Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын башкы дарыгери: «ТҮРМӨ МЫЙЗАМДАРЫ МУРДА БОЛСО БОЛГОНДУР, АЗЫР ЖОК»

Кемин районундагы Чым-Коргон айылында психикалык жактан жабыркагандарды дарылоочу оорукана жайгашкан. 12 гектар жерди ээлеген аймактагы жүздөгөн оор тагдырга кабылгандардын жашоосу менен тааныштырабыз.

«БЕЙТАПТАР КҮЗӨТЧҮЛӨРГӨ КОЛ САЛЫП КАЧЫП КЕТКЕН УЧУРЛАР БОЛГОН»


Психиатриялык оорукана 600 оорулууга эсептелинген. Учурда 9 бөлүмдө дарыланып жаткан 400гө жакын оорулуу менен 297 кызматкер иш алып барат. Көбүнчө шизофрения, талма, психикалык жактан оорулуулар дарыланышат. 18 жаштан 80 жашка чейинки оор тагдыр ээлери тууралуу башкы дарыгер Гүлжамал Каргабаева айтып берди:
– 9 бөлүмдүн үчөөсүндө эркектер, үчөөсүндө аялдар, бирөөсүндө мажбурлоо түрүндө дарылангандар жатат. Ошондой эле 1 соматопсихиатриялык, 1 кургак учук менен ооругандардын бөлүмү бар. Ар ким оорусунун абалына жараша 3 ай дарыланып кайра үйүнө чыгат же жылдап бизде калат. Көпчүлүгүнүн кулагына үндөр угулат, ошол үн буйрук кылганды аткаруу үчүн бирөөгө кол салып же суицидге барганга аракет жасашат. 2009-жылга чейин ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кайтарышчу. Ошол жылы 4 бейтап күзөтчүлөргө кол салып качып кеткен. Ал окуядан кийин ИИМ кызматкерлерин бөлбөй койгон. Анткени бул ишке ЖАМК жооптуу экен. Бул маселе ошондон бери чечиле элек. Өзүбүздүн санитарлар күзөткө турушат.
2010-жылы да кызматкерлерди барымтага алуу жолу менен оорулуулар качышкан. Баңгизатын колдонгондор жок. Бирок жанынан табылып кармалгандар бар. Көбүнчө бул затты бир жерден экинчи жерге ташуу үчүн аларды колдонушат. Анткени алар көп нерсени түшүнүшпөйт да. 1990-жылдардын аягында бир оорулуу директордун орун басарын өлтүрүп койгон учур катталган.
Бюджеттен дарыга 15-16 сомдон, тамакка күнүнө 41 сомдон кем эмес бөлүнөт. Тендер менен эң арзан азык-түлүк алабыз. Түрмө мыйзамдары мурда болсо болгондур, азыр жок.

«ЖАҢЫ ОКУУНУ БҮТҮП КЕЛГЕН ВРАЧ 5 МИҢ ОКЛАД АЛАТ»


Эмил Алдосов, дарыгер:
– 1991-жылдан бери ушул жакта иштейм. Ар кандай тагдырларды көрдүм. Жакшы жумушта иштеп, ийгилик жаратып жүрүп мындай ооруга кабылгандар бар. Бир бейтап учурунда университетте мугалим болуп иштеген, техника илимдеринин кандидаты.
Бир бейтап Индияда иштеген ишкер. Бишкекте эле 3 үйү бар, үй-бүлөсү, балдары бар ийгиликтүү адам. Стресс, депрессияны убагында дарылап, алдын албаса күчөп жинди болуп калышат.
Бизге жаш кадрлар жетишсиз. Акыркы жолу 1992-жылы жаңы врачтар келишкен. Азыр университетти бүтүрүп жаңы келген врачтын базалык оклады 5 миң гана сом. Мен жогорку категориядагы врач болуп, 30 жылга жакын стаж менен 11 500 сом айлык алам.


«ӨЗҮМ КЕЛИП ДАРЫЛАНЫП КЕТЕМ»


42 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну маал-маалы менен келип дарыланып турам дейт:
– Турмушка чыккандан кийин кулагыма үндөр угулуп, көзүмө ар нерселер көрүнүп баштаганда ооруканага көрүнгөм. 2003-жылдан бери дарыланып жүрөм. Бул жакка келгенде дарыланып жакшы болуп чыгам, шарты жакшы. Дарыгерлер жакшы карашат, тамакты убагында беришет.

«БАШКЫ ДАРЫГЕР БЕЙТАПТАРГА ӨЗ ҮЙҮНДӨГҮ ЖУМУШТАРДЫ ЖАСАТАТ»


Аталган оорукана тууралуу бул мекемеде буга чейин иштеп кеткен атын атагысы келбеген жаран төмөнкүлөрдү айтты:
– Башкы врач алмашкандан кийин көп нерсе өзгөргөн. Башкы медайым дарыларды чогултуп, үйүнө алып кетип, бейтаптар дары ичти деп белгиленчү. Азык-түлүктөр дагы башкы врачтын үйүнө кетчү. Бейтаптарга туугандары алып келген акча, буюмдарды да өздөрү алып алышат. Чет жактардан жардам катары кийимдер келчү. Аны врачтар тандап алышчу, оорулууларга жетчү эмес.
Комиссия келет дегенде гана оорулууларды жакшы кийиндирип карап калышат. Ал учурда нааразычылык билдиргиси келгендерди бир палатага камап коюшат. Сырттан келгендерге «бул жакта катуу оорулуулар, кирсеңер кол салышы мүмкүн» дешкенинен башкалар коркуп кирбейт. Медайым, врачтар бейтаптарды жакшы карашат деп айта албайм, алар кабинеттеринде эле отурушат, урушуп кеткен бейтаптарды көрсө да ажыратып коюшчу эмес. Кызматкерлер бейтаптарга кол көтөргөн учурлар да болот. Башкы врач бейтаптарды өзүнүн үйүнө алып барып, мал бактырып, тегерек-четин тазалатат.
Бир жолу бир бейтап качып кеткен. Кийин ошол кызга көчөдөн жолугуп калдым. «Мени издебей эле койгула, 2 миң доллар берип башкы врачты сатып алгам» деп айтты. Негизи ооруканада жинди эместер да көп. Аларды ар кандай себептер менен туугандары, тааныштары алып келип жаткырып койчу. Мисалы, кимдир бирөөнүн үйүн тартып алгысы келгендер ошондой жолго барышы мүмкүн. Мындан 1-2 жыл мурда чоң кызматтагы кишинин кызы адам өлтүргөнү үчүн соттолуп, ушул ооруканага түшкөнүн башка кызматкерден угуп калгам. Анын акчасын алып Ысык-Көлгө эс алганга жиберишчү. Жумалап эс алып кайра келип калчу экен.

"МАЛ БАКТЫРСАК БААРЫ ЭЛЕ КОЙЧУ, МАЛЧЫ БОЛУП КЕТИШПЕЙТ БЕЛЕ"


Бул айыптоолорго оорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева орун басары жана башкы эсепчиси менен бирге жооп берди:

Дары, тамак-аш, кийимдер тууралуу
– Мунун баары болбогон сөздөр. Мындайлар болушу мүмкүн эмес. Дарылардын баары катталат. Башкы медайым врачтын көрсөтмөсү менен гана дарыларды коё берет. Үйгө ташуу эч убакта болгон эмес. Атайын психикалык оорулуулар үчүн болгон дарыларды үйгө алып барып эмне кылабыз? Бизден кайра аларды ким алат? Жардамга кийимдер келбей калган. 2 жыл мурда чиркөөдөн сасыган, эски кийимдер келчү. Аларды жууп, тазалап каралашары жокторго, селсаяктарга берчүбүз. Тамак меню менен берилет. Аны комиссия текшерет. Азык-түлүк түшкөндө да комиссия кабыл алат. Кайсы жерде сыр, каймак-май, эт, жумуртка менен тамак берилет?

Бейтаптарга мамиле тууралуу
– Оорулуулар жакшы каралбаса, өлүм азайбайт болчу. Биздин көрсөткүчтөр жылдан жылга жакшырып жатат. Бейтаптарга жакшы шарттарды түзүп берүүдөбүз.
Ал эми мал бактырсак баары эле койчу, малчы болуп кетишпейт беле. Өздөрүн араң карап жатышса, мага кантип жумуш кылып беришет, билбейм. Кол көтөргөн болсок ар бир бөлүмдө ящиктер бар. Ал жакка сунуш, талаптарын, нааразычылыктарын жаза алышат. Андан тышкары ар бир бөлүмдө башкы врачтын, орун басардын, прокуратура, аймактык тескөөчүнүн телефон номерлери илинип турат. Ар бир бейтап чала алат. Бизди текшергендер көп. Мисалы, мамлекеттик эмес уюмдар бизден сурабай эле каалаган оорулууну өзүнчө чакырып алып маектеше алат. Бир жерге камап нааразычылыгын айттырбай коюп жатсак, аны деле таап чыгышмак да.
Чоңдун кызы каалагандай эс алып келет дептир, ал ким экенин, кайсы врачтан дарыланганын айтышсын. Менин учурумда андай нерсе болгон эмес. Мындай жолдорго барып башым экөө эмес. Ушул жерден үй-бүлөмдү багып иштеп жатам, мен да тынч укташым керек.

Жинди эместер кантип жаткырылат?
– Бизге оорулуулар багыттама менен келишет. Жинди эмес адамды кандай негиз менен жаткырабыз? Ооруканага бейтаптын макулдугу менен гана кабыл алынат. Эгерде ал макулдук бере албаган түрдө ооруп жаткан болсо, 72 сааттын ичинде изилдеп көрөбүз. Оорулуу эмес болсо чыгарабыз, оорулуу болсо сот аркылуу улантабыз. Биз мыйзамдуу иштейбиз. Кимдир бирөөнүн оорусу тууралуу туура эмес жыйынтык чыгарып берсек, бизге да мыйзам түрүндө чара колдонулат. Анын бизге эмне кереги бар? Жумушубуз да, документтерибиз да юристтердин көзөмөлүндө. Эмгегибиз жөн эле бирөөнүн сөзү менен чийилип калса нааразы болобуз да.

Качкандар тууралуу
Качкандарды тиешелүү органдарга кабар берип кармаганга аракет кылабыз. Акча таштап чыгып кеткидей мен кайтаруу жагында иштебейм. Мен жетекчимин. Качкандар көп эмес, акыркы жолу 2 жыл мурун бирөө катталган. Бул жылы бирөө качты, табыла элек, бирок каттоодо, тиешелүү органдарга билдиргенбиз.

"Көпчүлүгү өнөкөт оорулуулар. Айыккандар 100дүн 10-15и гана болушу мүмкүн".


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Аялдын кулагына угулган үндөр эки баласын өлтүрүүгө түрткөн"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
love_you
2017-12-05 23:15:23
менин да таякем ушул жерден каза болгон. днн-соолугу жакшы болчу нерв жактан ооручу. булар бир балээ укол мн овощ кылып салышат, ошону учун кайра алып кетебиз дебесе деп уккам. билбейм, калп-чынын. таякем почти эки жыл же андан ашыгыраак эле болду ушул жакта. булардын калп эле кунооскн албайынчы; бирок, ден-соолугу жакшы эле да. баарына Кудайдын буйругу да
+3
Tyty1990
2017-12-06 12:15:02
Акча суйлогон жерде,акыйкат ыйлайт. Акча менен чечсе болот.
-1
ajarkina
2017-12-06 16:20:33
Кызыл-жар12 республикалык психиатрия оорукана тууралуу жазгылачы Супер инфо
0
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан