Автоунааларды техникалык кароодон (техосмотр) өткөрүү талабы кайрадан киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу 29-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «ЕАЭБдин алкагындагы чечимдердин негизинде биз техникалык кароону кайра киргизишибиз керек. Буга милдеттендирилгенбиз жана аны аткарышыбыз керек. Аталган маселени жакынкы айларда карап чыгабыз,- деди Сапар Исаков. Ошондой эле унааларды ар бир жаран өзүнө гана катташы керектигин эскертип, мындан ары ишеним кагазы менен айдоого тыюу салынарын айтты. «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда унаасын өзүнө каттатуу үчүн айдоочуларга жарым жыл убакыт беребиз. Каттоодон өтпөсө сот унаасын, үйүн алып коюшу мүмкүн,- деп түшүндүрдү премьер-министр. Эске салсак, унааларды техникалык кароодон өткөрүү талабы 2012-жылы ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен жоюлган. Бул кадам автоунааларга техникалык кароо жүргүзүлбөй эле пара берүү, документти сатып алуу менен жүргүзүлөрүн эске алуу менен ишке ашкан эле. 5 жылдан кийин Бабановдун реформасын Исаковдун өкмөтү жокко чыгармакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.