БИР БҮРКҮМ. РАИМ МИЛЛИОНДУН ОРДУНА РАЖАБАЛИЕВ КЕЛДИ...

  • Учурда Орусиядагы "кара тизмеде" Кыргыз өлкөсүнүн 92 миң жараны бар. 3 жыл мурун бул көрсөткүч 180 миңге жеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.
  • Нарын облусуна алынып келген 40ка чукул памирлик кыргыздарга Кыргыз жеринин шартына көнүшүп жашоосу үчүн өкмөт тарабынан 948 миң сом бөлүндү.
  • Мурдагы айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
  • Жыл башынан бери өлкө аймагына 40ка жакын фельдшердик-акушердик пункт салынган.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн премьер-министр учурундагы жардамчысы Эрнис Толтоевди кайрадан жардамчылык кызматка дайындады.
  • Жыл башында Боинг учагы кулаган Дача-Суу аймагына кырсыкка арналган эстелик тургузулууда.
  • Буга чейин бир нече жогорку кызматтагы адамдарга кеңешчи болуп иштеп келген Муратбек Шайымкуловду президент өзүнө кеңешчи кылып дайындады.
  • Президенттик шайлоодо республикада жана чет өлкөлөрдө 2375 шайлоо тилкеси ачылып, жалпысынан 1 миллион 702 миң 940 жаран катышты. Аталган маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
  • Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматына Нурлан Ражабалиев дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Райымбек Матраимов ээлеп келген.
  • 2018-жылы мамлекеттик бюджеттеги киреше жалпысынан 140 миллиард 882 миллион 232 миң сомду түзөт. Ал эми чыгаша 161 миллиард 149 миллион сомго чукулдайт.
  • Өлкө боюнча ВИЧ илдетине чалдыккандардын эң көп бөлүгү, тагыраагы, 36,7 пайызы Ош облусунда жашайт. Ал эми эң аз катталгандар Баткен, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусунда.

Бектур Токтоноев
politika@supеr.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан