Илгери-илгери Жакшылык аттуу ханзаада жашаптыр. Ал аябай күчтүү, акылдуу, кайрымдуу болгондуктан элдин баары аны жакшы көрүшчү. Ал эми кошуна шаарда Жамандык деген ханзаада жашайт эле. Атына заты жарашкандай ал каардуу, элин ойлобогон мерез жигит болот. Жакшылыктын жасаган иштерин угуп өзүнчө ичи тарый берет. Бир күнү Жамандык өзүнүн күчтүү экенин далилдемекчи болуп, Жакшылык менен жарышууну чечет. Ким тарапка эл көп барса, ошол жеңүүчү болот деп экөө келишет. Жамандык оюнда эл коркконунан мага келет деп ишенип алган эле. Бирок жыйынтык ал каалагандай болгон жок. Канчалык элди коркутуп, зекибесин, эл жакшылыгын аябаган ханзаадага агыла берет. Ошондо ызаланган Жамандыкты көрүп Жакшылык кебин айтат:
– Сен элди коркутуп сый көрбөйсүң. Андан көрө көңүлүңдү бөлүп, элге жакын болсоң баары сага баш ийип, сени колдоп калышат,- дейт. Өз кемчилигин түшүнгөн ханзаада Жакшылык досуна ыраазычылыгын айтат.
– Туура айтасың, досум. Мен мурун туура эмес ойлончу экенмин. Көрсө, элге жакшылык кылып гана сый көрөт экенмин. Сага рахмат.
Ошондон бери ханзааданын Жамандык деген ысымы эл арасында жоголуп, Жакшыбек атап калышкан экен. Ал эми Жакшылык менен Жакшыбек бир туугандай, дайым бири-бирине эриш-аркак болуп жашап калышыптыр.
(Орус эл жомогу)
Гүлжамал Абылкасымова