– Закирбек, саламатсыңбы? Жеке турмушума байланыштуу бурулуш болду деп жатасың, кепти өзүң баштасаң...
- Жакшы, рахмат. Үйдүн ички саясаты сыртка чыкпашы керек эле. Бирок атың эл-журтка таанылып калгандан кийин артыңдан кеп кылып же таптакыр туура эмес маалымат да таратышат экен. Чыгармачыл адамдын жубайы болуш оор окшойт. Жубайым менен ажырашып кеттим. Мен гастроль менен үйдөн көп кетем. Ушул нерсеге жубайым чыдай албай койду. Буга чейин төркүнүнө бир нече жолу кетип калды. Бир жолу алып келдим, эки жолу алып келдим, кайра-кайра барып алып келе беришке намыс да жол бербей калат экен. Акыркы жолкусунда үйдөн жубайым эмес, өзүм чыгып кеттим. Чыгып кеткениме жарым жыл болуп калды. Биз ата-энем менен чогуу жашачубуз. Ошону менен үйгө кайрылып барган жокмун. Ортодо үч балабыз бар, балдарымды талаага таштабайм.
– Ошондо кызганычтын айынан ажырашып кеттиңерби?
- Негизги себеби кызганыч болуп калды окшойт. Ал эле кызганып туруп алды дебейм, менден да кетти. Чыгармачылык – бул менин өмүрүм, жашоом, азыгым, бала кезимден каныма бүткөн ыйык тумарым. Бул өнөрдү таштай албаган соң гастролго да чыгам. Үйгө келгенде үй-бүлөм менен жетелешип кино, концертке эс алууга алып чыга албадым. Аял киши эркектин көңүл буруусун күтөрүн деле түшүнөм, бирок ошол нерсени бере алган жок окшойм. Эмне кылайын болгон мүнөзүм ушундай болсо? Кесибимди да, мүнөзүмдү да өзгөртө албагандыгым менин күнөөм болуп калды. Келинчегим кетип калганда үй-бүлөмдү сактап калайын деп алып келем. Бир жума жакшы жашагансыйбыз, анан кайра эле мурунку таз кейпибизге түшүп калабыз. Ал деле чыгармачыл адам, музыкалык окуу жайда чогуу окуганбыз. Бирок кийин кесибин алмаштырып фармацевт болуп кетти.
– Билишимче, силер классташсыңар, чогуу окуп, көп жыл сүйлөштүңөр. Бири-бириңерди жакшы эле таанып-билдиңер дегендей...
- Ооба, учурунда сезим болгон. Сүйлөшүп жүргөндө деле таарынычтар көп болгон. Балалуу болгондон кийин апам «эки балалуу болсоңор баары жакшы болот» деп бизди жашап кетсин деп кармап турду. Эки балалуу болгондон кийин деле оңолуп кеткен жокпуз. «Үч бала менен каякка бармак элек?» деп экөөбүз тең аракет кылдык, тагдырыбыз бир эмес экен.
– Балдарыңдын улуусу окуп калса керек...
- Менин сарсанаа болгонум эле балдар. Чоң кишилердин кагылышынан балдардын жабыр тартышын каалабайм. Биздин укум-тукумубузда ажырашкандар болгон эмес. Башында мамилебиз болбой, келинчегим кайра-кайра кетип калып жатканда «кантип ажырашам, ажырашат деген эмне шумдук?» деп жаман болгом. Негизи жашоо деген оор экен. Жаш кезде биз аны ойлобойт турбайбызбы. Кайын журттан да жагымсыз кептерди көп уктум. Ошонун баары адамга таасир этет экен. Азыр убакыттын өтүшү менен ажырашкан жалгыз мен эмес экенимди, ажырашкандан кийин деле жашоо бар экенин кабыл алып, көнүп калдым.
– Жарым жыл мурун социалдык тармактардын биринде өздүк баракчаңа сүйүктүүсүн тапты деп белгиледиң эле...
- Ошону ким, эмнеге жасаганын билбей калдым. Интернеттеги өздүк баракчаларымды кээде ачык таштап унутуп кетип калам. Бул окуя келинчегим менен урушуп жүргөндө жазылган нерсе болду. Ал «өзүң эле кылдың» деп менден көрсө, мен андан көрдүм. Келинчегим кызганып, улам уруш чыгара бергенинен интернеттеги бардык баракчаларымды «өзүң көзөмөлдө, ким эмне жазса каалаганыңдай жооп бер» деп тапшыргам. Тааныбаган эле бирөө «кандайсың?» деп жазса деле көңүлүнө жакын ала берет эле.
Жеке жашоом азыр тынч. Сүйүктүүмдү таба элекмин. Кыргыз улуттук консерваторияда студенттерге комуздан сабак берип жатам. Жумушумду жакшы көрөм. Быйыл мугалимдикти аркалап жатканыма эки жыл болду. Андан сырткары жеке чыгармачылыгым менен алекмин. Музыкаларды, чыгармаларды жазып жүрөм.
– Күү чыгарарыңды да билебиз, ошол жаатта кеп салсаң.
- Өзүм чыгарган беш күү бар. Бирөөнү чертип жүрөм. Калгандары быша элек, улам бир жерин оңдоп жүрөм. Фольклордук ансамблдерге өзүнчө, эстрадалык вариантка өзүнчө ылайыктап жазган жана башка аспаптар менен дуэт кылууга ылайыктуу чыгармалар да бар.
– Алдыда жеке концертиңди берүүнү пландаштырган жоксуңбу?
- 2017-жыл Маданият жана тарых жылы эмес беле. Ушул жылы жеке концертимди берсем деп кыялданып жүрдүм эле, бирок жетишпей калдым. Эстрадалык ырды ала турган болсок, алардын аранжировкасын жасоо оңой. Аз убакыттын ичинде жасап койсо болот. Күүнүн аранжировкасын жасоо бир кыйла татаал жана көп убакытты алат. Келе жаткан жылы жазында концерт берейин деп жатам. Ага чейин күүлөрдүн аранжировкалары бүтүп калат, буюрса.
– Чыгармачылыкта жүргөнүңө канча жыл болду?
- Чыгармачылыкка мен бала кезимден эле аралашкам. Алты жашымдан сахнанын күчүн сездим. Ошондон бери арадан 21 жыл өтүптүр. Алты жашымдан эле гастролго, чет өлкөгө көп чыктым. «Саамал» фольклордук тобунун солисти элем. Бир нече жылдан кийин бул топ жоюлуп кетти. Азыр «Хан-Теңири» тобунда солистмин. Таланттуу жаштардан өзүм ансамбль ачсамбы деген ой-максаттарымды бышырып жүрөм. Башка улуттун аспаптарын комуздун формасында жасап, өзгөчөлүк киргизсемби деп аракет кылып жатам.
– Атай Огонбаевдин ролун ойнодуң, актёрдук да чеберчилигиң бар экен да?
- Жай мезгилинде сентябрга чейин Атай Огонбаев тууралуу даректүү тасма тартылды. Атай атабыздын кичине чагын башка бирөө ойноду. Улуу комузчу болгону 49 гана жаш жашаган. Мен анын 10 жылдык өмүрүн чагылдырып 39-49 жашын ойнодум. Документалдуу фильм болгондуктан көп сүйлөгөн жокмун. Грим менен келбетимди окшоштурушту. Бир аз эле текст бар болчу, аны кагаздан карап туруп эле айтып койдум, калганы жалаң күү чертмей болду. Тасма 2-октябрда көрсөтүлдү. Тартуучу топтун ушул эле фильмди эми көркөм тасма катары тартуу идеялары бар.
– Рахмат маегиңе, ой-тилектериң орундалсын.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg