Бүгүн абдан чарчадым,
Иш кыл десе качамын.
Челегиме жөлөнүп,
Жыргап уктап каламын.
Абубакр Келдибеков, 1,5 жашта
УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!
Сүйүктүү бөбөктөр жактырып окуган "Бал-балакай" рубрикасы кайрадан балдардын эң кызыктуу сүрөттөрүнө сынак жарыялайт. 5 жашка чейинки балдардын күлкүлүү, кызыктуу сүрөттөрүн почта аркылуу, ошондой эле balakai@super.kg электрондук дарегине кат түрүндө же болбосо
0557 75 63 19 номерине WhatsApp аркылуу бизге жибериңиздер. Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүнү белектер күтөт.
Сурап-билүү телефону: (0312) 32-33-27
ЭСКЕРТҮҮ: Сапатсыз жана кызыксыз сүрөттөр жарыяланбайт!
Бул жолку гезитибиздин "Бал-балакай" фото сынагынын жеңүүчүсү 4 жаштагы Бексултан Мыктыбек уулу болду. Урматтуу ата-эне, редакциябызга келип, белегиңизди алып кетүүңүздү өтүнөбүз!
Гүлжамал Абылкасымова