ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ АЛГАЧКЫ САПАРЫН ОРУСИЯГА ЖАСАДЫ

Кызматына жаңы киришкен президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда алгачкы сапары менен Орусияга барды. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, бул чет элдик сапар Орусиянын демилгеси менен ишке ашкан. Алгач Жээнбеков КВН Эл аралык союзунун президенти Александр Масляковго жолугуп, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган «Достук» орденин тапшырды. Ошол эле күнү жолугушуу Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен уланды. Анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Медведев Жээнбековго мурунку президент тарабынан жасалган иштер уланат деп үмүт этерин билдирди. Ал эми Кыргыз ажосу биринчи чет өлкөгө жасаган сапарынын Орусияга туш келгени символикалык мааниге ээ экендигин айтып, стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделерин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен да жолугушуп, Орусия лидерине I даражадагы «Манас» орденин тапшырды. «Сиз тажрыйбалуу адамсыз. Акыркы мезгилдерде өкмөттү башкардыңыз. Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн стратегиялык пландарын түзүүдө түздөн-түз катышкансыз. Кызматташтыгыбыз бардык багытта өнүгүүсүнө ишенем»,- деди Путин. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыздын эл аралык мамиледеги башкы багыты Орусия болорун айтты. Өлкө башчысы Орусиядагы сапарынан кийин, 30-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Беларуска барды.

Бектур Токтоноев
politika@supеr.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан