2017-жылдын 24-ноябрында Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жаңы президенти катары ишин баштады. Мындан аркы 6 жыл элибиз, өлкөбүз үчүн кандай болору, жаңы президенттин мүнөзү, кыла турган аракеттери, күтүлө турган окуялар тууралуу астролог Жанар Кадыралиев ажонун өздүк астрологиялык картасын түзүп чыгып, ага карап баяндап берди.
Туулган жылы – 1958 (ит жылы)
Туулган күнү, айы – 16-ноябрь (жылдыз белгиси – чаян)
Табияты – суу
Колдогон планеталар – Марс, Плутон,
«ПЛАНЕТАЛАР ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАЙГАШКАН»
-Президенттикке ат салышкандар көп эле, анын ичинен жулунган саясатчылар болду. Бирок Сооронбай Жээнбеков утуп чыкты. Бул ийгиликтин сырын өзү үчүн түзүлгөн астрологиялык картадан көрүп турабыз. 1958-жыл, 16-ноябрь, жекшемби күнү туулуптур. Эң негизгиси, төрөлүп жатканда планеталардын жайгашуусу адамдын тагдырына, ийгилигине түздөн-түз таасирин берет. Юпитерди биз чоң бакыттын планетасы дейбиз, Венераны кичине бакыттын планетасы дейбиз. Ушул 2 планета тең Сооронбай Жээнбеков төрөлүп жаткан маалда өздүк үйүндө турган. Өздүк үй – астрологияда адамдын статусун, кадыр-баркын, ийгилигин чагылдырат. Демек, көптүн арасынан ага ийгилик жылмайып, ажо болушу бекеринен эмес.
Эл үчүн кандай президент болот? Элдин тагдыры ар дайым өлкө башчысынын тагдыры менен бириккен. Эгерде өлкө башчынын өзүндө маселелер көп болсо, эл дагы ал кеткиче азабын кошо тартат. Мисалы, Гитлер, Чыңгыз хандын бийлигинде адамдар көп эзилген. Эл башчы төрөлүп жатканда планеталар жакшы жайгашпаса, элди кыргынга алып келиши мүмкүн. Элди башкарганга Плутон планетасы таасир берет. Учурда ал жакшы жайгашкан. Сооронбай Жээнбековдун өздүк төлгөсүндө эч кандай көйгөй жок, андыктан элдин да көйгөйү болбошу керек. Демек, ажо элге карамдуу болот, мамлекеттин экономикасын көтөргөнгө салым кошот деп ишенсек болот.
Эми Меркурий жана Урандын жайгашуусу тууралуу кеп кылсак. Меркурий – ойлонуунун планетасы, Уран – күтүүсүздүктүн планетасы. Жаман да, жакшы да жагы бар экен. Жакшы жагын биринчи айтайын, Меркурий – идеянын, ойлонуунун планетасы. Бул жакшы ойлор, мыкты идеялар келип көпчүлүктүн колдоосуна арзыйт деген кеп. Ал эми Уран планетасында начар түзүлүш болуп жатат. Бул жерде чет элдик жаран же чет мамлекетке байланыштуу бир маселелер чыгышы мүмкүн. Өздүк төлгөсүндө Күн менен Венеранын тогошуусу турат. Венера сулуулуктун, акчанын, ийгиликтин белгиси. Демек, бул адам аялзатын кызыктырат, ар дайым аялдардын көңүл буруусуна арзыйт жана өзүнүн эле эмес, элдин да капчыгын толтура алат десек болот.
«ЖАМАНДЫК КЫЛГАН АДАМДЫ ОҢОЙ МЕНЕН УНУТПАЙТ»
- Сооронбай Жээнбековдун жылдыз белгиси чаян. Чаян белгисин алып жүргөн миллиондогон адамдар бар. Анын баары бири-бирине окшоп калбайт. Ар бирине ар башка планета таасир бериши мүмкүн. Бирок жалпы мүнөздөмөсү окшош. Эң негизги мүнөзү – көк, өжөр келишет. Эл оозунда «чаяндар керек болгондо өздөрүн да көмөч казанга кууруп ийгенге даяр» деп айтылып жүрөт. Көктүгүнөн улам бирөөлөргө катуу сүйлөп алат. Ошондон улам маселе жаралышы мүмкүн. Эми президент тууралуу кагаз бетинен түшпөгөн кептердин бири – анын жумшактыгы. Бирок жылдыз белгисине карап аны жумшак деп айтууга болбойт. Кайсы бир учурда жумшактык менен адамгерчиликти айырмалай албай калабыз. Ошондуктан жумшак эмес, адамгерчиликтүү болушу мүмкүн. Жумшак деп Аскар Акаевди айтса болот. Ал эми Сооронбай Жээнбеков өз алдынча чечим чыгара алган, керек кезде ар кимди ордуна коё билген адам. Чечкиндүү, күчтүү эрки менен айырмаланат.
Чаян жылдыз белгисине Марс планетасынын таасири чоң. Марс агрессивдүүлүктүн, күчтүн планетасы. Бул планетанын таасири алдында төрөлгөн адамдар физикалык жактан да күчтүү болот. Байкаган адамга президент физикалык жактан күчтүү. Буга далил, анын облустук деңгээлде волейбол ойноп келгенин, улак тартышка кызыгуусун, учурунда ойноп да жүргөнүн айтып жатышпадыбы. Марс планетасынын таасири алдында төрөлгөндөр эр жүрөк, эч нерседен коркпойт. Кекчил деп баса көрсөтүү туура эмес, бирок оңой менен жамандык кылган адамды унутпайт.
«СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ЭНЕРГИЯСЫ ТҮГӨНҮП, ЧАРЧАП КАЛДЫ»
Ал эми чет элдик астрологдордун айткандарына көңүл бурсак, "Кактус медиа" маалымат агенттигине белгилүү астролог Соломон Соловьёв интервью берген. Ал Сооронбай Жээнбеков тууралуу мындай деген.
-Ар бир адамдын жашоосунда 12 жылдан соң бир цикл бүтөт. Ар бир 12 жылда адам кайрадан жаралгандай сезилет. Жаңы миссия, энергия менен жаңыланат. 12 жылдын башкы 3 жылы адам жаңыланат, ортоңку жылдары энергиясын реализациялайт, ал эми циклдин акыркы жылдары адам өтө чарчап, энергиясы чектелип калат.
Сооронбай Жээнбековдун күчтүү энергиясы бар. Анткени ал ит жылында, чаян белгисинде төрөлгөн. Ал көчмөн элдин кумарын, мүнөзүн терең түшүнүп, сезип турат. Анткени өзү дагы ошондой күчтүү энергиянын ээси. Бирок ит жылы келе жатат. Бул, демек, 12 жылдык циклдин акыркы жылдары деген сөз. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бул учурда анын энергиясы түгөнүп, чарчап калды. Циклдин акыркы жылдары президенттик шайлоого барганы анын энергетикалык чоң катасы. Олуттуу күрөшкө күчү калбаганын мен анын өздүк астро картасынан көрүп турам.
ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ БОЮНЧА
Чыгыш жылдыз төлгөсүндө 1958-жыл ит жылына туш келет. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылы туулган. Бул жылы туулгандардын эң негизги өзгөчөлүгү – туруктуулугу. Жылдыз төлгөгө ишенсек, ит жылында туулгандар эч качан достукта, сүйүүдө сатып кетпейт. Жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана эркиндикти сүйүшөт. Үй-бүлөсүнө карамдуу. Бирок бийликти эч кимдин колуна бербейт. Сүйлөгөндөн көрө укканды жакшы көрүшөт. Бирок угуп жатканда ар бир сөздү анализдеп, жообун бергенди жактырышат.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg