АСКАРБЕК ШАДИЕВ БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРЛИККЕ СУНУШТАЛДЫ

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кызматтан төмөндөтүлүп, экономика тармагына жооптуу вице-премьер болуп дайындалган. Ошентип 23-ноябрдан бери биринчи вице-премьердин креслосу бош турат. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков аталган кызматка өкмөттүн кайсы бир мүчөсү эмес, Жогорку Кеңештин депутаты келерин ырастаган. Алгач талапкер катары депутаттардын ичинен КСДПнын өкүлү Аалы Карашевдин аты аталып, бирок ал маалыматты төгүндөгөн. Карашев менен катар парламенттеги «Бир бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин ысымы сөз болуп жаткан. Жакында Шадиев «Мага мындай сунуш түшүп, талапкерлигимди коюуга макулдугумду бердим» деп билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2016-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамдын бир нече беренелери 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, парламент депутаттары премьер-министр же биринчи вице-премьер болуп шайланса депутаттык мандатын сактап кала алат. Бир жума бош турган биринчи вице-премьер-министрлик кызматтын тагдыры 1-декабрдан кийин чечилип, өкмөттөгү экинчи таасирдүү адам, ошол эле учурда депутат болуу Аскарбек Шадиевге буюрушу мүмкүн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан