реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
semetei

«МУРГАБДА ЧАЧ ӨРМӨЙ ТОЙДО КЫЗДЫН ЧАЧЫНА 40тан АШЫК ШАКЕК ӨРҮЛӨТ»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.


Чүй өрөөнүнө келип отурукташып калган мургабдык кыргыздардын бири – Улукбүбү Жунусова. Аны менен жолугуп, түпкү мекенине келип калуусунун себептери менен азыркы жашоосу, мургабдык кыргыздар тууралуу билмекке Кара-Балтага жол тарттым.


ТҮШҮНДҮРМӨ

Мургаб району – Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы район. Мургаб эли жашаган өрөөн Сары-Кол деп аталат. Памирде деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Калкы – 6,3 миң адам.

Каарманым мени үйүнөн тосуп алды. Ичкери баш бакканда эле колго согулган килем менен таар, ал тургай илгерки унутулуп бараткан буюмдар да көзгө урунду. Суктануу менен караганымды байкаган Улукбүбү «булар менин кол иштерим деди.


– Кол өнөрчүлүктү кимден үйрөнгөнсүз?
– Маркум апам Турна уз эле. Кичинемден килем, өрмөктүн түрлөрүн согууну, сайма саюуну үйрөтүп чоңойтту. Мында келгени улуттук колориттеги көйнөк, чапан, кемселдерди тигип, саймалап таар согуп, кыздын себин даярдап сатып, балдарымды багып келе жатам. Тапкан акчамды чогултуп эптеп үй да алдым дегендей.

– Өнөрлүү өлбөйт деген ушул эмеспи. Мургабдан Чүйгө кандайча келип калгансыз?
– Чүйгө башка мургабдыктарды ээрчий 2004-жылы келгем. Мургабдын жалаң кыргыздар жашаган Раң-Көл айылынан болом. СССР кезинде экономикалык абал жакшы эле. Союз таркагандан кийин электр жарыгы, көмүрү жок калдык. Тажикстандагы атуулдук согуштун да кыйыр таасири тийди десем болот. Кышкысын суук 40-45 градуска чейин жетет. Кар, жамгыр аз жааганы менен, карандай какшаткан суук. Көмүр жоктугуна байланыштуу ар жактан темселеп терскен (жапыз бадал) кыркып келип, аны жагып калдык. Тамак-аш, кийим-кече таңсык тартып, жашообуз кыйындады. Маркум атам СССР учурунда кесиби жок болсо да, геологдор менен иштеп, Сары-Колдогу топаз, лаал, кварц чыккан жерлерди изилдешип казышып, акча тапчу. Кийин ал да жумушсуз калды. Мен 4 баламды алып башкалар сымал эле жакшы жашоо издеп Чүйгө келдим. Мында келгендердин базарда соода кылгандары, тигүү цехинде иштегендери, ижарага алып жер иштеткендери, араба түрткөндөрү да кездешет. Бутуна туруп калгандары там салып, өз бизнестерин баштап алышкан. Кара-Балтадагы мургабдык кыргыздардын коомунун жетекчисинин маалыматына караганда, мында 1800дөй мургабдык кыргыз жашайт экенбиз.

– Азыр киндик кан тамган жериңизге барып турасызбы?
– Келгенден кийин адегенде бат-баттан каттап турдук. Кийин ата-энемдин, жалгыз бир тууган эжемдин көзү өтүп кетти. Азыр жылына 1 ирет гана барабыз.
Учурда Мургабда жаңы курулуштар түшүп, спутниктик антенналар аркылуу 20дан ашык каналды көрүп калышыптыр. Чөнтөк телефон бар экен. Атам өзү атадан жалгыз болчу, аны тартып мен да жалгыз калдым. Азыр илгери бир себептерден улам Сибирге сүргүнгө айдалып, жолдо качып Кытайга барып жашап калган чоң атамдын 7 уул-кызы менен катташып жатам. Алар Кызыл-Суу автономиялуу облусунда турушат.

– Канга сиңген салт-санааңыздарды бул жакта да сактайт чыгарсыздар?
– Албетте. Кийин байкасам, салт-санаабызда бир топ айырма бар экен. Мисалы, Мургабда той берсек айылдагылардын баары чакырылып, жиликтер бүтүн тартылат. Андыктан 8-12 койго чейин союлат. Баланы бешикке салууда бешиктин үстүнө бир баштык тыйын чачылат. Бул бала барчылыкта жашасын деген тилек. Тушоо той бизде бааланбайт, айрымдар гана өткөзөт. Кыздар 5-7 жашар кезинде «чач өрмөйң тойчугу өтөт. Ага айылдагы улуу аялдардын баары келет. Кыздын башын жууп, алып келишет. Алгач улуу байбиче кызды алдына алып, бир өрүмүн өрөт. Ала келген шакегин өрүмгө кошо өрүп кетет. Анан кийинкилер бирден өрүм өрүп, шакектерин кошуп кете беришет. Ошентип 40 өрүм өрүлөт. Эгер аялдар көп болуп, аларга чач өрүү кезеги жетпей кала турганы байкалса, анда бир өрүмдү 2-3 аял өрүп калат. Ошентип кыздын чачына 40тан ашык шакек өрүлөт. Кыздын апасы келгендерге «чач өрүмдөн чачылаң деп күзгү, тарак, самын сыяктууларды таратат.
Үйлөнүү тою тууралуу айтайын. Кызды көчүрүп келүүнү «куржун тойң дейбиз. Ага чейин калың жеткирилип берилген болот. Калың көбүнчө үч-үч, беш-беш деп бөлүнөт. Үч-үчү – бул 30 кой, 30 миң сом акча, 3 кара (топоз). Беш-беши – бул 50 кой, 50 миң сом акча, 5 кара (топоз).
Куржун тойдо бала тараптан бир киши бир көзүнө эт, быжы, олобо (сүт куюлган өпкө), экинчи көзүнө күзгү, тарак, самын сыяктуулар салынган куржунду көтөрүп, 1 койду жетелеп алат. Коюнуна бир жилик этти бышырып салып коюшат. Барганда кыздын жеңелери куржунду алып, койдун үстүнө ун себелеп (ак той болсун деген ырым) анан алат. Анан коюнундагы жиликти кыздын да, баланын да жеңелери тартып алууга аракет кылышат. Утулуп калган тарап ызасын чыгарыш үчүн ала барган ундарын беркилерге чачып ойношот. Кыздын тою 3 күн болот. Сепке колго согулган 2 килем менен 2 таар, 2 шырдак, 2 сандык, 12 жер төшөк, 6 жаздык, 12 даана артка жөлөнгүч, идиш-аяк, эмеректерди берет.

– Сөздөрүңүздөрдө да айырмачылыктар бар экен...
– Ооба, биз чай кайнаткан чоң чайнекти чөөгүн дейбиз. Көмөч казанды кол казан, электи элгек, көлдөлөңдү бостек, үбөлүктү нургуч, дагараны кир жуучу табак, элечекти калак дейбиз.

