«Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити! Сиздердин «Жүрөк сыры» рубрикаңыздарды окуп калып, өз тагдырым тууралуу кат жазууну туура көрдүм. Балким, менин тагдырымды гезит бетинен окуп калышса башка кыздар да туура чечим кабыл алып, ата-энелер да терең ойлонуп калат беле?..» деген кат окурманыбыздан келди.
... Менин атым жашыруун эле болсунчу. Жашым 25те, 2 баланын энесимин. Бир үйдүн эрке кызымын. Апам мен кичинекей кезимде эле атам менен ажырашып кеткен. Апам атамды жоктотпой бизди чоңойтту. Апам жалгыз калат деп өзүбүз жашаган жактагы колледждердин бирине тапшырып окуп калдым. 1-курста окуп жатканда группалаш балам досу менен тааныштырды. Аты Алмаз. Экөөбүз көп узабай кыз-жигит болуп калдык. Алмаз жакшы ой-максатын айтып, үйлөнөлү деп жүргөн кезде башка бирөө ала качып кетти. Таенем «Босогону аттадыңбы, артка чыкпа, болбойт!» деди. Ошентип «таш түшкөн жеринде оор» деп отуруп калдым. Күйөөм башында жакшы эле болчу, бара-бара дос балдары келип көчөгө чыгып ичип келе баштады. Мас болуп алып «сен отурбайм, жигитим бар деп айткансың» деп кишини уктатчу эмес. Айлам канча, аны эптеп уктатып, ыйлап эле калам. Апамдын кан басымы көтөрүлөт деп көп нерсени айтпай жүрдүм. Күйөөмдүн жумушу жок, ичип эле калды. Менин туугандарым жумуш таап берсе кайненем «кредит төлөйм» деп акчасын алып алчу. Бир ирет «базарга барып азык-түлүк алып келиш керек» десем, кайненем 200 сом берип, «ушуга жеткирип алып кел» деп койгону эч эсимден кетпейт. Боюмда бар экенин билип сүйүнсөм, күйөөм ичип келип «сен окууңа кеттим деп жигитиң менен болуп алып, анан менден деп жатасың» дейт. Анда да теңелбейин деп жүрө бердим. Ошентип 9 ай бат эле өтүп, кыздуу болдук. Балким, төрөсөм ичпей калабы десем, кайра күчөдү. Бир жолу дагы мас болуп келип «кет, мен башканы алмакмын, сүйгөнүм бар» деп жатып алды. Ыйлап, кызымды көтөрүп апама кетип калдым. Эне да, апам да түшүнүп «мейли, ажырашып кел" деди. Күйөөм келип «экинчи ичпейм, жарашалы» деп кечирим сурады. Бирок айткандарына ишенген жокмун, кайын журтума кийимдеримди алып кетейин деп бардым. Чыгып баратканда кайненем «көрөм, төркүнүңө канча күн батар экенсиң, эртең эле кайра келесиң» дейт, ага биринчи жолу каяша айттым. «Мен эгер кайтып келсем өлүп эле берейин, экинчи бул үйдүн босогосун аттабайм» деп кетип калдым. Арадан билинбей убакыт өттү, кызым чоңоюп басып калды. Апам бир күнү мени жай сөзгө тартты. «Кызым, мен канча жашайм билбейм, көзүм тирүү кезде турмушка чыгып, кызыңа тууган, эрмек кылып төрө, жалгыз болбосун» деди. «Апа, мен иштейм, үй, машина алам» дедим. Билинбей дагы убакыт өтүп, кызым 6 жашка толду. Бир күнү тааныштар апама «кызыңызды келин кылып алалы дедик эле» деп келген экен, апам «мен макул элемин, кызым менен жолугуп, таанышып көрсүн» дептир. Тигил бала телефон чалды, таанышып, жолугуп да көрдүк. Бирок мага такыр жакпай туруп алды, билбейм, эмнегедир жүрөгүм кабыл албай койду. Ага «жок» деп айтсам да болбой артыман чуркай баштаганда телефон номеримди алмаштырып кутулдум. Бир күнү базардан мурда окуп жүргөндөгү жигитим Алмазга жолуктум. Ал үйлөнүп, 1 баласы бар экен. Өткөн-кеткенди эстеп ыйладым. Алмаз болсо «Сени ала качып кеткенде алып кетейин десем сен жок деп койгондо эмне кыларымды билбей калдым. Анан мастык менен бир кызды кош бойлуу кылып алып, ошого үйлөндүм» дейт. Ошентип коштоштук. 1 жыл өткөндөн кийин кайра тиги жуучу түшүп келген бала келиптир, «алам, сүйөм» деп. Апам да «кой, кызым, антип эркектин көз жашына калба, жаман болот» деп айтып калды. Акыры көндүрүп мени турмушка узатты.
Бирок мен азыр деле күйөөмдү жакшы көрбөйм. Күндөн күнгө жаман көрүп, көргөндө жиним келет. Күйөө катары эркелетип, өзүнө тартып, жылуу сөз айтмай деген жок. 1 жылга жетпей төрөдүм, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Ал келгенде үйдө уруш башталат. Ыйлап, уктабай чыгам. Кандай кылам? Апамды аяп көп нерсени айта албайм. Ушундай күйөө менен жашаганча бул дүйнөдөн жок болуп кетким келет. Аттиң, мен бактылуу боло албай калдым. Кыздарга айтарым, өзүңөр тандаган, сүйгөн балага турмушка чыгып, бактылуу болгула, бирөө тааныштырган адам менен турмуш куруу болбойт...