КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн аптадагы ийгиликтериңиз эми да уланат. Буга кошумча максаттарыңыз ишке ашып, алыскы шаарларда жашаган жакындарыңызга жолугасыз. Акча жана жетекчилик менен тил табышуу жагы да жаман болбойт. Жагымдуу мезгилди кармап калыңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Акыркы күндөрдө каржы маселеңиз жакшы чечилип жаткандыгын байкаган чыгарсыз. Андыктан кез-кези менен кармап калчу жалкоолугуңузду жеңсеңиз, жакындарыңызды дагы кубантасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ийгиликтер тилкеси али бүтүп калган жок. Андыктан атыңызга кайра миниңиз. Жол, каржы, жумуш маселелери ойдогудай бүтөт. Тууган, дос, кесиптештердин урматына ээ болуп, көңүл борборунда болосуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушуңуз ойдогудай жүрөт. Диагноз койдуруу же жалпы эле медициналык мекемелерге кайрылуу үчүн эң жагымдуу мезгил. Убакытты уттурбаңыз. Киреше кириши күтүлүүдө. Балдарыңызды көп сагынасыз. Романтикалык сезимдер күчөйт (айрыкча жубайыңызга).
АРСТАН (23.07-23.08)
Башка шаарларда жашаган балдарыңыздын келиши же сиздин аларга барышыңыз күтүлөт. Жеке иштериңизди чечүү үчүн керектүү органдарга чочулабай кайрылыңыз. Алдын ала бир аз даярданып барсаңыз жыйынтыгы жаман болбойт. Үй чарбаңыздан кам санабаңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө. Керектүү эмеректерди сатып аласыз. Келген коноктор менен көңүл көтөргөн эс алуулар орун алат. Колго акча тийсе жолго чыгуу жагын ойлонушуңуз мүмкүн. Жардам керек болсо балдарыңызга, тууган, кошуналарга кайрылыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бир туугандардын жана документ иштери менен көп алпурушасыз. Жагымдуу кабар угасыз. ММКларга байланыштуу иштер, жарнамалар сиз ойлогондой жүрөт. Дос, кесиптештер менен жакшы тил табышуунун негизинде колуңузга акча тиет.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Колуңузга акча тиет. Акча кайдан келет деп таңыркоонун кажети жок. Акча жумуштан же жетекчилик тараптан келет. Балким, айлык акыңыз жогорулайт. Активдүүлүк күчөп бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшөсүз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чыгармачылык менен иштөөнүн аркасында көптөгөн жумуштарды жасап үлгүрөсүз. Сүйгөнүңүз, балдарыңыз, керектүү органдар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Активдүү, купуя аракеттердин астында акча келип түшүшү күтүлүүдө.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жабык типтеги мекемелерге: оорукана, аскер жана жаза өтөө бөлүктөрүнө кабар алуу максатында барасыз. Ал жердегилер сизди жакшы кабыл алышат. Жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Үй-бүлөлүк, каржы жааты да жаман болбойт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көптөн бери көксөп келген максаттарга жетесиз. Анын канчалык деңгээлде орундалышы активдүүлүгүңүздөн көз каранды. Курбу, кесиптештердин, жакындарыңыздын колдоосуна ээ болосуз. Жетекчилик, жогорку рангдагы инсандар сизге көңүл бурушат.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетекчилик өткөн жумадагы оң көз карашынан дагы да болсо жазбайт. Андыктан эмне кылууну жакшылап ойлонуңуз. Ага кошумча бул аптада башка жактагы адамдар, туугандардын колдоосуна ээ болосуз. Капчыгыңыз кампайышы мүмкүн.