыйын экен, мени парданын артына жашынтып коюп, балдардан көрүндүк алып, анан бөлмөгө киргизди. Борбордон Тогуз-Торого учак менен учуп бардык. Окуучулар гүл менен тосуп алышты. Кайнатам мугалим, кайненем врач болчу. Кайненем чыгармачыл адам. «Улуу баламдын тою мыкты болсун» деди го, уюштуруунун башында өзү турган. 18-сентябрда келин көргөндөр үйгө келишти, эртеси мектептин ашканасында 1 күн конок тостук. Казарманда биринчи жолу укмуштуудай той өттү деп эл көпкө кеп кылышкан.


Дилбар Раимбекова, ырчы: «ТОЮБУЗ ҮЙДӨ ТУУГАНДАРЫБЫЗДЫН АРАСЫНДА ӨТКӨН»

– 1992-жылы Союз тарап, эл той бермек түгүл нан, чайга араң жетип жаткан учур эле. Биз концерт коюп жүрүп, элдин кыйналып жатканын билчүбүз. Чүй театрында иштечүмүн, гастролго чыкканыбызда эмгек акыбызга жумуртка, тоок алган күндөрүбүз болду. Биз ошол жылдары баш коштук. Кайненем жоолук салып, «көйнөк тиктирип ал» деп кездеме бергени эсимде. Апам Маратка (ред.: Алышпаев) турмушка чыгышыма көңүлдөнбөй көпкө жүрдү. Мага эмес, апама жакшы чайлардан, алтын топтом, кымбат жоолук кылып белек алып бара берди. Ошентип жүрүп экөө тил табышып кетти. Кийин «Маратым» деп калды. Тоюбуз азыр өзүбүз жашап жаткан үйдө 20 чакты жакын тууганыбыздын арасында өткөн. Тойго азыркыдай чарпылган деле жокпуз. Конокторду винегрет, оливье салаттары, туздалган бадыраң, боорсок менен тосконбуз.
 
Амантай Кутманалиев, төкмө акын: «3 КҮН ТОЙ БЕРИП, ГАСТРОЛГО ЧЫГЫП КЕТКЕНБИЗ»
– 1995-жылы сүйлөшүп жүргөн кызым Жаңыл менен чогуу гастролго чыгып калдык. Таласты кыдырып жүрүп, менин үйүмө да бардык. «Сүйлөшүп жүргөн кызы ушул экен, азыр эле үйлөнтүп салалы» дешип туугандар Жаңылды отургузуп коюшту. Үйдө 3 күн той бердик. Эшиктин алдына узун столго дасторкон жайдык. Азыркыдай кафелерде 3-4 саат отуруп тарап кетмей жок да. Кечигип келишет, бүгүн келбей калган конок эртеси келет дегендей, классташтарым үзүлбөйт. Ошентип 3 күн той бердик да, гастролубузду улантып кете бердик. Ал кезде азыркыдай ысырапкорчулук жок болчу. Жакында эле бирөөлөр үлпөт тойдон кийин кафенин ижарасын төлөй албай калышып, күйөөгө тийген кызды күрөөгө алып калып жатпайбы. 4-5 саат дегенде араң акча таап келип, келинин күрөөдөн чыгарып кетишти. Ушул кимге керек?!


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Aelina2017
2017-12-05 10:18:33
Кридити жок жакшы тойлор болуптур. Эн башкысы баары бактылуу. Кудайым бактылуу карылыкты берсин. Амантур агабыз Саматка окшошго
+13
jemile
2017-12-05 10:43:47
Элдин ою, жүрөгү, зээни, мамилеси башка болчу да...
+12
Talgat89
2017-12-05 12:15:11
Ал кезде тойлор азыркыга караганда кыйла эле жупуну отчу экен. Бирок элдер азыркыга караганда кыйла кен пейил болушчу. Кары-жашы дебей келип аз да болсо жеп-ичип чын конулдон олтуруп таркап кетишчу. Азыркыдай бай-кедей болуп болунмой жок болчу ал кезде.
+12
nurhan2702
2017-12-05 14:11:06
Ошондо Дилбар Раимбекованын куйоосу "Президент жана бомж" киносундагы президентпи.
+8
jama9210
2017-12-05 14:40:04
Откондоле кайненем айтып атты эле венигрет жасап эле той откорчубуз деп
+3
tttalant
2017-12-05 15:08:51
Менделе уйдо эле откоргом кудайга шугур баарына азыр баары жакшы иншаллах
+4
nuris208
2017-12-05 15:32:36
Келинди күрөөгө алып калып
+12
Shahrizaada
2017-12-06 00:34:01
Шөкүлөнун жабуусун чогу жамынып сүрөткө түшкөндөру жакты)))
+7
Pandora
2017-12-06 11:04:02
Менин бир авамдын 1985 же 1986 жж улпот тойундагы суроттору бар,жапжарыкта эле тушкон экен.Той кундущу болгонбу десек,кечинде той болуп откон экен,эртеси кундузу суротчу келип калса кошогодо отурган келинди ж.б. айай койнокторун кийип оздопунчо бийлеп жаткандай болуп суротко тушкон экен))) Азыр болсо замандын талабы менен ар бир адамда бар чырк этмей.
+7
love_you
2017-12-06 16:52:28
мен датан кала берем мурда кантип той, ашотчу деп. дасторконго каймак сары май боорсок колуп жонокой. азырчы, эртен киши чакырамдесен бугун тун ортосунан откондо жатмай эртеси тан атпай турмай. эхх ысырапкерчилик
+2
FREELove
2017-12-07 03:02:24
2017 жылдын октябрында уйлонуу той (молодежный) болду. Чыкканыбыз двухэтажный лимузин, шаарды айланып, кеч кафеге бардык. Жамандаш эмес го жегенибиз сабиз салат менен кызылча болду. Тамадасы жок, баары озу мн озу. Тойдо свет жок, движок мн иштеп жатыптыр. Баланын достору кафеге батпай калды. Ото уят болду досторуна. Суйлогону асмандын башы. Эмнеси болсо да бактылуу болушсун.
0
Aikoo2014
2017-12-07 20:06:11
Илгерки тойлор эле жакшы болчу экен ысырапкерчилиги жок, аракты эсепке албаганда.
+4
Ali80
2017-12-08 08:16:32
Азыр деле сабиз салат менен кызылча салат болгону кооздолуп , анан кытайдын татымдарын кошуп койгон болду. Ошону асмандай баага сатып алабыз, эх кыргыз качан онолобуз
+4
kydyrova_71
2017-12-08 14:59:47
Бирок мындай алып караганда, той откорм баланчадан кем калбайын, баланчанын баласы болуп озумду туура журум турумумду корсотойун деген ар-намыс алакандай болгон кыргыз улутун кылымдан кылымга сактап келе жаткандай сезилет мага.Албетте Аллахтын окуму, колдоосу менен.
+4
shirin_kyz88
2017-12-10 18:01:00
Зато баары бактылуу коз тийбесин. Азыркыларын уйлонгондон ажырашканы бат кудай сактасын. Бекер эле ашыкча расход кылып бактылуу жашап кетишсе мецли демексин бактысы учун, бирок андай болбой калып жатпайбы.
+1
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан