КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН ӨЛТҮРҮП, КӨМҮП КОЙГОН. КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ: «КЭЭДЕ ТҮШҮМӨ КИРЧҮ. АЛ ТҮНДӨРҮ КЫЙНАЛЫП УКТАБАЙ ЧЫКЧУМУН» ДЕЙТ

Талас облусунда 2 жыл мурун жасалган киши өлтүрүүнүн бети ачылды. Кылмышка шектелип кармалган адам «Мен өлтүргөн адам кээде түшүмө кирчү. Андай түндөрү таң атканча кыйналып уктабай чыкчумун» дейт. Ал маркумду өлтүрүп, көмүп койгон аймакта эле иштеп, жашап келген.

«ЧИРИП КАЛГАН СӨӨК ТАБЫЛГАН»

Бул кылмыш тууралуу Талас ОИИБинин маалымат кызматынын кызматкери Динара Сарногоева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 17-октябрында Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылынын жанындагы талаадан белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Сөөктү аталган айылдын тургуну мал сарайынын тегерегин бульдозер менен тегиздетип жатып көргөн. Маркумдун көмүлгөнүнө көп убакыт өтүп, сөөк чирип калган экен. Үстүндөгү кийимдери да чирий баштаган. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркум киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Анын денесинде жана башында катуу соккудан улам калган тактар болгон. Сөөк чирип калгандыктан, маркумдун ким экендигин аныктоо оор болду. Бул факт боюнча Манас
РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун аты-жөнү такталып, ал Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун 1-Май айылында 1971-жылы туулган Элмира деген аял экендиги аныкталды. Андан көп өтпөй анын өлүмүнө шектелип 1983-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ак-Кыя айылында туулган Б.Усенов деген жаран колго түшүрүлүп, ал кылмышын моюнуна алды.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү менен маркум жарандык никеде жашап келишкен. 2016-жылдын январь айында кылмышка шектүү мал сарайдан жарандык жубайы Элмираны күрөк менен башка уруп өлтүрүп алып, кылмышты жашыруу максатында мал сарайдын жанына көмүп салган. Кылмышка шектүү тергөө абагына киргизилген, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«КОЙ, БУКА БАГЫП ЖҮРДҮК»
Кылмышка шектүү тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 2014-жылдын ноябрь айында Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы «Ак-Тилек» чек ара постунда жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп жалал-абаддык Элмира деген келин менен таанышып калдым. Мамилебиз келишип, көп узабай экөөбүз нике кыйдырып жашап калдык. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айылынан батир таап, ошол жерде жашап жүрдүк. Чогуу жашап жүргөндө Элмиранын мурунку күйөөсү менен уулу издеп келип, алып кетебиз дешкенде ал барбайм, мени менен калып жашайм деп болбой койгон.
2015-жылдын сентябрь айында иш издеп жүрүп Бишкек шаарындагы «Ош базарындагы» радиотүйүндөн Таластын Кара-Буура районуна мал баккан малчы керек деген кулактандырууну окуп калдык. Келинчегим Элмира экөөбүз жарыя берген Усман деген адамга жолугуп сүйлөшүп, аны менен Кара-Буура районунун Крупская деген айылына келдик. Усмандын атасынын сарайында койлорун багып 2 айдай иштедик. Бутум ооруйт эле, койлорду тоого кайтарып жүрүп кыйналып кеттим. Андан соң Манас районунун Чоң-Капка деген айылынын четиндеги сарайда Улукбек деген адамдын букаларын бактык. Букалар жайы-кышы сарайдын ичинде багылгандыктан, биздин жумушубуз жем-чөбүн убагында берип, сарайдын ичин тазалап туруу болчу.

«КҮРӨК МЕНЕН ЧАПСАМ БАШЫНА ТИЙДИ»
– 2016-жылдын январь айынын башында бизге Камал деген киши келип кошулду. Ал да сарайда жашап, Улукбектин койлорун жайчу. Бир күнү Камал, Элмира үчөөбүз арак ичтик. Эртеси да үчөөбүз арак ичип отуруп, аялым экөөбүз уруша кеттик. Мен ачуум менен аны жаакка бир чапсам, Камал аке «койгула» деп бизди тынчтандырды. Андан соң Камал аке «мен үйүмө барып келейин» деп айылды көздөй кетти.
Түш ченде Элмирага «картошка кууруп тамак жасачы» десем, «Эмне, тамактан өлдүң беле? Тамак жебей балээ же» деп жаман сөздөрдү айтып, мени каргап-шиледи. Ага ачуум келип, колумдагы күрөк менен Элмираны бир чаптым. Ал буйтайын дегенде күрөктүн темир кыры Элмиранын башына тийип, ал жерге кулап жатып калды. Башынын күрөк тийген жеринен кан ага баштады. Коркуп кетип Элмираны көтөрүп сарайдын жанындагы өзүбүз жашап жүргөн үйгө алып кирдим. Канды токтотоюн деп башынын жарылган жерин өзүнүн шарфы менен таңып койдум. Элмира бир аз эсине келип, көзүн ачып жатты. Жатып эс алсын деп аны үйгө калтырып, өзүм сыртка чыгып жумушумду жасап жүрдүм. Жарым сааттан кийин үйгө кирсем Элмира дем албай жатыптыр. Денесин кармап көрсөм жүрөгү сокпой өлүп калыптыр. Ошону менен эмне кыларымды билбей сыртка чыктым. Сарайдын жанында чиринди төгүлгөн жер бар эле, ошол жерди күрөк менен казып, үйдө жаткан Элмиранын өлүгүн чуңкурга салып көмүп койдум. Казылган жер билинбесин деп үстүнө чөптөрдүн чириндилерин таштап салдым. Бардык жердеги кандарды тазалап, издерин жок кылдым.

«ЭЧ КИМГЕ БИЛГИЗБЕЙ КУРАН ОКУЧУМУН»
– Сурагандарга «Элмира Бишкекке кетти. Ал жактагы баласы асынып өлүп калыптыр, ошондуктан шашылыш кетип калды» деп айтып жаттым. Кийин «Мен да барып Элмиранын жанында болоюн. Кийин кайра Элмира экөөбүз келебиз» деп Бишкекке кетип калдым. Бишкектен туруктуу жумуш таба албадым.
Ошентип жүрүп жарыя аркылуу 1987-жылы туулган кара-суулук Салима деген аял менен таанышып калдым. Экөөбүздүн мамилебиз уланып, чогуу жашап калдык. Анан экөөбүз кайра Чоң-Капкага барып сарайда иштеп жүрдүк. Сурагандарга «Элмира мени менен жашабайм деп, мурунку күйөөсүнө кетип калды» деп койдум. Сарайда 2016-жылдын февраль айына чейин мал багып, анан Салима экөөбүз Орусиянын Владивосток шаарына кеттик. Ал жакта обои чыгарган цехте 7 айдай иштедим. Бишкекке 2016-жылдын октябрь айында келип, тапкан акчама Деу Матиз деген машина алып, таксист болуп иштеп жүрдүм. Ошентип иштеп жүрүп 2016-жылдын ноябрь айында Ош шаарынан азыркы жашап жаткан аялым Майрамга жолугуп калдым. Экөөбүз мурдатан тааныш болгондуктан бат эле мамиле кылып, чогуу жашап баштадык. Анан батир акысы жана башка карыздарым көп болуп кеткенинен машинамды сатып жибердим. Машинанын акчасы да түгөндү, туруктуу жумуш болбогондуктан мен Майрамга «Таласта мал карап иштегенмин. Барып чогуу иштейли» десем макул болду. Экөөбүз 2016-жылдын декабрь айынын башында кайра эле Чоң-Капка айылындагы Улукбектин сарайына келдик. Мал карап 2017-жылдын июнь айына чейин иштедик, анан Улукбек көп ичет экенсиң деп кууп жиберди.
Сарайда иштеп жүргөндө Элмираны көмүп койгон жерге барып эч кимге билгизбей куран окуп жүрчүмүн. Июнь айынан бери Кара-Буура районунун Чолпонбай деген айылынын тургунунун малын карап иштеп жүргөнбүз.
Элмираны туугандары издеп жүргөнүн уккам. Сурагандарга «Ал башка бирөөгө турмушка чыгып кетти. Андан кийинкисин билбейм» деп койчумун. Ушул кезге чейин кылган кылмышымды ичимде сактап, кыйналып келгем. Кээде Элмира түшүмө киргенде чочуп ойгонуп, таң аткыча уктай албай кыйналчумун.