"Элечектин ичинен кийилүүчү кеп такыя. Азыр муну кооздоого керектүү күмүштү табуу кыйын болуп калды".
Кыздын себине керектүү маталарды Кытайдын Үрүмчү шаарынан алып келет. Даярларын базарда саттырат.
Улукбүбү боз үйдүн жип-шуусу, чыны кап, таар, мургабдык кыргыздардын элечеги үчүн өрмөк колдонот.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
05.12.2017. 11:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-11-2017
Соӊку аракети:
12-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай ий сонун го тим эле
05.12.2017. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
299
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
12-12-2017 20:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооо үйлөнүү кыйын го, 3-3, 5-5 дегендери.
05.12.2017. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
745
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 23:32
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыз тарап беш-беш десе эле бутту экен да...Акырын эшикти коздой жылып.
ekaterinburg түзөттү 2017-12-05 11:53:11
06.12.2017. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
13-12-2017 01:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
+5
ekaterinburg,)))
07.12.2017. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-08-2014
Соӊку аракети:
11-12-2017 12:31
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterinburg, беш- беш деген жок. Эки экинен ашпайт калын.
07.12.2017. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
12-12-2017 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+4
ekaterinburg,Жакшы дагы 10 10 дебейт экен
10.12.2017. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
12-12-2017 17:08
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterinburg,))))
05.12.2017. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-07-2017
Соӊку аракети:
13-12-2017 00:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо да
06.12.2017. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
13-12-2017 02:56
Жынысы:
Белгисиз
+5
Унду чачып ойносо убал эмеспи
07.12.2017. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
13-12-2017 01:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
guli-1980,Ошонусу жакпады да
07.12.2017. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
22-11-2014
Соӊку аракети:
12-12-2017 11:12
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эээ мен мургаб районунда аскер болуп иштегем.билееем булар кандай кыргыз экенин Бачалар.ичкилик,отуз уул деп экиге бөлүшөт.отуз уулсуңар силер деп бизди өллө жаман көрүшөт.сазайыңарды тажиктер берсин.
07.12.2017. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-08-2014
Соӊку аракети:
11-12-2017 12:31
Жынысы:
Белгисиз
+5
Samina007, сазайынарды тажиктар берсин дегенин эмнеси? Мургаптык кыргыздар эмне кылды сага?
07.12.2017. 00:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
22-11-2014
Соӊку аракети:
12-12-2017 11:12
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир чөп өспөйт жеринде терек деген жок.Раң көл,токтомуш деген жерлерде кыргыздар жашайт.
07.12.2017. 10:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
08-12-2017 21:08
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шакек кошуп өргөнү эле жакты
08.12.2017. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
12-12-2017 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалаң бүтүн жилик болсо алар бай турушат го э. Элестет бир тойдо 10 кой
09.12.2017. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
20-01-2017
Соӊку аракети:
12-12-2017 20:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден:Мургабчылар жондон эле ичкилик отуз уул болуп болунбойт. Болгону кээ бир Кыргызстандан барган соодагерлер же башкалар оздорунчо эле кыйын боло беришеттер да. Экинчиден:Тажиктердин олкосундо жашаса даны ушул убакга чейин кыргызча жашап, кыргыздын каада-салтын ушуга чейин унутбай, колдонуп келишет. Учунчудон: Чоп оспойт дегенге кошулбайм, себеби Мургабчылар кой, эчки, топоз кобойтушуп келет, анан кантип эле чоп жок болсун.
09.12.2017. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
20-01-2017
Соӊку аракети:
12-12-2017 20:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой эле Мургабда райондук депутаттар, район акими, банк жетекчилери, негизги болгон иш каналдын башчылары баары кыргыздар. Райондо 14 мектеп болсо, алардын 13у кыргыз мектеп, Жер суулардын аты баары кыргызча. М: Кооно-Коргон, Кызыл-Рабат, Кара-кол(Тажикистандагы эн чин кол), Ран-кол, Булун-кол, Как зоо ж.б
09.12.2017. 23:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
10-12-2017 12:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
алтын шакек кошуп орсо сонунго 40шакегин 1000ден эсептегенде деле 40мин
11.12.2017. 00:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
18-08-2014
Соӊку аракети:
11-12-2017 12:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aллага шугур бай эле жашайт. Мингени джип лендкрузер, паджеро.
11.12.2017. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
11-05-2015
Соӊку аракети:
11-12-2017 23:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Мургабдык кыргыздарды сарколчулар дейбиз.Бизде коп булар,анан Бир нан которуп келбей эле жашай беришет экен Бир ай деле,эки ай деле,кышбы жайбы иштери жок.Анан же Бир иш кылышпайт.уй ээси квартирада жашашат.Туну учто эшике чыксан ызылдап журушкон болот.Биз нак кыргызбыз,салт бизден келген дегенде жинин келет,к лап башкача суйлошот,кийингендери озбектин аялдарындай салынышат жоолукту.Бирок таап согушат,биринчи класстагы кызына уйротушот,жылдык той деген кыйла жонокой эле болот экен
12.12.2017. 02:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
13-04-2014
Соӊку аракети:
12-12-2017 02:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-Балта
0
оо менин эжем го бар болун менда мургаптан болом
12.12.2017. 08:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
12-12-2017 22:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
0
Келе жатышат-келип отурушаттар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макалага кирди:

Макалалардын саны:
19955;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: