УНУТУЛГУС РЕТРО-КЛИПТЕР
Кыргыз эстрадасы жандангандан тарта ырчылар өз мезгилине жараша клип тартып башташкан. Ал учурдагы клиптерде сюжет, курч окуя сүрөттөлбөгөнү менен, азыркы күнгө чейин баалуулугун жоготпой келет. Бүгүн биз бир кездери шлягер болгон ретро-клиптерди тизмектеп көрөлү дедик.

АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА: «КЫЗДЫН СЫРЫ» КЛИБИНЕ ТАРТКАН МАШИНА ОШОЛ КЕЗДЕ ЭҢ «КРУТОЙ» БОЛЧУ»
-«Кыздын сыры» ырын мен 1991-жылы ырдап чыктым, 1993-жылы клип тарттык. Аталган клипти «Мир» студиясы тарткан. Сюжетин досум Мерген Турган экөөбүз ойлоп тапканбыз. Клипти тартууга бир ай короттук. 24-май акыркы коңгуроо күнү клип тартмакпыз, бирок биз кеч келип окуучулардын баары тарап кетишиптир. Анан мен көчө кыдырып адамдарды чогултуп бир класс толтургам. Клиптеги машина ошол кезде эң «крутой» унаалардан эле. Маркасын билбейм, ал кезде бардык машиналарды «Иномарка» деп коюшчу эмес беле. Машина Кадыр деген досубуздуку. Ал клипте менин агамдын ролун ойногон, ал эми жолдошум анын досу болуп аткарган. «Кыздын сыры» жарыкка чыккандан кийин көп кыздар мени туурап меникиндей чач жасалга, шляпа кийишти. Бир жолу Ошто гастролдоп жүрүп чачымды тегиздеткени чачтарачканага кирип «чачымды ушундай кылып кыркып бериңиз» деп түшүндүрсөм, чач кырккан өзбек бала «бул чач жасалга Алина деп аталат» деп жатпайбы. Мени тааныбады окшойт. Мен чачымды француз ырчысы Мирей Матьёну туурап кырктыргам, ал эми кыргыз кыздары меникин туурашты да.
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА: «АК ЧӨЛМӨК» ОШОЛ МЕЗГИЛДЕ ТАРТЫЛГАН ЭҢ КЫМБАТ КЛИП БОЛГОН»

-«Ак чөлмөк» ырыма клипти 1997-жылы тартканбыз. Режиссёру Владимир Губин, бул киши азыркыга чейин «Мир» телеканалында иштесе керек. Ошол жылдары «Ак чөлмөк» эл тарабынан укмуш кабыл алынып, абдан креативдүү тартылган клип деп айтышкан. «Жылдын мыкты клиби» деген наамдарды бир нече жолу алганбыз. Анан да ошол мезгилде тартылган эң кымбат клип деп айта алам. Клипти 1000 долларга тартканбыз, бирок ал кездин 1000 доллары азыркы 10 миң долларга барабар эле болчу. Клиптеги актёрлор менин экс-жолдошум Сабырдын бий тобундагы жигиттер эле, костюмдарды театрдан алдырганбыз. Кичинекей кыздын көйнөгүн, мен кийген чыптаманы, үкү топуларды Мирлан Жетигенов бир түндө тигип берген. Клиптеги мойтойгон кичинекей кыз менин бир тууган инимдин кызы, азыр турмушка чыгып балалуу болуп калды. «Ак чөлмөк» деп жоон үн менен коркутуп ырдаган жоолук байланган жигит менин жолдошум Сабыр болчу. Кызыгы, ушул клипти тартуу үчүн түтүн чыгаруучу шайман таппай абдан кыйналганбыз. Атайын аскер бөлүгүнө барып бир полковниктен түтүн чыгаруучу шайманын сурап келгенбиз. Анан отту секирип ойногон эпизод бар эмеспи, ошондо отту өчүрө албай отубуз алоолоп тоонун башына чейин тутанып кеткен. Тартуу тобундагы кишилер ары-бери чуркап жүрүп чакалап суу ташып өчүргөнбүз. Клип «Тёплые ключи» эс алуу жайынан тартылып, тартуу иштери 3 күнгө созулган.
МЕРГЕН ТУРГАН: «АК БАНТИК» ЫРЫНА КЛИП ТАРТКАНДАН КИЙИН МАШИНА АЙДАГАНДЫ ҮЙРӨНГӨМ»

-«Ак бантик» ырын мен 1989-жылы ырдап чыккам, бирок клип кеч тартылды. Маркум, ырдын автору Марат Алыбаевди эскерүү максатында концерттер коюлуп, эскерүү кечелери тынымсыз өтүп жатканда 2005-жылы анын үй-бүлөсү ушул ырга клип тартып эстеликке калтыралы дешкен. Клипти Бишкектин 6-кичи районундагы мектептердин биринен тартканбыз. Эсте калганы, ал жылдары мен машина айдаганды билбейт элем, клиптен деле калчылдап араң айдаганым билинип турбайбы. Аны да бир досум рулдун астына жатып алып мага
«газды бас, эми тормозду бас» деп үйрөтүп турган. Ошентсе деле болбой мектептин дарбазасын сүзүп алайын дегем. Клиптин режиссёру Сагын Ниязалиева эженин жүрөгү түшүп
«ай, Мерген, токтот, балдарды сүзөсүң!» деп кыйкырганы эстен кетпейт. Клипке Марат Алыбаевдин баласы Тилек, неберелери тартылган. Клип тартылат дегенин угуп Швейцариядан кыздары келип кол кабыш кылышкан. Бул клипти мен Марат Алыбаевдин ысымын өчүрбөй турган видео болду деп эсептейм.

КЛАРА АЛИБЕКОВА: «КЛАССТАШЫМДА» БИР ТУУГАН АГАМ ДА ТАРТЫЛГАН»

-1995-жылдары болсо керек, мен 7-класста окуп жүргөндө «Классташым» деген ырыма клип тартканбыз. Ал убакта Айбек Карымовдун «Нур» деген тобунда ырдачумун. Клипти Бишкектеги №68 мектептен тартканбыз, биз мектепке клип тартканы барсак мугалимдер сабак өтүп жатышыптыр. Мугалим менен сүйлөшүп эле мени бир класска киргизип жиберишкен, окуучуларды деле тааныбайт элем. Кызыгы, клипте мага аялдардын чоң сумкасын көтөртүп коюшкан. Ошондо
«эмне мага чоң аялдардын сумкасын көтөртүп жатышат?» деп аябай кежирденгем. Клипте баш-аягы 4-5 форма алмаштыргам, анын баарын концертке деп жаңы тиктирген болчубуз. «Классташымдын» оператору Ашым Полотов деген байке. Анан да бул клиптен өзүмдүн бир тууган агам Эмил Алибековду көрсөңөр болот. Ал убакта клиптерге сценарий деле жазылчу эмес экен. Мени
"тиякка туруп ырда, бул жакка туруп бийле" десе, айтканын аткарып эле жүрө берчүмүн. Ал эми каражат маселесин такыр ойлончу эмесмин, анын баарын Айбек байке чечет эле. Бул клипти бир күндө эле тартканбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
азаматсынар,талантынарга таазим
Ак чолмоктогу вандамка байланган жигит Асел Турдалиеванын жолдошу беле? Хмм эми билдим...
Экс деп алыптврго тимеле. Обу жоктун да чеги бар да.
Nanei,анан не деш керек эле? Эксти экс дейтда некст демек беле? Аталадан устукан чыгарганды мынча жакшы көрөбүз э!
Алина эжеден интервью алыныздарчы,корунбой кетти го.Эхх бактылуу коз ирмемдер.
Jigit86,мен да балалыгыма бир коз ирмем кайтып алдым .Эн таттук кундор артта калды.Ар бир концертте шляпа издейт элек.лина Жетигенова менен Асель Турдалиевага окшошобуз деп.