«СӨӨК ӨТӨ ЧИРИП КЕТИПТИР»
Белек Маматалиев бульдозери менен жер тегиздеп жатып сөөктү таап алган:
– Сарайдын ээси чакырып, тегерегин тегиздеп бериңиз деп калды. Ошол күнү эртең менен эрте барып, кечке чейин сарайдын тегерегин бульдозер менен сүрүп тегиздеп жүргөм. Ошол жерде чирип калган саман да үйүлүп турган, аны бир сүрүп, кайра сүрүү үчүн артка жылсам эле бир нерсе көрүндү. Сарайдын ээси да ошол жерде болчу, карасак адамдын чирип калган сөөгү экен. Антип-минткиче караңгы кирип кетти. Сөөк ушунчалык чирип, анча-мынча эле эти калыптыр. Ошондуктан, денеси бөлүнүп кетти. Ал күнү бутун таппай койгонбуз. Мен кетип калгам, бутун эртеси табышты окшойт.
Ал эми малчыларды мен тааныбайт деле болчумун, сарайга барганда гана кээде көрүп калчумун.

Кылмышка шектүү.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Edelveis929317
2017-12-05 13:50:27
Өзүнүн күйөөсүн чанып "жаш жигит" мн жашагысы келген экен да.Анан"жаш жигити" жайлап салыптыр.
+17
akonia
2017-12-05 16:12:03
Куйоосу ошончо артынан келгенден кийин кетиш керек эле да баласы да болсо баласыган Артык коргон неменин кылган ишин кара
+13
mira28
2017-12-06 01:11:10
akonia,Ай кимбилет оозуна келгенин токуп койдубу кылмышкер.Озункн 8 жаш кичууго тийип сый урматтан калып баласынын коз жашын эске албады бекен.Кылмышкердин ону тусу маньяктарга окшош экен.Негедир кийинки аялдарын да ошол короого иштегени алып барыптыр олтуруп комуп койсом эч ким билбейт экен деп алып баргандай.
+3
Adsata
2017-12-06 09:45:04
mira28,сениз жаш эмес он эки жаш кичуу.
0
Dembele84
2017-12-05 23:02:51
Анан мына менен жашадым,анан берки менен жашадым деп эле,катындарды жаман тез тез алмаштырып журуптур го,беркилери да тоого десе тоого,маалга десе малга кете берген аялдар экен.
+9
Gamze90
2017-12-06 09:51:28
Катындарды тим эле бут кийим алмаштыргандай алмаштыргангоакмак.
+3
Shahrizaada
2017-12-06 13:09:53
Кантип ушунча жүктү көтөрүп жүрдү экен,тээ Россияга чейин эч нерсе болбогондой барып-келип.
0
Pirimkul
2017-12-06 14:39:54
Ияяя тооба кылдыыым кууруп этинда жеп коргон окшойсун сен
+1
Tyty1990
2017-12-06 17:13:26
Бойдоктор уйлоно албай журсо,бу киспурушка катын даяр. Дагы жакшы аларды да олтурбоптур.
+2
Dembele84
2017-12-07 01:19:56
Tyty1990,))))
+1
islamik
2017-12-07 10:10:25
Киспуруш де кыйсталак
+1
Nanei
2017-12-07 15:54:04
Олгон аялдын артынан куйоосу менен баласы келген экен. Макул куйоосу кандай экенин билбейбиз,бирок баласын ушул зоокурго алмаштырып койгону жаман болуптур.
+2
TAN889117
2017-12-07 22:58:31
Тообо коркунучтуу фильмго.Кудай сактасын эркегинеда аялынада ынсап берегөр жараткан.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-08 11:55:01
Арак ичпей деле канчасы жинди болуп жатышат тагдыр да ажал келген улуу кудай ар бир жанга туз жакшы жашоо берсин
0
Guli.89
2017-12-08 13:40:49
Омур бою эркинен ажыратыш керек..буга окшогондорду..тооба кылдым
0
nur72
2017-12-09 07:14:16
Соз жок ото окунучтуу
0
Gulnaz.GS
2017-12-09 17:19:56
жакындарынардан кабаре алып тургулачы бир жылдан бери жок.уйундогулор кабар албайбы.кудай сактасын баарын
0
Eli.91
2017-12-10 21:38:55
Биз аялдардын тилибиз жаманда,чындыгында канчалаган окунучтуу иштер аялдардын тилдеринин айынан болот,тилибизди тыйып журсок эчким эчнерсе кылалбайт Бизли.
+1
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан