(Башталышы өткөн сандарда)
«Кечирим сурайм. Баарын түшүндүрөм. Каталарымды моюнума алганымды айтам. Нуриля, Жамиля, кыздарым, алтындарым, кечиргиле мени» деп жатты ичинен сызып.
Бишкекке келип бир сыйра үстү-башына бир нерсе алып анан кетмек эле Арзуу. Көчөдө бара жатып Жаш Гвардия бульварында отурган адамга көзү түштү. Жүрөгү селт этти. Бул Мурат болчу. Жоголуп кеткен, изин да таппай калган, көп жыл күйөөсү аталган адам. Кийим-кечеси таза, тыкан кийинип алыптыр. Көргөн көзүнө ишенбей карап турду. Эбак мерт болгондур деп ойлоп жүргөн. Жанына барды.
– Мурат, сенби?
– Сен кайдан?
Аң-таң боло тиктешип турушту.
– Мен сени...
– Өлдү деп ойлогондурсуң. Бирок тирүүмүн, Арзуу. Үйлөндүм. Бир жакшы аял чыгып мени жашоого кайтарып алып келди.
ххх
– Бир бомжду алып келишти. Тез, Айгүл Ыдырысовна, сиздин жардамыңыз керек.
Ак халатчан аял каталкада жаткан адамды тиктеп калып көзүн ирмегилеп жиберди. «Мурат! Мурат эмеспи бул?» Дагы жакшылап карап туруп буйрук берди.
– Тез операцияга даярдагыла!
Ошентип Айгүл аны ажалдын так оозунан сууруп алды. Өзүнө келгенде Мурат уялганынан кирерге жер таппай калды. Айгүл экөө курсташ болчу. Мурат тиш доктурдукун окучу. Жаш кезинде көптөрдүн жүрөгүнө чок салган жигит эле. Жайдары, ак көңүл, берешен жигитке курстагы кыздардын баары ашык болуп чыгышкан. Алардын арасында Айгүл да бар эле. Бирок Мурат бир гана Арзууну сүйчү.
– Кандайсың, Мурат?
– Жакшымын. Өзүң кандайсың, ден соолугуң, үй-бүлөң?
– Ден соолугум жакшы, иштерим дагы. А бирок үй-бүлөм жок. Жалгызмын.
– Койчу?
Айгүл жакшы аял болчу. Мураттын абалын өзүнөн да жакшы түшүнүп турду. Колунан келген жардамын берип, көп жерлерге алып барып дарылатып жүрдү. Бул жол кыйын болду экөөнө тең. Бир жолу дарыланган сеансынан кийин Мурат кайра ичкилик ичип алганын көрүп Айгүл өтө капа болду. Урушуп, канча эмгек, каражат кеткенин айтты. Эртеси турса сумкасына кийимин жыйнап алып отурган экен.
– Кечир мени, Айгүл, сени кыйнагым келбейт. Мен мындан айыга албайт окшойм. Куру убара. Мен кетейин.
– Кайда кетмекчисиң?
– Билбейм.
– Мени жалгыз таштап кетесиңби?
– Хм, күлдүрбөчү, мендей ашка жүк-башка жүк адамды сен эмне кыласың? Болгону бооруң ооруган үчүн...
– А сен мага керексиң десемчи?
– Кандайча?
– Дүйнөдө «однолюб» адамдар болот экенин уккан жайың барбы?
– Ии.
– Мен да ошолордун катарына кирем. Мен, балким, сен үчүн турмушка чыкпай калгандырмын. Жок, бир жолу чыктым. Бирок сүйө албадым. Жөн гана ажырашып кетүүнү туура көрдүм. Анан да тез эле унутуп калдым. Бирок сени унута албадым, Мурат. Сен азыр да мага керексиң. Чын эле керексиң. Эгерде сага да керек болсом, кал.
Муратты өзүнө ишендирген, күчтүү кылган Айгүл болду. Тагдырдын тамашасы менен бир аялды сүйүү аны аракеч кылып тынса, экинчи бир аялдын сүйүүсү аны бул илдеттен куткарды. Башынан колу жөндүү доктур болчу. Эми иш таап, кадимкидей толук кандуу жашоо менен жашап калган эле. Минтип алдынан мурунку аялы чыгып каларын эч ойлогон эмес.
ххх
Арзуу менен Мурат сөз таба албай көпкө отурушту. Ортолорунда өтө көп нерселер бар эле. Кайсынысынан баштаарын билишпейт.
– Нуриля Орусияда. Мен аны издеп...- деп кеп баштады Арзуу бир нерсе демекке.
– Билем.
– Мен...
– Эмне сен?
– Кечир мени.
– Кечир де. Акыры күнөөңдү моюнуңа алган экенсиң да. Болбосо өмүр бою сен үчүн Мурат алкаш эле. Сенин сулуулугуңду, жаштыгыңды кор кылган бир ит эле. Сен эми мени адам катары көрүп, кечирим сурап калганыңа караганда...
– Мурат, мен сага канча жалындым, кыздарыбыз үчүн дедим. Эч токтобой койдуң. Кыздарыбызды өзүм жалгыз...
– Токтот! Мен Жамилянын гана атасымын! Сен аны жакшы билесиң.
– Жок!
– Арзуу, жок дегенде азыр моюнуңа ал. Нуриляны сен менин досум Кадырдан төрөдүң! Мен билип туруп өз атымды бердим, билип туруп кызым деп кабыл алдым. Мен ошол күнү командировкадан эрте келип калып, менин төшөгүмдө досум жатканын көрдүм. Андан да жаманы, сен ага андан боюңда бар экенин айтып ыйлап, "кантип Мураттын бетин карайм?" деп жатканыңды уктум. Ошол күнү сен мени өз колуң менен өлтүрдүң, Арзуу. Анткени мен сени эч кимди сүйбөгөндөй сүйчүмүн. Өрттөнүп кеттим. Ажырашып кете албадым, дагы да сени аядым. Нуриляны менин кызым эмес экенин билип, анын жүзүнө караган сайын Кадырды көрдүм. Ичимден өрттөнүп жүрүп акыры аракка ооп кеттим. Сен билген жоксуң. Себебин түшүнө албадың. Канчалык кааласам да мен сенден кол үзүп кете албай жүрө бердим. Өзүмдү өлтүрдүм. Акыры маңкуртка айланып калдым. Жамиляны менден кабарсыз Түркияга жөнөтүп жибергениңде мен сенден бир жолуга түңүлдүм.
– Мурат, мага жеңил болду дейсиңби? Шайтанга азгырылдым мен бир жолу. Биз үйлөнгөндөн кийин сен өзүң ээрчитип келдиң Кадырды. Биздин үйгө жашатып койдуң. Мен жаш элем, сулуу элем, дүйнө меники деп жүргөн абалымда эмне кылып, эмне коюп жатканымды деле билбедим. Ооба, акмакчылык кылдым, моюнума алам. Бирок сен дагы мени катуураак кармап, токтотуп коё албадың. Мына, күнөө сенде да бар.
– Сени токтото алган адам болбоду, Арзуу. Кадырга деле токтомок эмессиң. Сен эч нерсеге токтобогон, өзүмчүл, ач көз, дүнүйөгө көзү катып калган бир аялсың. Сен эч качан жашооңо шүгүр кылбадың. Сулуулук жүзгө эле эмес, жүрөккө да берилсе кана? Бул нерсени мен эми 50 жашка таяп калганда араң түшүндүм. Эми бактылуудурсуң. Каалаганың, акчаң да, эркиндигиң да бар.
– ...
– Жок, бактылуу эмессиң. Жүзүң айтып турат. Кой, мен кетейин.
– Мурат, мен жалгызмын. Мага оор. Суранам, кетпе. Дагы сүйлөшөлү.
– А мен жалгыз эмесмин, Арзуу. Кудайга шүгүр, эми мен жалгыз эмесмин,- деди Мурат акырын гана.
Ал ордунан туруп кетти. Арзуу аркасынан тиктеп турду, ичи сыйрыла үшкүрдү. Көчөнү жаңырта айкырып-кыйкырып ыйлап алгысы келди. Жашоо кызык тура, ал өмүрү өз ордун таба албаган экен көрсө. Анын орду азыр эле туруп кеткен эркектин жүрөгүндө болчу. Аттиң, бирок аны байкамак кайдан. Дагы андан кыйыны мени сүйсө, дагы бирөө менин сулуулугумдун курмандыгы болсо деди.
(Уландысы кийинки санда)